Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
Соңку жаңыланышы: 12 Декабрь, 2008 15:01 GMT
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
Би-Би-Си кабарчысы үчүн колдонмо
Жypнaпиcтикaнын БиБиСи мектеби

Тактык жана аныктык Би-Би-Си журналистикасынын өзөгүн түзөт. Ал акылга сыйган жана текшерилген фактыларга таянып, маектер учурунда жасалган дыкат шилтемелер менен бекемделиши керек.

Би-Би-Си журналистикасынын багыттоочу эрежеси-адилеттүүлүк. Биз баарына текши адилетпиз, бирөөлөрдүн каршы билдирүүсүнө кабылгандарга да, угуучуларга жана кабарчыларга да акыйкат мамиле жсайбыз. Би-Би-Синин каршы билдирүүсү багытталган кишилерге жана уюмдарга да адилет мамиле көрсөтүү биз үчүн өтө маанилүү.

Олуттуу жана бирөөнүн беделине шек келтирген билдирүүлөр жообу даярдалмайынча обого чыгарылбашы керек. Жоопту даярдоого мүмкүн болбой калган учурларда гана андай билдирүүлөр чыгарылат.

Би-Би-Синин журналистикасы ишеним жараткандыктан үчүнчү жак жасаган билдирүүнү угуучулар жана көрүүчүлөр Би-Би-Си өз атынан жасаган билдирүү деп кабылдашат.

Адатта, Би-Би-Си түз ободогу маектер учурунда олуттуу айыптоолор камтылган билдирүү жасаганга жол бербейт.

Маалыматтын булагына эч себепсиз эле автоматтык тұрдө анонимдүүлүк берүүгө болбойт. Маалыматтын булагын атоо ар дайым макстка ылайык. Аноним булактын эмне үчүн аноним экендиги, Би-Би-Си ага эмне үчүн ишенип жаткандыгы коомчулукка билдирилиши керек. Жашыруун булактарды коргоо журналистиканын өзөккү эрежеси.

Би-Би-Синин өзөгүн чебер жана даярдыгы мыкты журналисттер түзөт. Тез өзгөрүлмөлүү азыркы учурда такай машыгып туруу бардык денгээлде керек. Ишбилгиликти камсыздаган машыгуу- билимге негизделген өсүүнү камсыздаган ачкыч.

Дооматтарга болгон мамилени өзгөртүү зарыл. Бардык дооматтар ким тарабынан айтылгандыгына карабастан тегиз, бирдей тартипте каралышы керек. Башкы деректирдин дооматтарды канааттандыруунун жөнөкөй процессине түздөн түз киришпегени оң. Редакцияга келген дооматтар бөлүмүнүн башчысы Би-Би-Синин берүүлөрү үчүн жооптуу кишиден көз каранды эмес түрдө иштеши керек.

Кемчиликтер бар жерде Би-Би-Си кырдаалды тез арада аныктоочу жана кыйшаюсуз түрдө оңдоочу системаны иштеп чыгышы керек.

Редакциялык стандарттар

1.Тактык:
Аты жөндөрдү, даталарды, аталыштарды ж.б.у.с. текшериңиз.
Өлгөндөр, жаралангандар санынын эң аз көрсөткүчүн бериңиз.
2. Адилеттүүлүк
Окуяларга катышуучулардын көзү менен караңыз.
Алардын сөзүнө өңүтүн өзгөртпөй туруп так шилтеме бериңиз.
Комментарийлердин, көз караштардын жана талаштуу фактылардын булагын так атаңыз.
3. Теңсалмактуулук
Темага байланыштуу бардык көз караштарды чагылдырыңыз. Эгерде кайсы бир жактын пикири камтылбай калса аны эскерте кетиңиз.
4. Көпкырдуулук
Жаңылыкты мазмундуу кылыш үчүн окуянын тарыхын, өңүтүн жана эксперттердин баасын келтириңиз.

КИРИШҮҮ (CUE) ДЕГЕН ЭМНЕ?

-Окуяны баяндайт.
-Окуянын жүрүшү түшүнүктүү болушу үчүн анын тарыхына токтолот.
- Көбүрөөк уккусу келген угуучунун кызыгуусун жандандырат.
- Өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон элементтерди так атайт (маселен, шайлоочулардын, жоготулардын, жаралангандардын ж.б.у.с. саны)
- Репортаждын,маектин, очерктин көлөмүн чоюп, создуктуруп жиберүүчү маалыматтарды жалпылаштырат (кишилердин аттары жана наамдары, жер-суу аталыштары ж.б.у.с.)

-Кабарчыны, маек берүүчүнү тааныштырат.
-Программадагы материалдарды байланыштырат.
- Байланыштыруучу бөлүк катары мурда уктурулган маалыматты кайра толуктап, аны жаңылоо мүмкүнчүлүгүн ыроолойт.
- Программадагы репортаждарды бир бирине байлоо үчүн жетишээрлик узун келип, бирок алардын мазмуну толук айтылбашы керек (Окуяны канчалык терең билсеңиз, кириш сөздү ошончолук кыска жаза аласыз).
-Репортаждардын кириш сөзү өз алдынча турганда угуучуларга маалыматты толук бериши керек.

