Ислам Каримов Британиядан саясий баш паанек сурады

Өзбекстандын мурунку президенти, маркум Ислам Каримовдун небереси Ислам Каримов Британия өкмөтүнө кайрылып, саясий баш паанек сурады. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Ислам Каримовдун Лондондогу адвокаттарына жакын кишилер маалымдады.
Би-Би-Си өткөн жылдын 20-декабрында Каримовго байланышкан учурда, ал баш паанек тууралуу буларды билдирген эле:
"Ооба, юридикалык процедуралар жана документтер даяр болоору менен быйыл баш паанек сураймын. Апама байланыштуу иштерде чоң өзгөрүүлөр болду. Бул нерселер сыр бойдон калып, бирок мага кабарлар келип жатат. Акылы жайында болгон адам муну элестете албайт".
Би-Би-Си кабарчылары бул окуялар тууралуу кеңири айтып берүүнү суранганда, Ислам Каримовдон жооп болгон жок. Ишенимдүү булактардын айтымында, Каримовдун адвокаты АКШдан баш паанек суроону сунуштаган, бирок ал Британияны тандаган.
Маркум президент Ислам Каримовдун тун небереси апасы Гүлнара Каримовага карата Өзбекстанда куугунтук башталгандан бери Улуу Британияда жашап келатат.

Сүрөттүн булагы, Yves Forestier/Getty Images
Ал 2016-жылдын ноябрында Лондондо Би-Би-Сиге берген интервьюсунда саясий баш паанек суроо ниети жок экенин айткан болчу:
"Мен саясий баш паанек суроону каалабайм. Кантсе да менин мекеним Өзбекстан. Мен өз жеримен, мекенимен качып жаткан жерим жок. Мен болгону чет өлкөдө жүрүп өз үй-бүлөмдүн коопсуздугун камсыз кылып жатам. Көп жолу өлкөмө кайтып барууну кааладым, ордума карындашымды бул жерге жиберүүнү ойлодум. Бирок апамдын пикири боюнча, карындашым бул жерде мен жасап жаткан иштерди жасай албайт. Карындашым – апамдын коопсуздугу үчүн жалгыз кепилдик".
Өткөн жылдын июль айында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы "Гүлнара Каримова 2015-жылы салык төлөөдөн баш тартуу айыбы менен беш жылга эркиндигинен ажыратылганын" билдирген. (ErA)










