Антарктидадан килейген муз бөлүнүп чыкты

Азыр Антарктидада кыш ортосу. Килейген муздун бөлүнүп чыгышына алып келген бул жараңка жайында тартып алынган.

Сүрөттүн булагы, BAS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азыр Антарктидада кыш ортосу. Килейген муздун бөлүнүп чыгышына алып келген бул жараңка жайында тартып алынган.
    • Author, Джонатан Эймос
    • Role, Би-Би-Синин илимий кабарчысы

Антарктидадагы муздан эбегейсиз чоң муз бөлүнүп чыкты. Анын аянты болжол менен 6000 чарчы километр. Бул Москванын 2012-жылга чейинки эски аянтынан алты эсе же Чоң Лондондон төрт эсе чоң.

Айсберг

Бөлүнүп чыккан муз шаршембиде Ларсен С мөңгүсүнүн үстүнөн учуп бараткан америкалык спутник тарабынан тартып алынды.

Окумуштуулар муну көптөн бери күтүп жатышкан: алар он жылдан ашуун убакыттан бери Ларсен С. мөңгүсүндөгү жараңканын чоңоюп баратканын байкап турушкан.

2014-жылдан бери жараңка чоңоюп баштаган жана жана килейген жаңы муздун бөлүнүп чыгышы күтүлгөн иш болуп калган.

Антарктида

Калыңдыгы 200 метрдей болгон жалпак муз жакын арада алыска деле жылып кете албайт, бирок ага көз салыш керек. Анткени шамалдын агымы аны түндүккө айдап кетсе, ал кемелерге коркунуч жаратат.

Антарктида