КИРИШ СӨЗДҮ ЖАЗУУНУН ЫКМАСЫ

1.Жаңылык эмнеде? (Ал эмне деген окуя? Ал эмне жөнүндө?)
-Ким эмне жасады/ айтты. Кимге, кайсы жерде жана качан.( Эгер окуя бүгүн болсо, анда “бүгүн” деген сөздү колдонбогонго умтулуңуз)
-Кандай?
-Кандай жагдайда, кандай жол менен?
-Эмне үчүн?
2. Эмнеси менен маанилүү? Мен эмне үчүн ал жөнүндө көбүрөөк угушум керек?
-Окуянын өңүтү, тарыхы

3.Окуя жөнүндө ким мага көбүрөөк маалымат бере алат?

МИСАЛ

CUE: Бириккен Улуттар Уюмунун балдар кору-ЮНИСЕФ Түндүк Кореядагы балдардын өлүмүнө чек коюу максатында бул мамлекеттин суу менен камсыздоо жана тазалык системасын кайра калыбына келтирүү ишине көмөк сурады.

Бээжинде өткөн басма сөз жыйынында ЮНИСЕФтин Түндүк Корея боюнча деректири Омавале Омавале кургакчылыктын жана суу ташкындарынын айынан үч жылга созулган азык-түлүк тартыштыгынан улам Түндүк Кореялык балдар ичөткөк сыяктуу ооруларга көбүрөөк чалдыгып жатканын айтты.

Ал ошондой эле Кытайга кирип келген айрым качкындар айтып жаткан массалык ачкачылык туурасында маалыматы жоктугун билдирди. Бээжинден Дункан Хюит кабарлайт.

Түндүк Кореядан Кытайга өтүп келишкен качкындар көчөлөрдө кишилердин өлүп жаткандыгын, ал турсун бир эки миллион кишинин кырылып калгандыгын айтып келишкен. Бирок, Түндүк Кореяга жардам үлөштүрүү программасынын кызматкерлери жалпы жагдайды опурталдуу эмес деп мүнөздөшүп, аны узакка созулган кризис деп аташууда.

ЮНИСЕФтин Түндүк Корея боюнча деректири, доктор Омавале Омавале Бээжиндеги ишсапарынын маалында айткандай, берилип жаткан жардамдын аркасында гана кишилердинмассалык түрдө ачкачылыктан кырылышына жол берилген жок. Анын айтуусунда ЮНИСЕФтин чет жердик кызматкерлери кээ бир аймактарды эске албаганда өлкөнүн бардык булуң бурчтарын кыдыра алышат, ал эми жергиликтүү кызматкерлердин жолу ачык.

Ал качкындар айтып келгенчелик деңгээлдеги трагедияны өкмөттүн жаап жашырып коеруна ишенбейт. Бирок ал тамактан өксүү олуттуу проблема экендигин айтып, кыйла сандагы балдар ичөткөк жана башка оору сыркоолордон чарчашкандыгын, ага саламаттык сактоо жана тазалык тармагынын кыйрагандыгы шыкак болгондугун белгиледи.
ОМАВАЛЕ ОМАВАЛЕнин үнү

Бир эседен саламаттык сактоо, суу менен камсыздоо жана тазалык тармагынын кыйрашы менен шартталган жагдайга биз көңүл бурушубуз зарыл. Албетте, балдар жөнүндө камкордук көрүлүшү керек. Алар өлүп атышат, эгерде биз суу менен камсыздоо жана тазалык тармагында түзүлгөн кырдаалга кийлигишпесек анда балдардын өлүшү улана берет.

ЮНИСЕФ Түндүк Кореяны эмдиги түшүмгө чейин багуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун курамындагы уюмдар тарабынан чогултулган төрт жүз миллион долларга кошумча алты миллион доллар жыйноого жардам сурады. Жылдын дагы бир жолу түшүмсүз аякташы оор залака келтирет, тамак-аштан жүдөгөн балдардын ден -соолугун чыңдоо өтө маанилүү деди Омавале мырза.

Дункан Хювит, ББСи, Бээжин.
END/BUSH/AH/NTU

Жаңылык эмне жөнүндө?

Жаңылык эмне жөнүндө?
Бириккен Улуттар Уюмунун балдар кору ЮНИСЕФ Түндүк Кореянын суу менен камсыздоо жана тазалык тармагы үчүн шашылыш жардам сурады. Анын максаты жашы жетпеген балдардын кырылышын токтотуу.
Бул жаңылыкка токтолуунун зарылдыгы эмнеде?
Бээжинде өткөн пресс-жыйында ЮНИСЕФтин Түндүк Кореядагы деректири Омавале Омавале суу ташкыны жана кургакчылыктын айынан үч жылга созулган азык түлүк тартыштыгынан улам бул өлкөдө балдар диорея өңдүү оору сыркоолорго

Бул туурасында көбүрөөк билүүнүн мен эмне зарылдыгы бар?

Кабылып жаткандыгын, бирок Кытайга кирип келген качкындар айтып жаткан массалык ачкачылык туурасында кабары жоктугун айтты.

Бул жаңылык жөнүндө ким көбүрөөк айтып бере алат?
Бээжинден Дункан Хюит кабарлайт.

