Тилдин туура колдонулушу Би-Би-Си журналисттеринин ишинде чечүүчү мааниге ээ. Сабаттуу, так сүйлөөнү талап кылган жалпы эрежелерден сырткары, радио тилинин өзгөчөлүгү да бар. Сүйлөмдүн кыска, даана айтылышы обонун тилине жарашаары дайым эсте. Тилди туура колдонуу БиБиСинин редакциялык эрежелери, мүдөөлөрү үчүн да зарыл. Би-Би-Си тигил же бул көрүнүшкө, окуяга, кишиге баа берип, таңуулабайт, кандайдыр-бир жаманатты пикирди жармаштыруудан өзүн оолак кармайт. Бейтараптуулук, тактык, обьективдүүлүк, тең салмактуулук сыяктуу түшүнүктөр тил маданиятында чагылдырылып турушу керек. Эч бир тарапка тартпоо, өзүнүн тил маданиятында кайсы-бир жакты жактап жаткандыгын туюнтпоо эрежелерин тутунабыз. Маселен, согушуп жаткан эки өлкөнүн бири экинчисинин аракетин “агрессия, наадандык менен кол салуу” деп атаса, аны сөзмө-сөз кайталоонун зарылдыгы жок. Ал сөздөрдү колдонууга туура келсе, бир тарап экинчисинин аракетин “баландай” деп атады деп айтып, экинчи жактын мамилесин, реакциясын кошо чагылдыруу керек. Дүйнө бир орунда турбайт. Андыктан тил дагы такай өзгөрүүлүүнүн үстүндө болуп, жаңы терминдер, сөздөр менен толукталып турат. Биз тилдеги өзгөрүүлөргө кылдат байкоо салып, эске алууга умтулабыз. Биз угармандарыбыздын терминдерге, түшүнүктөргө кылдат мамиле жасаарын да унутпайбыз. Миң тогуз жүз токсон алтынчы жылдан тартып Кыргызстанга эл аралык жаңылыктарды таратууну баштаган Би-Би-Си Дүйнөлүк Кызматынын радио тили кыска, бирок нуска болууга, ошол эле учурда жаңылыкты таамай, жеткилең айтууга умтулуп, өз ыкмасын калыптандырууда. Би-Би-Синин тили кыргыз журналистикасында жаңы кыртышты өздөштүрүүгө түрткү берүүдө. Ал кыргыз маалымат чөйрөсүнө эл аралык журналистканын жол-жоболорун, аларды белгилеген сөздөрдүн өзүн киргизди.
|