Орусия 2018-жылы өтчү кышкы Олимп оюндарынан четтетилди

Сүрөттүн булагы, AFP
Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын спортчуларын 2018-жылы Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимпиада оюндарына катышуусуна тыюу салды.
Бул Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу болууда. Демек, Пхенчхан шаарында Орусиянын желеги илинбейт жана Орусиянын спорт боюнча бир да расмийине аккредитация берилбейт. Пхенчхан шаарындагы оюндарга мурда допинг колдонгону далилденген орус спортчуларынын машыктыруучулары жана дарыгерлери дагы бара албайт.
Бирок козуткуч колдонбогонун далилдей алган орус спортчулары нейтралдуу желек менен катышууга укугу бар.
Эл аралык Олимпиада комитетинин пресс-релизинде Орусиянын спорт боюнча мурдагы министри Виталий Мутко жана министрдин мурдагы орун басары Юрий Нагорных келечекте баардык Олимп оюндарына катышууга тыюу салынат деп жазылган.
Ал эми 2014-жылы Сочидеги оюндардын уюштуруу комитетинин башчысы Дмитрий Чернышенко (учурда "Газпром-Медиа" холдингдин жетекчиси) 2022-жылы Бээжинде өтчү Олимп оюндарынын координациялык комиссиясынан четтетилди.
Ошондой эле Орусия козуткучка каршы изилдөөгө сарпталган 15 миллион доллар чыгымды Эл аралык Олимпиада комитетине кайтарып берүүсү зарыл.

Сүрөттүн булагы, VALERYY SHARIFULIN/TASS
Буга чейин Допингге каршы агенттик иликтөө жүргүзүп, Орусияда бардык спорт түрлөрүндө козуткуч колдонуу "мамлекеттик деңгээлде колдоого алынган" деген тыянак чыгарган.
"Биз ушундай чоң масштабдагы манипуляция жана алдоону көрө элек болчубуз. Бул Олимпиада кыймылына кедергисин тийгизди", -деди комитеттин башчысы Шмид.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимин Орусия кескин сындады. Айрым саясатчылар Пхенчхандагы оюндарга бойкот жарыялоо керектигин белгилесе, башкалары допинг колдонбогон спортчулары катышууга укук алганын жылуу кабыл алышты.
Ал эми Олимпиада комитетинин жыйынына катышкан Орусиянын Олимпиада комитетинин жетекчиси Александр Жуков кечирим сурады.
"Мен Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти катары мамлекетибизде козуткуч боюнча эрежелер бузулганына кечирим сурайм".
Өз кайрылуусунда Александр Жуков Олимпиада комитетинен жаңы муундагы орус спорчуларына терс таасир этип албоого чакырды.
9-февралда Түштүк Кореяда өтчү Олимпиада оюндарына кышкы спорттун негизги күчтөрүнүн бири болуп саналган Орусия катышпайт. (AT)