ЖАҢЫЛЫКТАР

Бириккен Улуттар Уюмунун балдарга жардам кору ЮНИСЕФ Түндүк Кореянын суу менен камсыздоо жана тазалык тармагын чукул арада оңдоп чыгуу максаты үчүн шашылыш жардам сурады. ЮНИСЕФтин Түндүк Кореядагы деректири Омавале Омавале Бээжинге жасаган иш сапары учурунда бул маселеге атайы токтолуп, кургакчылык жана суу ташкындарынан улам жаралган үч жылдан берки ачкачылыктан кийин балдар диорея сыяктуу оору сыркоолорго өзгөчө кабылып жатканын айтты. Бирок, доктор Омавале Кытайга кирип келген качкындар айтып жаткан массалык түрдөгү ачкачылык туурасында маалыматы жоктугун айтты.

Булак: Дункан Хювит. 09:31

МАЕКТИ АЛЫП БАРУУНУН / УЮШТУРУУНУН ЫКМАСЫ

А. МАЕК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Жакшы алып барылган маек баарлашуу, аңгемелешүү сыңары угулганы менен алар эки башка көрүнүш. Баарлашуунун структурасы болбойт, ички логикалык өнүгүүсү дайым эле байкала бербейт, кандайдыр-бир анык максатты көздөй бербейт. Тетирисинче, сапаты жакшы маек ички системаны же планды көздөп, башталышы, орто бөлүгү жана аягы болот.

Б. Маектердин ар түрдүү типтери

Жалаң фактыларга негизделген маек: чындыгында бул окуянын күбөсүнүн айтып бергени-эмнени көргөнүн, эмне болгонун айтат, башкача айтканда эмне, ким, качан, кайсы жерде деген суролорго жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул суроолорду коюу оңой, керек учурда алар зарыл болгон материалды ачып берет.


Ошентсе да, алдын алуучу мұнөздөгү анализ жасоого мүмкүндүк берген суроолорду кошууга болот, маселен, Сиз эксперт менен сүйлөшүп жатсаңыз: Эмне себептен ... деген окуя болуп өттү? Ал кантип болду?

Маектин дагы бир тиби- nигил же бул окуянын катышуучусу менен жүргүзүлгөн маектер, айталы, министрлер же оппозициянын өкүлдөрү менен маектешүү.

В. Маектердин ар түрдүү стильдери

Курч жана чапчаң стильдеги, суракты эске салган маек. Курч жана өткүр мүнөздө өтөт.
Жайбаракат жана негизги темадан алыстагансып көрүнгөн, аңгемелешүүнүн ыкмасындагы маек.

Ар түрдүү себептерден улам маектердин эки стильи тең татаал, бирок биринчи стильде предметти билүү үчүн эреже катары өтө дыкат даярдануу жана эксперттик билим талап кылынат.

Өкүм мүнөздөгү маек дегенди ар түрдүү түшүнсө болот. Маселен, “Президент мырза, менин билишимче, өлкөнүн түндүгүндө нааразылыктар болуп жатканы жөнүндө малыматтар бар. Сиз ушул окуяга түшүндүрмө бере аласызбы?” деген суроо берген журналист кээ бир өлкөкөрдө дароо “кыйын журналист” деген бедел алып келиши мүмкүн. Анткени, андай коомдордо президентке андай суроо берүү сейрек.

Маектин максаты тигил же бул маалыматты табуу, жалпыга жарыялоо; Кайсы-бир ырастоонун же жүйөнүн чын-төгүнүнө жетишүү. Маек олуттуу же жайдары маанайда өтүшү мүмкүн. (Керек болсо, жаңылыктар учурунда жүргүзүлгөн маек деле шайдоот маанайда болот).

Маек алаар алдында өзүңдөн төмөнкү суроолорду суроо өтө маанилүү: Эмне үчүн маек жүргүзүүнү ылайык таптың? Ал кайсы программага коюулат? Маек маалыматтын эле булагы болуп саналабы же радиоочерктердин репортаждардын бир бөлүгү болуп саналабы? Кайсы аудитория үчүн даярдалууда? Маек берүүчү киши эмне себептен маек берүүдө же эмне себептен макул болду деген суроонун үстүнөн да ой жүгүртүп көрүү керек.

Орчундуу учурлар
Маек үчүн фокусту тандоо
Маек берүүчүнү тандоо
Өзүңдү даярдоо
Маектешти даярдоо
Суроолорду так жана ачык берүү
Маектешти дыкат угуу
Ишаараларды колдонуу
Көз каранды эмес бойдон калуу
Маектин узактыгын аныктоо
Кемчиликтерди четтетүү

1. Фокус
Маекти уюштуруу өнөрүнүн бир сыры анын структурасын түзүү менен байланыштуу, анткени угарман сөз болуп жаткан предмет менен толук жана ырааттуу таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Маек бейкапар кырдаалда өтүп, аңгемелешип жаткандай таасир калтырышы керек. Ал үчүн фокусту тандап алуу манилүү.

