You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Швецияда биринчи жолу Volvo унаасы эң өтүмдүү болбой калды
Жарым кылымдан бери Швецияда кардары көп делип, эң көп сатылган Volvo үлгүсүндөгү унаа өз ордун бошотуп берди. Бул жолу эң көп сатылган унаалардын сап башына Volkswagen Golf чыкты.
Сатып алуучулардын 5,9% Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унааны тандашкан болсо, Volvo унаасын жактырып сатып алгандар 5,7% болду. Мындай көрүнүш акыркы жолу 1962-жылы орун алган экен. Анда Volvo унаасы рейтингдин сап башындагы ордун Volkswagen Beetle үлгүсүндөгү унаага бошотуп берген.
Азыркы учурда Volvo компаниясына кытайлык Zhejiang Geely Holding Group ээлик кылса да, бул марка легендарлуу шведдик бренд эсептелет. Азыр Швециядагы ар бир бешинчи унаа Volvo үлгүсүндө. Мындай үлгүдөгү унаалар өлкө боюнча 21,5 пайызды түзөт. Ошол эле учурда өлкөдөгү Volkswagen үлгүсүндөгү унаалар 15,7 пайыз.
Швециянын унаа ассоциациясынын маалыматы боюнча унаа сатууда 2016-жылы рекорд жаралды. Бул жылы унаалардын сатылышы өткөн жылдарга салыштырганда 8 пайызга өскөн.