Байкоңурда аварияга кабылган "Союз" космос кемесинин экипажы тирүү

Казакстандагы Байкоңур космодромунан учурулган "Союз" космос кемеси кырсыкка кабылып, авариялык конууга аргасыз болгон. Алар Эл аралык космос станциясына жаңы экипажды жеткирүүгө жөнөгөн.

Космос кемеси 11-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча 11:40та коео берилген. Авария космостук кеме учуп чыккандан 119 секунддан кийин авария орун алганы айтылды. Орусиялык "Интерфакс" агенттиги өз булагына таянып, кыймылдаткычтардын бири иштебей калганын жазды.

"Союз" кемесинде орусиялык космонавт Алексей Овчинин жана НАСАнын астронавты Ник Хейг болгон.

"Экипаж менен байланыш бар. Алар эч кандай жаракат алган эмес. Медициналык жардамга муктаж эмес",-деп айтып берген Интерфакс агенттигине маалымат берген булак.

Куткаруучу капсула түшкөн жерге тик учактар дагы жетип барган.

"Экипаж жерге конду. Баары тирүү",-деп жазды "Твиттер" баракчасына "Роскосмос" жетекчиси Дмитрий Рогозин. Рогозин авариянын себептерин аныктап чыгуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүүгө буйрук берди. (AbA)