Кыргыз тилинин лексикасы эл аралык окуяларга байланыштуу айрым көрүнүштөр, кубулуштар, илимий технологиялык ачылыштардан улам чет элдик сөздөр менен да баюуда. Генетикадагы "cloning" деген терминди алалы. Адегенде бул терминди которууга, кыргызча эквивалентин жаратууга аракет кылып көрдүк. Бирок, которо келгенде так мааниси берилбей, бурмаланып калгандыктан, экинчиден ал терминдин өзү эл аралык терминге айлангандыктан “клондоштуруу”,”клондоштуруу ыкмасы” деп айтылып калды. Же болбосо, "secular", "blog", "blogging" деген сөздөрдү алалы. Гезиттеги макаладан айырмаланып, улам жаңырып туруу касиетине ээ болгондуктан интернетте баяндоо өзүнчө жанр болуп калды. Ал орус тилине дагы “блог” түрүндө кирди. Ал эми кыргызча «блог жазуу” дегенде интернеттеги баян түшүнүлүп калды. Дин мамлекеттен, саясаттан сырткары жарыяланган шартты туюнтууда кыргыз термини жок. Аны “светский” деп да айтып жүрүшөт. Менимче, “секулярдык” деп алуу ыңгайлуу, андыктан бул терминди колдонуп жүрөбүз.
|