Дональд Трамп "Алибаба" борборунун жетекчиси менен жолукту

Джек Ма АКШнын калкына миллион жумуш орундарын таап берүүгө жардам көрсөтөрүн билдирди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Джек Ма АКШнын калкына миллион жумуш орундарын таап берүүгө жардам көрсөтөрүн билдирди

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп "Алибаба" онлайн соода борборунун жетекчиси Джек Ма менен жолугуп, кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө сүйлөштү.

Жолугушуудан кийин экөө тең АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамилени чыңдоо керек экенин айтышты.

Джек Ма АКШнын калкына миллион жумуш орундарын таап берүүгө жардам көрсөтөрүн билдирди.

Президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп Кытайдын импорттолгон товарларына тариф коёрун билдирген эле.

“Джек менен биргеликте көптөгөн жакшы иштерди жасайбыз”, - деди Трамп кабарчыларга.

Джек Ма АКШнын жаңы шайланган президентин акылдуу деп атап, Кытайга АКШдагы бир миллион чакан бизнестердин товарларын сатуу пландары бар экенин бөлүштү.

Компаниянын маалымат катчысы Боб Кристинин айтымында, америкалык ишкерлерге "Алибаба" компаниясы менен чогуу иш алып баруу тапшырмасы берилип, жыйынтыгында миллион иш орундары пайда болот.

Кытайдын эң бай адамдарынын бири Джек Ма фермерлер жана кийим тигүүчү чакан ишканалар "Алибаба" аркылуу өздөрүнүн өндүргөн товарларын Кытай элине сатканга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.