Ошол эле учурда фокус өтө чаржайыт болбой, өтө тар мааниде калбаганы да жөндүү. Демек, берилген убакыт ичинде канча маселени камтый алаарыңды бил.
- Маекти кайсы маселеге байлаарыңды, берилген убакыт ичинде эмне аткарылаарын алдын ала чеч.
- Маекти программа үчүн берилген убакыттан ашырып жибербегенге умтул. Ашыкча маалыматтар- маектешип жаткандар үчүн убакытты кур бекер коротуу, жазылып алынгандарды иштеп чыгуу үчүн убакытты азайтуу болуп саналат.
- Эгерде маектешкен киши берилген суроого ачык жана кыска жооп берүүдөн качса, анда суроону башкача формада кайра кой.

- Маектин структурасы угарманды предметтин маңызы менен тааныштырып, логикалык тыянакка жетелегендей түзүлүшү керек. Жасалмалуулуктан качуу менен бирге табийгы мүнөздү сактоо шарт. Угармандар жооп алууга кызыккан суроолорду ойлон, эмне үчүн маекти уюштурууну чечкениңди бил.

2. Маектешүүчү (Маек берүүчү)
Маектешүүчү бизге маалымат, сереп, окуялардын анализин айтат, көңүл ачат же жөн эле өзү туурасында айтып берет. Алар экиге категорияга бөлүнөт: жаңылыктарда аты аталгандар (саясатчылар жана башкалар) жана эксперттер (академиктер, окумуштуулар жана сынчыл көз караштагылар). Алар белгилүү бир даражаны ээлеп, зарыл маалыматты билген жана аны менен бөлүшүүгө даяр кишилер болушу абзел. Айткандары ачык, түшүнүктүү жана үнү талаптагыдай болмогу жөн.

-Маектешүүчүнүн ким экендигин жана эмне себептен маек берүүгө макул болгондугун көңүлгө түй. Ал маек берүүдөн эмнени күтүүдө? Анын айткандары кимге багытталууда? Ким менен сүйлөшүүдө? Маекке макулдугун берген киши өз идеяларын таратууга, жарыялоого кызыкдар. Бирок анын ачык айткандары көз караштарынын бир гана бөлүгү болушу мүмкүн; Анын айткандары жалган болушу ыктымал; Атын чыгаруу үчүн жеке мүдөөлөрүн көздөгөндөр да чыгат.

-Массалык маалымат каражаттары эфирди, гезиттин бетин толтуруу үчүн кишилерди колдонот, кишилер болсо маалымат каражаттарын өз кызыкчылыктары үчүн колдонот. Маселен, ар кандай өнөктүк уюштуруу, айыптоолорду четке кагуу, өзү жана өзүнүн партиясы жөнүндө сөз козгоо, өзүн жана өз саясатын, товарын, идеяларын рекламалоо сыяктуу усулдарды колдонот.

-Алардын түпкү себебин табууга аракеттен. Туура маектешти табуу маанилүү. Маектештин ишенимдүү сүйлөп, окуялардан кабары болуп, маекке даяр болушу жөн.
-Өз саясатын жүзөгө ашыруу менен алек министрди жана өз көз карашын айтууга умтулган оппозиция өкүлүн маекке тартуунун ортосунда айырма бар.
-Эки учурда тең маек алуучунун башкы милдети- тең салмактуулукту, калыстыкты жана акыйкаттыкты сактоо. Продюсер үчүн эрежелерди караңыз.

3. Өзүң да даярдан.
Өз алдыңча колдон келишинче даярдык көр. Аты-жөндөрдү (айрыкча маек берүүчүнүн), фактыларды, маалыматтарды текшер. Калпыстык кетсе беделиң төмөндөп, маек берүүчүнүн сени менен “кызматташуу” ыкласы өчө түшөт.Саясатчы сенден статистикалык маалыматтарды сурашы мүмкүн, андыктан алдын ала камданып, кандай статистикалык маалыматтар бар экендигин, эмне себептен аларды колдонуп жатканыңды бил.

4. Маектешти даярда.
Маек эмне үчүн зарыл болгондугун жана ал кантип колдонулаарын маектешке түшүндүр. Маек түз ободобу же алдын ала жаэдырылабы, редакциядан өткөрүлөбү, кайсы программада уктурулат деген суроолордун жообун бер. Кайсы аудиторияга багышталгандыгын, узактыгын жана кийин кайра колдонулушу мүмкүн экендигин айт.

Натыйжада, маектешүүчү берилген суроолорго сен күткөндөй кылып жооп берет. Маектешүүчү кайсы бир кишилер менен бир программа учурунда беттешүүнү, жолугушууну каалабашы ыктымал, андыктан, программанын катышуучулары туурасында мурдараак кабарла.

Эгерде маектештин сөз болуучу тармак боюнча адистиги болсо, анда аңгеменин предмети кандай тандалып алынгандыгы жөнүндө пикирин суроо оң. Анткенде, маектешти өзүң каалаган талапка ылайык сөзгө тарта аласың, туура киши тандалып алынгандыгына дагы бир жолу көзүң жетет. Маектеш тааныш эмес маалыматтарды, кызыктуу өңөттөрдү алдын ала айтып жибериши мүмкүн.

