Трамп күйөө баласы Кушнерди кеңешчи кылып дайындады

Жаред Кушнер

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШнын жаңы шайланган Президенти Дональд Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге Акүйдөгү башкы кеңешчи кызматын сунуштады.

35 жаштагы Кушнер шайлоо өнөктүгү учурунда Трамптын командасында активдүү иштеген. Ага сунушталган кызматта тышкы жана ички саясаттагы маселелер боюнча жумуш алып барышы керек болот. Кушнер дагы Трамп сыяктуу эле мамлекет башкарууда жетиштүү тажрыйбасы жок.

Жаред Кушнер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кушнердин президенттик администрацияга келиши көптөр үчүн күтүүсүз болду жана каршылык маанайды да жаратты. Америкалык ММКлар бул кызыкчылыктар кагылышына алып келбейби, буга мыйзам жол береби деген суроолорго азырынча ачык жооп жок деп жазышууда.

"Жаред өткөөл учуруда көптөгөн салым кошуп, өнөктүктүн жүрүшүндө ишенимдүү кеңешчи болду. Ал менин администрациямдагы маанилүү кызматка келишине мен сыймыктанам»,-деди Трамп.

Трамп сыяктуу эле анын күйөө баласы да бизнес менен алектенип, Нью-Йоркто кыймылсыз мүлк боюнча иш алып барат. Ал өзүнүн бизнесин атасы Чарльз Кушнерден мурастап калган.

Ошондой эле Жаред Кушнер 25 жашында New York Observer басылмасын негиздеген. Дональд Трамп күйөө баласынын пикирин угаары да айтылып жатат. Ал өзүнүн басылмасы аркылуу шайлоо учурунда Трампты антисемитизм боюнча айыптоололрдон катуу коргогон.