Германия: баласын интернет аркылуу педофилдерге саткан жубайлар абакка кесилди

Couple in court, 7 Aug 18

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул үрөй учурган окуя Германия коомун нес кылды

Германиянын соту баласын интернет аркылуу педофилдерге саткан жаш энени 12 жарым жылга абакка кести.

Ошондой эле баланын өгөй атасы дагы 12 жылга кесилди. Июнь айында соттук угуулар башталганда, бала тогуз гана жашта болчу.

Тергөөнүн жүрүшүндө 48 жана 39 жаштагы жубайлар жаш баланы өздөрү эки жыл бою зордуктап жүргөнү аныкталган.

Соттолгон жубайлар жаш баланы darknet же "жашыруун интернет" аркылуу сатышкан. Дүйшөмбү күнү сот он жаштагы баланы зордуктады деген доомат менен испаниялык адамды дагы абакка кести. Бул ишке байланышы бар деп шектелген беш кылмышкер камалды.

Trial participants, 7 Aug 18

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Абакка кесилген жубайлар он жаштагы баласына жана сексуалдык зордук көрсөтүлгөн башка үч жаштагы кызга $49,200 доллар төлөп берүүгө мажбур болушту.

10 жаштагы баланын үрөй учурган окуясына тажрыйбалуу тергөөчүлөр дагы нес болгон. Прокурорлор бала алтымыштан ашуун жолу сексуалдык зордукка кабылганын, алардын көбү видеого тартылганын билдиришүүдө.

Бул үрөй учурган окуя Германия коомун нес кылды. Себеби коопсуздук кызматкерлер баланын өгөй атасы мурда педофил катары соттолгонун билген. Ага карабастан жаш баланы куткарып кала алган эмес.

Шейшемби күнү сот баланын энесине кайрылып, аны тарыхтагы эң жийиркеничтүү сексуалдык кылмыш жасаганын айтты. (AT)