Түркия менен АКШ ортосундагы виза берүү токтотулду

Түркия менен Америка кошмо штаттары ортосунда дипломатиялык чатактын арты дээрлик виза берүүнү токтотконго чейин жетти.

Сүрөттүн булагы, AFP/getty images

Түркия менен Америка кошмо штаттары ортосунда дипломатиялык чатактын арты дээрлик виза берүүнү токтотконго чейин жетти.

Түркиянын Вашингтондогу элчилиги АКШдагы дипломаттарынын коопсуздугунун сакталышынан кооптонуп ушундай кадамга барганын билдирди. Ушуга окшош эле билдирүүнү мунун алдында АКШнын Анкарадагы элчилиги жасаган болчу.

Өткөн аптада Стамбулда АКШ элчилигинин кызматкери кармалган окуядан кийин чыр-чатак күчөп кетти. Түрк бийлиги аны өткөн жылдагы төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптаган, АКШда жашаган белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта болгон деп кармаган.

Анкара көптөн бери эле АКШда жашаган белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын июль айындагы аскер төңкөрүшүнө айыптуу деп, Вашингтондон өткөрүп алууга көөшөрүп келет.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Вашингтон бул кадамды негизсиз жана эки өлкөнүн мамилесине зыянын тийгизет деп айыптады. Консулдуктун камакка алынган кызматкери түрк жараны экенин мамлекеттик Анадолу агенттиги кабарлады.

Эки өлкө тең токтоттук деген визанын түрү туристтерге жана бизнес менен сапарга чыккандар, убактылуу окуу үчүн, дарылануу үчүн АКШга баргандарга берилип келген.

Анкара көптөн бери эле АКШда жашаган белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын июль айындагы аскер төңкөрүшүнө айыптуу деп, Вашингтондон өткөрүп алууга көөшөрүп келет.

Гүлен бул айыптоолорду кескин четке каккан. (АbA)