Британияда "жалгыздык боюнча министр" дайындалды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британдык бийлик жалгыздык көйгөйү өкмөттүн көңүл буруусуна муктаж маселеге айланганын моюнуна алды. Эми муну менен алектенүү үчүн жоопкерчиликти Спорт жана жарандык коомдун маселелери боюнча министр орун басары Трейси Краучка жүктөдү.
Мындай жол менен өкмөт Лейбористтер партиясынын депутаты, ашынган улутчулдар тарабынан өлтүрүлгөн маркум Жо Кокс баштап кеткен ишти колдоду. Жо Кокс 2016-жылы киши колдуу каза тапкан.
42 жаштагы Крауч бул жоопкерчиликти моюнуна алып жатканы үчүн кубанычта экенин айтып, Улуу Британиядагы жалгыздык көйгөйүнүн келип чыгуу себептери менен күрөшүү убадасын берди.
Өлүмгө тете жалгыздык

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британ премьери Тереза Мэйдин айтымында, Жо Кокс жалгыздыктын кесепеттери эмнеге алып келерин жакшы аңдап түшүнгөн.
Кокс жалгыздык көйгөйүн маселеси боюнча комиссия түзгөн эле. Эми Трейси Крауч бийликтин атынан бул органдын ишин күчтөндүрөт. Бул көйгөй менен күрөшүүдөгү өкмөттүк стратегияны иштеп чыгуу үчүн бизнести жана кайрымдуулук уюмдарынын башын бириктирет.
2017-жылы атайын иликтөө жарыяланган. Анда жалгыздыктан жабыркоонун ден соолукка тийгизген зыяны күнүнө 15 даана тамеки тартканга барабар деп көрсөтүлөт.
Болжолу бүтүндөй Англия боюнча курагы 75 жаштан өйдө эки миллионго чукул киши жалгыз жашайт.
"Бул көйгөй Жону абдан тынчсыздандырган. Биз анын элесине арнап, жалгыздык менен күрөшүп жаткан миллиондогон кишилердин мындан кутулуусуна жардам беребиз",-деди Крауч.
Жалгыздык жанга батканда эмне кыласыз?

Сүрөттүн булагы, JOAN GUTTERIDGE
Би-би-синин окурмандары жалгыз жана көңүл чөгүп турганда эмне кылыш керек деген тема боюнча өз ойлору менен бөлүштү.
Жоан Гуттеридж: "Мен 79 жаштамын. Күүгүм кирип келе жатканда көңүлүм чөгөт. Мышык багып алууну каалап жатканымды кызыма айттым. Ошентип Барни ысымдуу мышык багып алдым. Эми мен ансыз өзүмдүн жашоомду элесетете албайм".
Камар Куреши: "Мен жалгыз бой атамын. Балдарымды тарбиялайм деп бизнесимди саткандан кийин жалгыздык мага жабышты. Азыр балдар мектепте кезинде мага спортзал жана менин ыктыярчы катары иштегеним жардам берет".