Сен ал айтылгандарды программага кошкуң келет. Бирок, маек башталганга чейин эч качан суроо бербе, анткени, маектеш мурдагы сөзүн улантып калат, маек учурунда “мен баята айткандай” деген сыяктуу сөздөрдү колдонот.

Тажрыйбасыз жана сабыры жок маектеш менен сөздү алыстан баштап, кийин кесип салгандай кылып бир эки кереги жок суроо бер. Маектеш андайда сөзгө ийип, сен кызыктырган суроолорго жооп бере баштайт.

5. Суроолорду айкын, кыска берип, ток этер жерин айт.
Жалпы маек сыңары эле суроолордун да так фокусунун болмогу зарыл. Узак суроолорду берүүдөн качуу керек. Предмет жөнүндө сен канчалык көп билбегин, угармандар сени эмес, маектешти угууга кызыкдар экендигин эсиңден чыгарба.

Узун, татаал суроолорду берүүдөн сактануунун бир жолу- аларды алдын ала тизмелеп жазып ал. Бирок, суроолордун бирин калтырбай жазып алып, маек маалында окуп турууга умтулсаң, анда кагаз карап жатып маектин айрым учурларын укпай калышың ыктымал.

Андыктан, болочок маектин урунттуу жерлерин ырааттуу түрдө кагазга түшүрүү оң. Маектин маанайы биринчи суроого жараша болот, демек биринчи суроону кагазга жазып ал. Маек башталганда эле демилгени колго алып, абройлуу угулганга умтул.

“Ооба” же “жок” деген жооп менен кутулуп кетүүгө мүмкүн купуя маани катылган суроолорду бербе. Тажрыйбасыз же ээ жаа бербеген маектеш суроого суроо менен жооп бериши мүмкүн. Маекти “ким”, “эмне”, “кантип”, “качан”, “кайсы жерде” деген суроолор менен баштаган оң.

Кош маани суроолорду бербе. Маектеш суроонун экинчи маанисин унутуп калышы же атайылап эле таңазарга албай коюушу ыктымал.

Божомолдорду жасаба. Тажрыйбалуу маектеш учурдан дароо колдонуп, маектин нугун башка нукка буруп жибериши мүмкүн.

6. Маектешке кулак сал
Маек маалында маектешти кунт коюп угуп, айтылгандарга көңүлкош болбо. Маек ырааттуу жүрүш керек. Маектеш тактоону талап кылган маалыматтарды айтышы мүмкүн, кунт коюуп кулак салбасаң, кайра тактай албайсың. Буга окшогон жагдай теманы мурда белгилегендей чагылдырууга жолтоо болот. Андайда, маектин багытын зарыл нукка буруш керек. Бирок, андай аракет табийгы сезилип, маектештин айтып жаткандарына дал келүүсү абзел.

Маекти баарлашып, маектешти кунт коюуп жаткандай өткөр. Маектеш талкуудагы теманы тереңирээк ачкан же аны бүдөмүктөнткөн маалыматтарды айтса, сен аны андан ары тактагың келет. Маектеш шарттуу кыскартууларга жол берип, андай учурларды угармандар үчүн тактоого туура келет дейли. Маекти өзүң ойлогон пландын нугуна табийгы жол менен бур.

7. Жаңсоонун, ишаара жасоонун ыкмаларын колдон
Жаңсоонун ыкмаларын колдоно бил. Маектешти көз караш, жылмаю, баш ийкөө, кубаттоо аркылуу колдо, терең кызыгууну көрсөт. Суроо берилгенден кийин, “ии” “ээ” деген сыяктуу коштоолор менен маектешти кубаттаба, анткени, микрофон ар бир дабышты жасып калса угарманды ирээнжитет.

8. Көз каранды эмес бойдон кал

Маекти алган журналисттин көз каранды эмес, беделин сактаган, маекти жандуу жүргүзгөн адис болмогу жөн, бирок бир беткейликке жол бербеши зарыл. Маектештин демилгени колго алышына, кайра артка суроо беришине жол бербе. Би-Би-Синин редакциялык эрежелерин сакта.

9. Маектин узактыгын аныктап ал

Күндөлүк жаңылыктарды чагылдырып жатып, обо убактысы аз болсо, анда маекти программанын этегине калтыр. Ал эми радиотүрмөктөрдү жазуу үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынат. Маектеш суроолорго узак жана маңызданып жооп берип, анын сөзүн бузууга мүмкүн болбой калса, маекти кайра башынан баштап, суроону кайталап бер.

10. Калпыстыктарды четтет
Маектеш менен коштошоордон мурун маек жазып алынгандыгын текшер.

МАЕКТИ АЛДЫНДАГЫ ТЕКШЕРИЛҮҮГӨ ТИЙИШ ЖАГДАЙЛАРДЫН ТИЗМЕСИ
Алдын ала даярдан, эмне жасаарыңды чеч.
Адегенде планды оюуңда түзүп, кагазга түшүр.
Сөз болуучу предметти маектеш менен талкуула.
Маектешке баарлашуунун узактыгын, маексатын жана башка жол жобосун айтып бер.
Маек кайсы угармандарга багытталгандыгын айт.
Суроолордун эң алгачкысынан башкасын кагазга алдын ала жазып алба.
Маек түз ободо болсо, анда маектешке биринчи суроону узат.
Суроолорду жөнөкөй түз.
“Ооба” же “жок” деген тариздеги бирбеткей жооп алынуучу суроолорду бербе.

