Бразилиялыктар Неймарды эмнеге сөгүшөт?
Германия 2-0 эсебинде Түштүк Кореяга утулгандан кийин, 1938-жылдан бери биринчи жолу тайпалык оюндардан өтпөй калды.

Сүрөттүн булагы, Getty
Жекшембидеги Германия менен Швеция беттешинен кийин күйөрмандар немис футболчусу Тони Крооско жогорку баасын берген. Кроос 95-минутада айып тобун дарбазага таамай тепкенин эле эмес, бразилиялык Неймардан айырмаланып, ыйлабаганы үчүн дагы макташты.
Ушундан бир күндөн кийин, ырас эле Неймар өксүп ыйласа боло! Анын командасы кошумча берилген убакытта гана Коста-Риканы утуп алган.
Неймарды көп келекелешет
Неймарды көп келекелеп, ар кандай күлкүлүү сүрөт, видеолорду тараткандар - бразилиялык күйөрмандар. Аны тилдеп, сөккөндөр анткор жыгылганын, наалып, ыйлактаганын жактырышпайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал тургай Сербия менен ойногондо Рио-де-Жанейродогу барлардын бири Неймар "анткор жагылып, ыйлактаган" сайын бекер сыра таратарын жарыялаган.
Өткөн жылы Неймар дүйнөдөгү эң кымбат оюнчулардын бирине айланган. Анын франциялык ПСЖ клубу "Барселонадан " 200 млн. доллар ашуун акчага сатып алды.
26 жаштагы футболчунун капчыгы калың экенине ичи тарыгандар дагы болду. Бирок Неймардан башка футболчу-миллионерлер көп эмеспи.
Футбол талаасындагы эмоция
Өзүнүн дарегине айтылган коомдук сайттардагы пикирлерге Неймар уялып, кысынбай эле түз жооп берет. "Футбол талаасындагы көз жаш төккөнү" тууралуу сын-пикирлерге "Инстаграмм" баракчасы аркылуу жооп берип: "тоту куш дагы сүйлөгөндү билет",-деди.

Сүрөттүн булагы, David M. Benett
Коста-Рика менен беттеште Неймар анткор жыгылганы үчүн сары айып кагазын алган. Анткени оюндун калысы кайталоону көргөндөн кийин, чечимин өзгөрттү. Неймар кызыл кагаз алып, оюндан чыгып калышы дагы мүмкүн эле.
Ушунун баарын сөгүп, тилдеп жатып, бразилиялыктар маанилүү учурду унутта калтырышты окшойт. Соңку беттеште Неймар курама командадагы 56-голун киргизген. Муну менен Бразилия футбол тарыхындагы эң мыкты үч чабуулчунун бири болуп калды.
Кайчы пикирлер
Бразилиялык мурунку футболчу (азыр белгилүү футбол эксперти) Тостаонун болжолунда, Неймардын териси жука темпераменти өзүнө муш болушу мүмкүн. Анткени ал эки оюнда бирден сары айып кагазын алса, кийинки баскычтагы оюндарга катышпай калуу коркунучу бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошентип Неймардын ар бир кадамы талкууга түшүүдө. Анын Коста-Рика менен беттештен кийинки ыйлаганына психологдор, эксперттер ар кимиси өз божомолун айтканга үлгүрдү.
Ал тургай коррупция боюнча айыпталып, абакта жаткан өлкөнүн мурунку президенти Луиш Инасиу Лула да Сильва дагы спорттук каналга кат жөнөтүп кырдаалга баасын берген.
"Неймардын көзүнө жаш алган окуя, анын психологиялык абалынан кабар берет",-деп жазган ал. (AbA)

Сүрөттүн булагы, Getty Images








