Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
Соңку жаңыланышы: 30 Май, 2011 07:33 GMT
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
Мектеп рэкетчилиги
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери мектеп рэкетчилигине байланыштуу 53 окуя катталган.

Негизинен мектептердеги зордук-зомбулукка 7-8 класстын окуучулары кабылышат. Алар жогорку класстын окуучулары тарабынан салык төлөөгө мажбурланып, ур-токмокко алынат. Көп учурда баалуу буюмдарын тарттырып жиберген да фактылар бар.

Буга чейин мындай көрүнүштөр уландар арасында гана кездешип келсе, азыр кыздардын арасында да кеңири жайылууда.

Мектептердеги зордук-зомбулуктар айрым учурда өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаган учурлар көбөйүп, бул маселеге мамлекеттик деңгээлде чара көрүү чакырыгы мындан бир нече жыл мурда эле көтөрүлгөн. Ар бир мектепке психолог, инспекторлорду коюу аракети көрүлүп келет. Бирок, каражаттын тартыштыгынан улам бир мектепке бир гана инспектор туура келет. Айрым жерлерде бир нече мектепти бир психолог, бир инспектор тейлеген учурлар да бар.

СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
BBC Copyright Logo^^ Эң башына кайрыл
Башталгыч бет|Аба ырайы|Программалар|Толкундар
BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
Жардам|Биз менен байланыш|Жеке маалымат