You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дубай авто унаанын мамлекеттик номурун санарипке өткөрөт
Жаңы долбоорго ылайык, Дубайдын айдоочулары авто унаадагы мамлекеттик номурдун ордуна "санариптик планшет" орното баштайт.
Май айында өтө турган сыноодо, унааларга GPS жана башка "акылдуу" программалары бар планшеттер орнотулмакчы.
Маселен, унаа кырсыкка кабылса тез жардам кызматына автоматтык түрдө маалымат жөнөтүлөт. Дубай бир нече жаңы транспорт системаларын ишке ашырууну көздөп, технологиянын дүйнөлүк борборуна айланууга умтулууда.
Жаңы технологиянын кандай артыкчылыктары бар?
Дубайдын транспорт боюнча мекемесинин башчысы Султан Абдулла ал-Марзукинин айтымында, бул планшеттер биринчи кезекте айдоочулардын күнүмдүк турмушун жеңилдетет.
Айдоочу кырсыкка кабылган учурда полиция менен тез жардам кызматы менен байланышуудан тышкары, жаңы технология жолдогу тыгын тууралуу маалымат менен бөлүшөт, унаа уурдалган болсо кабар берет.
Ошондой эле эреже бузулган учурда айдоочунун эсебинен административдик айып пул автоматтык түрдө алынат. Унаа сатылса, документтерди технологиянын жардамы менен интернет баракча аркылуу жаңылап койсо дагы мүмкүн.
Сыноодон эмне өтүп жатат?
Султан Абдулла ал-Марзукинин айтымында, технологиядагы мүчүлүштүктөр текшерилүүдө. Дубай чөлдө жайгашкандыктан планшеттерге ар түрдүү табигий тоскоолдуктар жаралышы ыктымал.
Азырынча бул технология канча турары белгисиз. Султан Абдулла ал-Марзуки долбоордун баасы сыноо иштери бүткөндөн кийин, ноябрь айында билинет деп айтты.
Андан тышкары Дубайдын бийлиги бул технологиянын жардамы менен ар бир айдоочуну аңдый алат. Технологиянын дал ушул тарабы маселе жаратууда. Себеби айдоочулардын жеке маалыматы ачыкталып калышы ыктымал.
Дубай биринчилерден ишке ашырып жаткан башка долбоорлор
Транспорт жаатында Дубай бир нече адаттан тыш долбоордун үстүндө иш жүргүзүүдө. Айталы, Дубай 2030-жылга чейин унаалардын 25 пайызы айдоочусуз башкарылышын көздөп жатат.
Өткөн жылы Дубай жолдогу тыгындарды азайтуу үчүн дрон таксилерди дагы ишке киргизүү аракетин баштаган.
Ошондой эле шаар 2020-жылга чейин Hyperloop траснопорттук системасын ишке ашырууну пландоодо. Hyperloop магниттердин күчү менен саатына 1200 чакырым ылдамдык менен жүргөн транспорттук система. Hyperloop ишке кирсе Дубайдын тургундары 120 чакырымды 12 мүнөттө жүрүп өтмөкчү.