Англис тилинен жаңылыктарды кыргызча сүйлөтүү биринчи кезекте маанисин так берүүгө басым жасайт. Которууда сүйлөмдөрдү сөзмө-сөз түшүрүү жана түшүндүрүү такай эле мүмкүн боло бербейт. Маселен, кыргыз тилинин грамматикалык эрежелерине ылайык англис сүйлөмүн артынан же ортосунан баштап которууга туура келет. Бирок, түп нусканын мааниси бурмаланбашы шарт. Которуу процессинде терминдерди урунууга көңүл бөлүнөт. Би-Би-Синин кыргыз кызматы айрым сөздөрдү которууда сөздүккө басым жасоо менен бирге кыргыз тилинде кабар тараткан башка маалымат агенттиктери менен да пикир алмашып турат. Сөздү тандоодо айрым архаизмдерден көрө, коомчулукка түшүнүктүү, кеңири колдонууга алынган үлгүсүн тандап алабыз. Мисалы, “мүдүр” дегенден көрө көпчүлүк “деректир” дегенге ыктайт.
|