You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Венесуэланын көчөлөрүндөгү каршылык акциялары
Венесуэлада апрелден тарта күн сайын өкмөткө каршы нааразылык жүрүштөрү токтобой келүүдө. Бийлик өлкө жарандык согуш коркунучуна кептелгенин билдирүүдө. Бирок оппозиция лидерлери мындай коркунучту четке кагып, жалган деп айтууда.
Оппозиция чогулгандар ар кандай саясый көз караштарына карабастан өлкөдөгү бийликти узурпация кылып алган бир ууч кишиге каршы чыгып жатат деп айтууда.
Өлкөдөгү тереңдеп бараткан саясый, экономикалык кризис инфляцияга, кылмыштуулуктун өсүшүнө жана күн сайын демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусуна алып келүүдө. Бийлик демонстранттарды "террорчулар" жана "согушкерлер" деп атады.
Каршылык акциясы өлкөдөгү оппозициялык телеканалдын жабылып калгандыгынын он жылдыгына карата күчөп кетти. Маалыматтарда айтылгандай жаштардын тобу өлкө баш калаасы Каракастагы унаа жолдорунун бирин оор жүк тарткан унаалар менен тосуп, баррикадаларды куруп алышты. Полиция көздөн жаш агызган газ колдонуп, демонстранттар "Молотов коктейлин" ыргытып жооп беришти.
Каршылык акциясы учурундагы зомбулуктардан кеминде 57 киши каза тапты. Арасында демонстранттар дагы полиция кызматкерлери дагы бар. Армия болсо өкмөт тарапта турат. Бирок өлкөдө эгерде аскерлерге чогулгандарды атууга буйрук берилсе, анда алар муну аткарабы деген суроо коюлуп жатат.
28-майда Венесуэла бйилиги өкмөткө каршы нааразылык жүрүштөрү учурунда колдонулушу мүмкүн делген газга каршы кийген шлемдерге, брондолгон чопкуттарды жана башка буюмдарды алып кирүүгө тыюу салганы белгилүү болду. Бажы кызматы эгерде бул товарларды алып кирүү аракети болсо, конфискация болорун эскертти.
Бирок өлкөдөгү акциялар учурунда көпчүлүк чатырларды гана алып чыкпаса, андай буюмдар деле жокко эссе. Жума күнү массалык демонстрациялар Караксатагы өлкөнүн Коргоо министрлигинин имаратынын жанында өттү. Оппозиция армияны өз тарабына алып өтүүгө жана мөөнөтсүз шайлоодон баш тарткан президент Мадурого каршы болууга көндүрүүгө аракет жасап жатат. (AbA)
.