Божомолдорду айтпа.
Талашып, тартышпа.
Маектешке эркиндик бер.
Маек учурунда “ийи”, “ээ” деген сыяктуу үн чыгарба, анын ордуна баш ийкөө, жылмаю сыяктуу жаңсоо ыкмаларын колдон.
Көз байланышын жоготпой, маектештин жүзүнө тикте.
Сөз болуп жаткан предметке кызыгып жатканыңды көрсөт, кызыгууну жоготпо.
Зарылдыгы туулбаган добуш чыгаргандан абайла, колдоруңду чапкылаба ж.б.у.с. осолдукка жол бербе, маектеш байкоостон сенин кыймыл аракетиңди туурашы ыктымал.

Маселени кеңири камтууга умтулба, күндөлүк жаңылыктарды чагылдырган маектин узактыгы төрт минуттан ашпай, үч-төрт теманы эле камтыганы оң.
Жаргон тилин колдонуудан сактан.
Угарман жообун уккусу келген суроолорду бер.
Сен обого чыгаар маалда бүгүн, кечээ, эртең деген түшүнүктөр таптакыр маниге ээ болуп калаарын эсиңден чыгарба.
Маекти тыянактоо үчүн жыйынтыктоочу суроо бер.
Студиядан чыгып кетээрден мурун маек жазылганын текшер.

“ТАТААЛ” КИШИЛЕРДИ МАЕККЕ ТАРТУУ
Саясатчылар жана коомчулук менен байланыштар үчүн жооптуу кызматкерлер өздөрүн рекламалап калуунун мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай, маек берүүгө даяр болушат, бирок кыйынчылыктар туурасында сөз кылгылары келишпейт. Чындыгында, алар башка маектештерден айырмаланышпайт, бирок башкача көрүнө беришет. Албетте, айтуу оңой, жасаш кыйын. Ошентсе да, өзүңдү өзүң апкаарыта бербе.

Аларды ийге келтирип, жибитүүнүн ыкмаларын колдон: орундук сунуш кыл, микрофонду жакыныраак жылдыр, добуштун деңгээлин алдын-ала аныктап алуу максатында аппаратураны текшер, желдеткичти жандыр. Маекке иштин көзүн билген адис катары мамиле жаса. Бирок, жагдайды тең салмактоо үчүн агрессивдүүлүккө жол берүү туура эмес.

Өжөрлүк көрсөт.

Кекенгендик көрсөтүүдөн, какшыкчыл болуудан сактан. Албетте, бул сапаттарды жеңүү кээде кыйын.

Саясатчылар дароо эле рольдорду алмаштырууга умтулуп, кеңеш берип кирет, бирок тең салмактуулукту сактоого тырышыңыз.

Саясатчылар маек алып жаткан кишиге жана программага жараша сөз болуп жаткан темага карата өз мамилесин өзгөртүүгө маш келишет. Андыктан, ийгилик маектешти канчалык туура табасың, канчалык даярдай аласың деген суроого байланыштуу.

Беделди түшүрбөй, бейтараптуулукту сактап, өзүңдү-өзүң башкара билсең, “эң татаал” деген кишилерди да ийге келтирип, ийгиликтүү түрдө маекке тартууга болот.

ЭГЕРДЕ ТАТААЛ МАЕКТЕШ ТУШ КЕЛСЕ...

Сенин обьективдүү экениңден шектенсе,

Сенин беделиңден шектенип, кайра артка суроо берсе,

Сөзгө ийибей, атырылса,

Маекти өзүн-өзү рекламалоо, таанытуу үчүн колдонуп, татаал суроолордон качса,

Суроолорду жазуу жүзүндө алдын-ала көрүүнү талап кылса,

Көп сүйлөгөнү менен суроого жооп бере турган түрү жок болсо,

Сен айткан сандарды төгүндөөгө аракет жасаса,

АНДА СЕН...

Би-Би-Синин редакциялык стандарттарын жана эрежелерин сакта: маекти алган киши бейтарап бойдон калып, айтыш маалында кайсы-бир жактын сөзүн сүйлөбөшү керек.
Эгерде, талкууну тең салмактоо үчүн эки маектеш чакырылган болсо, анда ал жагдайды угармандарга түшүндүрө кет.

Бейтараптуулукту бекем сактап, айтышка аралашпа: суроо калпыс таржымаланса же сабырдуулукту, токтоолукту жоготсоң, маектеш дароо сага тап көрсөтүп, көзөмөлдү колго алат.

Эмоцияга алдырба. Курч маектин учурунда эмоциянын күүсү маек алуучудан эмес, маектештен келгени жакшы.Суроодон буйтап качууга умтулса, андай аракетти сылык жана сабырдуу түрдө ашкереле.

Маектешти мажбурла, шыкакта. Адатта, маек берүүгө макул болгондор өздөрүн же өздөрү иштеген уюмду дагы бир ирет таанытуунун мүмкүнчүлүгүн издешет. Мындай учурда, зарыл маалыматты айттырып алуу үчүн маек алуучунун өжөрлүк көрсөткөнү шарт.

