Трамптын инаугурациянын алдындагы убадасы

Концертке келген Трамптын үй бүлөсү.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Концертке келген Трамптын үй бүлөсү.

АКШнын жаңы шайланган Президенти Дональд Трамп инаугурацияны утурлай өткөрүлгөн концерт учурунда шайлоочуларына Американы бириктирүү убадасын берди.

"Биз өлкөнү бириктирүү максатындабыз…Биз бүткүл эл үчүн Американы улуу өлкө кылабыз»,-деди Трамп, эки саатка созулган концерт учурундагы кайрылуусунда. Ал америкалыктарга жаңы жумушчу орундарын, чек араны жана армияны бекмедөөнү, чоң өзгөрүүлөрдү убада кылды.

"Биз ондогон жылдардан бери кылынбай келген иштерди жүзөгө ашырууга белсенип турабыз»,-деди АКШ Президенти.

Расмий уюштурулган эрте мененки тамактанууга ал жубайы Меланияны ээрчитип келди. Келечектеги биринчи айым атайын уюштурулган концертке да келди.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Расмий уюштурулган эрте мененки тамактанууга ал жубайы Меланияны ээрчитип келди. Келечектеги биринчи айым атайын уюштурулган концертке да келди.

Концертке келген коноктор арасында актер Жон Войт жана ырчы Сэмюэль Дэвид Мур болушту.

Концертке чейин Трамп Вашингтондун чет жакасындагы АКШ катышкан согуштар учурунда курман болгон 200 миңден ашуун ардагердин сөөгү коюлган Арлингтон көрүстөнүнө барып, зыярат кылды.

Бешемби күнү Вашингтонго келген Дональд Трамп өзүнө караштуу Trump International мейманканасына жайгашкан. Бул жай Акүйдөн бир нече квартал алыс.

Расмий уюштурулган эрте мененки тамактанууга ал жубайы Меланияны ээрчитип келди. Келечектеги биринчи айым атайын уюштурулган концертке да келди. Ал концертке келген элдин алдында кыскача кайрылуу жасады:

«Бизди колдогонуңарга чоң рахмат. Биз эртең жумушту баштайыбыз. Алдыда чоң жоопкерчилик турат. Биз Американы кайрадан улуу өлкө кылабыз»,-деп Мелания Трамп күйөөсүнүн ураанын кайталады.