Жакындарынан ажал тапкан кыз-келиндер: күн сайын 137 аял

An average of 137 women across the world are killed by a partner or family member every day

БУУнун соңку баяндамасына ылайык, күн сайын 137 аял күйөөсү же жакындарынын колунан ажал табат. Бул орточо эсеп менен алынган дүйнөлүк статистика.

Баяндамада дүйнө жүзүндө аялдардын көбү өз үйүндө зомбулукка кабылып, киши колдуу болгону айтылат. Иликтөө 2017-жылы каза тапкан аялдардын жарымы киши колдуу болгон дегенди көрсөтүүдө.

Негизи киши колдуу ажал тапкандар эркектер арасында көп катталат. Бирок аялдардын 80 пайызы жакындарынын колунан өлгөн.

Би-Би-Си 2018-жылдагы бир датаны тандап алып, дүйнөдөгү ушундай кейиштүү окуяларды иликтеди.

1-октябрда 21 мамлекетте 47 аял өлтүрүлгөнү тууралуу кабарлар чыккан.

Short presentational grey line

21 мамлекет, 47 аял, бир күн

Жудит Чесаңвас, 22 жашта

Judith Chesang

Сүрөттүн булагы, Family handout

Кениялык Жудит Чесаңвас күйөөсү Лабан Камурен менен ажырашкан. Жудит үч баласы менен өлкөнүн түндүгүндөгү ата-энеси жашаган кыштакка көчүп кетет.

1-октябрда Жудит сиңдиси менен талаада иштеп жатканда күйөөсү Лабан артынан издеп келип, Жудитке кол салган.

Жергиликтүү полиция Лабан Камуренди кыштактын тургундары сабап өлтүргөн деп айтты.

Африкада мындай окуялар көп катталат. Бирок 2017-жылы Азия чөлкөмү Африка континентинен оозуп кетти. Азияда бир жылдын ичинде 20 миң аял жакындарынын колунан мерт болгон.

Short presentational grey line

Сандра Лучия Хаммер Моура, 39 жашта

Sandra Lucia Hammer Moura

Сүрөттүн булагы, Reproduction / Facebook

Бразилиялык Сандра Лучия Хаммер Моура 16 жашында Агусто Агуар Рибейрого күйөөгө чыккан. Экөө ажырашканына беш ай болгондон кийин, Агусто мурдагы аялын муунтуп андан соң бычактап өлтүргөн.

Бразилиянын полициясы ырастагандай, Сандранын күйөөсү кылмышты мойнуна алган. Ал билдирүүсүн өзү чөнтөк телефонуна тартып, андан кийин асынып алган экен.

Видеодо Агусто мурдагы аялы башка кишиге жолукканын угуп, кызганычтан улам ушуга барганын айтып берет.

Би-Би-Си Латын Америкада 1-октябрда 14 аял өлтүрүлгөнүн таап чыкты.

Алардын экөө Сальвадор өлкөсүндө катталган. Бул өлкөнүн расмий бийлиги 2018-жылы 300 аял киши колдуу болгонун Би-Би-Сиге тастыктады.

Short presentational grey line

Мари-Амели Вайлат, 36 жашта

Marie-Amélie Vaillat

Сүрөттүн булагы, PHOTOPQR/LE PROGRES/Photo Jean-Pierre BALFIN

Франциялык Мари-Амели Вайлатты күйөөсү Себастиен Вайлат бычактап салган. Экөөнүн үйлөнгөнүнө төрт жыл болгон экен. Тилекке каршы, алар ажырашуу алдында турган.

Полиция Себастиен Вайлат күнөөнү өз мойнуна дароо алганын билдирди. Кийин ал түрмөдө өз жанын кыйган.

Аялдарга карата зомбулук көп чагылдырылбайт

Бул окуялардын баары бир күндө болуп, маалымат каражаттарына жарыяланды. Бирок аялдарга карата зомбулук тууралуу жаңылыктар сейрек учурда гана чыгат.

Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасында, коопсуздук кызматкерлери аялдарга карата зомбулук тууралуу көп учурда билбей калаарын жана мындай окуялар жашыруун кармаларын айтты. Демек, мындай кылмыштар айтылган статистикадан бир нече эсе көп болушу мүмкүн. (AT)