Өтө манилүү маек үзгүлтүккө учурайт деп санасаң гана суроолорду алдын ала бер.

Маектешти тандап, даярда. Маектеш кандай багыттагы маалыматты айтып, кошумчалап бере алат, сага дагы эмнеси белгисиз. Маектеш обьективдүү байкоочубу, экспертпи же кайсы бир жактын таламын талашкан кишиби (маектеш мамлекеттин, клубдун, уюмдун, партиянын атынан сүйлөп жатабы же жокпу) деген жагдайды угармандар үчүн тактап кой.

Предметти изилде, фактыларды, аталыштарды жана аты-жөндөрдү текшерип ал. “Татаал” маектеш сен айткан маалыматтардын чын экендигинен шектенип, төгүнгө чыгарат жана альтернативдүү маалыматтарды сунуш кылат. Маекке чейин эле бардык маалыматтар менен таанышып чык.

ПАКЕТ ЖАРАТУУНУН ТЕХНИКАСЫ

Пакет деген эмне?
Пакет бир нече элементтен турган татаал материал. Маселен, маек жана репортаж; бир нече маек; бир нече маек жана аны коштогон үндөр, сүйлөмдөр; музыка жана архивдик материалдар ж.б.у.с. Маектер, үндөр жана сүйлөмдөр, музыка пакетти коштоо үчүн колдонулуп, узактыгы отуз-кырк секундадан ашпайт.

Негизги эрежелер

Өзүңдү даярда. Теманы дурустап изилде- ал радиоочерк үчүн ылайыктуу болсун.
Пакеттин фокусун танда. Пакетте предметти даана чагылдырып, башка сөзгө алаксып кетпе.
Тең салмактуулук. Пакетте тең салмактуулук сакталып, бардык жактардын позициясы чагылдырылсын. Эгерде, керектүү добуш жок болсо, анда журналист башка көз карашка шилтеме жасашы керек. Бирок, бир дагы жактын көз карашына артыкчылык бербесин.

Маектештерди жана башка зарыл катышуучуларды танда. Тигил же бул көз карашты чагылдыруу үчүн ким ылайыктуу экендигин , сюжетти ачуу үчүн кандай үндөр керектигин танда.

• Пакеттин түзүлүшүн жасоо сюжетти айтуу: сюжеттин айкын жана ырааттуу структурасын жасап алыңыз – кыстырмалардын кандай тартип менен ойноло турганын бышыктап алыңыз.
• Материалга түс берген элементтерди кошкондо тыңдоочу чаташпай тургандай кошуу керек: «Түс берген» кыстырмалар [үн эфектилери, музыка, вокс –попс ж.б.] тыңдоочу чаташпагандай, белгилүү бир максат менен колдонулуусу кажет; ойноло турган кыстырмаларды тааныштырып отурган жөн.

• Пакет кандай жагдайда колдонулат?

Предметти бир гана диспатч же сукбат менен камтууга мүмкүн эмес жагдайлар болот. Башкача айтканда, бир гана репортаж менен камтууга мүмкүн болбогон, бирок ага улап фичер арноого «татыбаган» бир предметтер болот. Жана бир себеби – жакшы жасалган пакет бүтүн программага көрк кошот.

Радиого көрк бергендиктен пакеттерди мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланууга тырышабыз. Дегенмен, белгилүү бир предметти камтуу кезинде пакет жасап чыгаруу канчалык орундуу боло турганын да ойлоо керек, кээде бир сукбаттын өзү жетиштүү. Буга кошумча, бүтүн программанын форматын ойлоштуруу кажет: 20 минуттук программага 3 же болбосо 4 пакет койсо, кабар өтө оор болуп көрүнүшү мүмкүн.

Пакет менен фичердин айырмачылыгы эмнеде ?

Пакеттин башкы проблемасы убакыттын чектелүү экендигинде жатат. Пакет даярдаганда ичине эмне кош турганыңызды эмес, эмнени кошпой турганыңызды чечүү кыйын. Сиз жыйнаган материалдын баарын колдонуу мүмкүн болбой калат. Теория жүзүндө, пакеттин узактыгы 4 жана 8 минут аралыгында болот. Предметти 4 минутка жетпес убакыт ичинде ачып берүү кыйынга турат, ал эми экинчи жагынан, предметти узактыгы 8 минуттан ашкан пакет түрүндө аңгемелеп отуруу артыкбаш болоор эле. Иш жүзүндө, пакеттин узактыгы 4 менен 5 минут аралыгында болот.

Ушул себептүү, пакет фичер камтый алчу чекке бара албайт. Мисалы, фичер жасаганда (15 – 30 минуттук программа) бирдей көзкарашты тутунган бир эмес, эки же андан да көп адамға сөз берүүгө болот (арийне, алардын түрлүү перспективалардан сүйлөгөнү жөн). Айталык, «...парламент депутаты Баланчаев Ирак согуш чыгымдарын тқлққгқ тийиш деп санайт; профессор Түкүнчөев ушу пикирге кошулуу менен бирге, мындай дейт...
Ал эми Британиянын Багдадтагы мурунку элчиси Сэр Икс Иракты репарация төлөөгө күчтөөгө болбойт деп санайт, анткени анын оюнча... «

Пакетке келе турган болсок, анда бир көзкарашты бир адам билдирет (Албетте, андан өзгөчөлөнгөн пикирлер бар болсо, аларды да кошууга мүмкүн).

