Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
Соңку жаңыланышы: 15 Декабрь, 2008 12:43 GMT
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
Бейтараптуулук жана калыстык
 Жypнaпиcтикaнын БиБиСи мектеби

Окуяны баяндоодогу бейтараптуулук принциби тил маданиятындагы өзүнчө эрежелерди талап кылат. Советтик журналистикада кайсы бир көрүнүштөргө карата кабарчынын мамилеси анын сөзүнөн билинип калаар эле. Маселен, “жек көрүндүлөр” деп койсо, душман экени билинип, ага кошумча сүртүмдөр аркылуу күчөтүү ыкмасы бар эле.

Андан сырткары, өзү, же болбосо өзү жактаган тараптын пикирин таңуулоо кеңири тараган эле. БиБиСи угармандарына окуяларга, алардын катышуучуларына мамилени өз алдынча калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет. Маселен, оппозиция менен өкмөттүн өз ара алакасын мүнөздөөдө эч кимге тартпаган мамиле сакталышы керек.

Тактык жана аныктык ББСи журналистикасынын өзөгүн түзөт. Ал акылга сыйган жана текшерилген фактыларга таянып, маектер учурунда жасалган дыкат шилтемелер менен бекемделиши керек.

Так жана ишенимдүү шилтемелер- журналисттин чеберчилигин көрсөтөт, бул өнөрдү үйрөнүү журналисттерди ББСиде машыктыруунун бир бөлүгү.

ББСи журналистикасынын багыттоочу эрежеси-адилеттүүлүк. Биз баарына текши адилетпиз, бирөөлөрдүн каршы билдирүүсүнө кабылгандарга да, угуучуларга жана кабарчыларга да акыйкат мамиле жсайбыз. ББСинин каршы билдирүүсү багытталган кишилерге жана уюмдарга да адилет мамиле көрсөтүү биз үчүн өтөт мааилүү.

Олуттуу жана бирөөнүн беделине шек келтирген билдирүүлөр жообу даярдалмайынча обого чыгарылбашы керек. Жоопту даярдоого мүмкүн болбой калган учурларда гана андай билдирүүлөр чыгарылат.

ББСинин журналистикасы ишеним жараткандыктан үчүнчү жак жасаган билдирүүнү угуучулар жана көрүүчүлөр ББСи өз атынан жасаган билдирүү деп кабылдашат.

Адатта, ББСи түз ободогу маектер учурунда олуттуу айыптоолор камтылган билдирүү жасаганга жол бербейт.

Маалыматтын булагына эч себепсиз эле автоматтык тұрдө анонимдүүлүк берүүгө болбойт. Маалыматтын булагын атоо ар дайым макстка ылайык. Аноним булактын эмне үчүн аноним экендиги, ББСи ага эмне үчүн ишенип жаткандыгы коомчулукка билдирилиши керек. Жашыруун булактарды коргоо журналистиканын өзөккү эрежеси.

Алып баруучулар өздөрүнүн редакторлорунун алдында жооптуу, андыктан өзүнүн журналисттик ишинде ББСинин редакциялык баалуулуктарын сакташы зарыл.

BBCБи-Би-Си тили:
принциптер тил аркылуу чагылдырылат
СтудияБи-Би-Сидеги
калыстык жана бейтараптуулук
dictionaryБи-Би-Си
материалдарын кыргызчалатуу
newspapersКыргыз тили
чет тилдерден кирген сөздөр менен баюда
microphoneЖаңы сөздөр:
тил өзүнүн эсебинен да байыйт
БиБиСиБи-Би-Си
журналисти үчүн колдонмо
Алан ЛиттлБи-Би-Синин
көрүнүктүү журналисти кеңеш берет
ИЧКИ ЛИНКТЕР
Журналистика мектеби: Англис тил сабагы
04 Декабрь, 2009 | Маанилүү окуялар
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
BBC Copyright Logo^^ Эң башына кайрыл
Башталгыч бет|Аба ырайы|Программалар|Толкундар
BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
Жардам|Биз менен байланыш|Жеке маалымат