You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүйнөлүк автогиганттар: кимиси көп авто унаа сатты?
Дүйнөдөгү алдыңкы авто унаа чыгарган өндүрүшчүлөр өткөн жылдын тыянактарын чыгарууда. Бул жылы гиганттар рейтингин ким жетектейт? Өткөн жылы жапондук Toyota компаниясынан немистердин Volkswagen компаниясы оозуп кеткен эле. Быйыл кандай болот?
Же бир альянска бириккен Renault-Nissan-Mitsubishi алдыга чыктыбы? Америкалык гигант General Motors дүйнөлүк лидер катары мурдагы жоготкон ордун кайтарып келеби?
Бул суроолорго жоопту авто унаа өндүрүүчүлөрдүн жылдык отчетторунун тыянагынан билебиз. Тармакты мыкты билген көпчүлүк эксперттер артыкчылыкты Renault-Nissan-Mitsubishi альянсына берип жатышат. Француз-жапондук компания 2017-жылы аталышын Renault-Nissan-Mitsubishi кылып өзгөрттү.
Компания авто унаалардын ондогон бренддерин, анын ичинде Dacia, Datsun, Infiniti жана Renault Samsung Motors унааларын чыгарып келе жатат. Компаниянын маалыматына караганда, 2017-жылы 10,61 млн жеңил унааларды жана жүк ташыган унааларды сатышкан.
Volkswagen өткөн жылы 10,74 млн авто унаа саткан. "Кимиси көп унаасын сатканын түшүнүү үчүн, алды менен бизге кандай рейтинг керек экенин аныктап алышыбыз керек",- дейт BMI Research аналитиги Анна-Мария Байсден. Айталы рейтингдерде оор жүк тарткан унаалар киргизилген эмес. Бирок Volkswagen өз отчетунда сатылган унаалардын ичинде оор жүк тарткан автолор дагы бар экенин белгилеген.
Бирок бул жерде дагы талаш бар. Айталы АКШда айрым спорттук унааларды анчейин чоң эмес жүк тарткан унаа катары эсептешет. Сингапурда Малайзия жана Таиландда Toyota Hilux жүк тарткан унаа эсептелет.
Кандай болгондо да бул ирет Renault-Nissan-Mitsubishi альянсынын позициясы бекемделгени байкалды дейт эксперттер.
Эл аралык авто унаа өндүрүүчүлөр уюму (OICA) дагы статистика сунуштап келе жатат. Аталган уюм унаалардын бардык үлгүлөрүнүн сатылышы боюнча маалымат жыйнайт. Бирок азырынча уюм 2017-жылдагы жыйынтыктарды жарыялай элек. (AbA)