|
Чылым чегүү үй-бүлөлүк бюджетке да зыян | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
31-май бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнү . Жылына дүйнө жүзү боюнча 6 миллионго жакын адам чылым чеккенине байланыштуу көз жумаарын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иликтеп чыккан. Дүйнө жүзү боюнча жалпы чылым чеккендердин 80 пайызы анча өнүкпөгөн мамлекеттерге туура келет. Ал эми азык-түлүктөрдүн баалары өсүп, кымбатчылык каптаганы чылым чегүүнүн үй-бүлөлүк бюджетке да оорчулугу сезилүүдө. Бишкек тургуну Сабыр чылым чеккенине отуз жылдан ашып калган экен. Чылым чегүүнүн ден соолукка өтө зыян экенин бул адам абдан жакшы билет. Эми бул өнөкөт үй-бүлөлүк бюджетке да зыян алып келип жатканы сезиле баштаган экен. -“Бир күндө бир куту чылым тартам, ал 22 сом турат. Эсептеп көрсөм айына 660 сом кетет экен. Бул акчага балама же өзүмө бир батинке сатып алмакмын да. Ал эми жылына сегиз миң сомдой кетет. Эки жыл чыдап тамеки тартпасам, аялым бир жакшы кир жуугуч сатып алмак экен”. Бул адам айына беш мин сом табат, анын миң сомго жакыны чылым сатып алганга эле кетип калат экен. Төрт балалүү үй-бүлө үчүн бул чоң эле чыгым. Андыктан бүт үй-бүлө мүчөлөрү тамекини таштатуу менен алек. “Бир азга таштап коет, орозо убагында бир ай тартпай жүрөт. Анан ал бүткөндөн кийин кайра эле тартып алат” – дейт Сабырдын жубайы Шайыр. Эл аралык уюмдардын билдирүүсүнө караганда, табияттын кескин өзгөрүшүнөн улам, дүйнөдө жердин түшүмдүүлүгү азаят. Демек, азык-түлүк келерки 10-20 жылда эки эсе кымбатташы күтүлүүдө. Андыктан, көптөгөн үй-бүлөлөр көп чыгымдарын кыскартууга аргасыз болушат. Демек, көп үй-бүлөлөр кымбатчылыктын айынан тамекиден арылышы мүмкүн. Адистердин айтымында, чылымдын курамында төрт миңге жакын ар кандай уулуу заттар бар. Ошондуктан, чылым чеккен адамдын организми түрдүү ооруларга оңой кабылат. Күнүмдүк тамекиге кеткен акчадан сырткары, дарылануу, дары-дармектерди сатып алуу да көп үй-бүлөлөргө оорчулук алып келүүдө. Ошондуктан, адистердин айтымында, чылым чегүү ден соолукка гана зыян алып келбестен, адамдарды жакырлантууга алып келген факторлордун бири. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||