Жакшы пакет даярдоонун адиси.

A. Даярдык: Маселенин чоо – жайын түшүнүп, өз аңгемеңиздин маңызын айкындоо үчүн, эмнени жеткизгиңиз келгениңизди билүү үчүн предметти терең изилдеп, үйрөнүү кажет. Ошондо сукбатка кимди тартса дурус болоорун билесиз, жүйө айтууга жана каршы жүйө келтирүүгө мүмкүндүгүңүз болот. Буга кошумча, орундуу сурак коюга мүмкүнчүлүгүңүз болот. Же болбосо, мисалы, бирөө ошол предмет боюнча баяндама окуган болсо, ал сөздүн дал кай өңүтүн жазып алуу керектигин билесиз.

Буга чейин айтканыбыздай, бир пикирди жеткизүү үчүн бир гана адамга сөз берсеңиз, каршы пикир билдирүү үчүн башка дагы бир адамды сүйлөтөсүз.
Жумушуңузду дурус уюштура билсеңиз, материал үчүн клип тандоо кезинде «артык жүгүңүз» көп болбойт. Адатта пакет даярдоого көп убакытыңыз боло бербейт, демек, убакытты барынча жемиштүү пайдалануу кажет.

А. Түзүлүшү: Пакет ойдогудай чыксын десеңиз, анын ачык-айрым түзүлүшүн ойлоштурганыңыз кажет. Жыйнаган материалдарды тыңдап чыгып, теманы кандай аңгемелей турганыңызды чечип алганыңыз жөн. Теманы жеткилең ачууга көмөк берген кыстырма клиптерди иргеп алуу керек.

Ошондо сиздин кабарчы иретиндеги ролуңуз өтө маанилүү. Клиптерди өз тезистериңиздин иллюстрациясы иретинде пайдаланууга болбойт. Аңгемени ошол клиптер айтып берет, сиз тек аларды бир нукка түшүрүп, арасын байланыштырып, бир бирине улаштырасыз. Кимдин сүйлөп атканын, кимдин үнү экенин айтып отуруңуз. Сүйлөгөн адамдын ойлорун өз сөзүңүздө кайталабаңыз. Бүтүрүлгөн материал төмөнкүлөрдөн куралат.

А) Теманы ачып берүү – сиздин кабарыңызга арка, себеп болгон жагдайды түшүндүрүү

Б) Жүйө

В) Каршы жүйө

Г) Корутунду

Айрым аяктоочу сүртүмдөр:

• Материалга шай келбеген кью – кириш сөздөн сак болуңуз.
• Кириш сөз кабарчыны тааныштырып өтсө, пакет башка бирөөнүн үнү менен башталбашы керек.
• Кимдин сүйлөп турганын, эмненин үнү угузулуп жатканын ж.б. айтып туруңуз.
• Пакет көп жагдайда атмосфераны жеткизүү үчүн музыка же башка үндөр менен башталат. Экинчи жагынан, тизгин кабарчынын колунда экенин билдирүү үчүн пакетти кабарчынын үнү менен баштоого болот.

• Сукбатташтырыңызга алардын берген жоопторун пакет үчүн колдоно турганыңызды айтыңыз - асыресе кээ бир саясатчылар белгилүү бир адамдар менен бир радиоматериалда катар туруп сүйлөгүсү келбейт.
• Эгер сиз бирөө менен жарым саат бою сукбат курсаңыз (анын да кажети болор), ал адам кийин ошол сукбаттын тек азгантай гана бөлүгүн колдонгонуңузга иренжиши мүмкүн.
• Чынчыл болуңуз, бирөө алган сукбатты колдоно турган болсоңуз, ал интервьюну өзүм жасадым деп айтпаңыз.

Жана да, эң негизгиси, зарыл клиптерди ала албагандыктан гана аңгемеңиздин нугун өзгөртпөңүз. Керектүү материалды ала албай калсаңыз, колдогу бар материалга таянып аңгеменин фокусун жоготпоңуз.

BBCБи-Би-Си тили:
принциптер тил аркылуу чагылдырылат
СтудияБи-Би-Сидеги
калыстык жана бейтараптуулук
dictionaryБи-Би-Си
материалдарын кыргызчалатуу
newspapersКыргыз тили
чет тилдерден кирген сөздөр менен баюда
microphoneЖаңы сөздөр:
тил өзүнүн эсебинен да байыйт
БиБиСиБи-Би-Си
журналисти үчүн колдонмо
Алан ЛиттлБи-Би-Синин
көрүнүктүү журналисти кеңеш берет
ИЧКИ ЛИНКТЕР
Журналистика мектеби: Англис тил сабагы
04 Декабрь, 2009 | Маанилүү окуялар
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
BBC Copyright Logo^^ Эң башына кайрыл
Башталгыч бет|Аба ырайы|Программалар|Толкундар
BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
Жардам|Биз менен байланыш|Жеке маалымат