Таиландда тогуз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 12 өспүрүм табылды

Таиландда тогуз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 12 өспүрүм жана алардын 25 жаштагы футбол машыктыруучусу табылды. Бүтүндөй дүйнө аларды куткаруу чарасына байкоо салууда.

Адашып кеткен өспүрүмдөрдү британдык куткаруучулар Жон Волантен менен Ричард Стантон тапты. Алар Таиланд бийлигине жардамга келген эле.

Британдыктар беш чакырымга чейин созулган Тхам Луанг Нанг Нон үңкүрүн жакшы билишет экен. Негизи бул үңкүргө келгендерге 800 метр гана кирүүгө уруксат беришет.

Алгач жарыяланган тасмада эки британдык куткаруучу табылган өспүрүмдөр менен сүйлөшүп жатканы тартылган.

12 өспүрүм, алардын 25 жаштагы футбол машыктыруучусу бир апта мурун дайынсыз кеткен. (AbA)