Эрдоган: Сириядагы операция Орусия менен макулдашылган
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган түрк армиясынын Сириядагы операциясы Москва менен макулдашылганын айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мунун алдында түрк басылмалары күрт козголоңчуларына каршы үч күндүк операциянын жүрүшүндө куралдуу күчтөр Сириянын түндүк-батышындагы бир нече калктуу конуштарды ээлегенин кабарлаган.
Бул кабарларга ылайык, дүйшөмбүдө түрк армиясы сириялык союздаш көтөрүлүшчүлөр менен биргеликте Африн аймагындагы бир нече калктуу конушту көзөмөлүнө алганы айтылат.
Дүйшөмбүдөгү түз эфир аркылуу жасаган билдирүүсүндө Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аскер операциясын токтотпой турганын айтты.
"Биз муну орусиялык досторубуз менен талкуулаганбыз. Биздин макулдашуубуз бар",-деп кошумчалады Эрдоган.
Түрк президентинин айтымында, Түркия операция тууралуу Вашингтон менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бирок Анкара "бир катар суроолор боюнча АКШны көндүрө алган эмес". Ал кандай суроолор экенин түрк президенти так атаган жок. Эрдоган бул операция "коюлган максатка жеткенде гана" жыйынтыктала турганын айтты.
Түркия Күрт элдик коргонуу кошуундарын Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган, Күртистан Жумушчу партиясынын бир бутагы катары эсептейт. Аталган партия 1984-жылдан бери автономия үчүн күрөшүп келүүдө.
Бирок Күрт элдик коргонуу кошууну бул партия менен түздөн-түз байланышта деген дооматтарды четке кагат. Күрттөрдүн куралчан топтору АКШ башында турган альянстын катарында Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн. Анкара өз учурунда күрт элдик коргонуу кошуундарына колдоо көрсөткөнү үчүн АКШны сынга алган эле.
Сириянын Африн аймагындагы Түркиянын операциясы НАТОдогу союздаштары менен пикир келишпестиктерге себеп болушу мүмкүн.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Операция учурунда эмне болду?
Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик маалымат агенттиги тараткан кабарларда, дүйшөмбү күнү Африн аймагындагы төрт калктуу конушту түрк армиясы ээлеген.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн борбор эки калктуу конушта күрт элдик кошуундары түрк аскерлерин сүрүп чыгарганын айтууда. Күрт элдик кошуундары дагы түрк аскерлерине катуу жооп кайтарганын билдирген.
Түркиянын аскердик аракетин Сириянын бийлиги жана анын союздаштары Иран менен Египет сынга алды.
Түркиянын жөө аскерлери "Сириянын эркин армиясы" аталган козголоңчулардын колдоосу менен жекшембиде атайын операциясын баштаган. Алар операция күрт коргонуу кошуундарын сүрүп чыгарууга багытталганын айткан.

Сүрөттүн булагы, AFP
Эрдоган күрт элдик коргонуу кошуундарын "чукул арада" талкалоо убадасын берген. Бирок АКШ Түркияны карманууга чакырып жатат.
Курмандыктар барбы?
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн борбор Африн аймагында 18 жайкын тургун мерт кеткенин кабарлады. Алар негизинен жекшембидеги аба соккуларынан каза тапканы айтылат.
Күрт элдик коргонуу кошуундарынын маалыматында, жекшембиде эрте менен болгон кармашта кеминде төрт түркиялык жоокер жана он сириялык согушкер каза тапкан. Бирок Түркия тарап бул маалыматты тастыктаган жок.
Күрт кошуундары тарабынан атылган ракета Килис жана Рейханлы шаарларына түшкөнү айтылган. Түркия армиясы Африн аймагын бейшембиден бери аткылап жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Эл аралык реакция
Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Франция тараптарды карманууга чакырып жатат.
Сириянын президенти Башар Асад Түркиянын аракетин "катаал түрк агрессиясы" катары атап, Сириядагы "террорчуларга жардам көрсөтүү" планы бар деп Анкараны айыптады.
Сириянын союздашы Иран болсо Сириядагы "кризисти тереңдетүүдөн качуу" үчүн түркиялык операцияны тез арада токтотууга чакырды. (AbA)








