"Казактар мындай эмес": сынга кабылган, стереотиптерди өзгөрткөн Ninety One

    • Author, Иветт Тан
    • Role, Би-Би-Си

Бул жаш жигиттер мыкты музыкалык чыгармаларды жаратып, популярдуулукка жетип, күйөрмандардын чоң армиясын топтогусу келген. Ошол эле маалда коркутуп-үркүтүүгө, кыжырдануу, каршылык маанайга туш болду.

Алар көптөрдүн эсинде кала турган ырларды аткарышат, өзгөчө видеоклиптерди чыгарышат. Кеп бул жерде популярдуу кореялык K-pop тууралуу эмес. Бул Q-pop же Qazaq-pop (Qazaqstan - латын арбиндеги өлкө аталышы) - Казакстандагы жаңы музыкалык жанр. Анын башында Ninety One тобу турат. Бул топ бир гана чыгармалары менен белгилүү эмес. Топтун ырчылары андрогиндик, башкача айтканда эркек менен аялга мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү аралаштырган келбети менен бир топ эле консервативдүү саналган казак коомчулугунун кыжырын кайнатты.

Мунун баары кантип башталды эле

2014-жылы Казакстанда K-Top Idols жаш аткаруучуларынын сынагы өтүп, анын жыйынтыгы менен музыкалык топ түзүлөт. Калыстар тобу эки ырчыны (A.Z. менен Zaq) тандап алышат. Андан кийин кастинг аркылуу Bala менен Alem кошулат. Ошондой эле топко K-pop жылдыздарынын көбүн тааныткан Түштүк Кореянын белгилүү SM Entertainment агенттигинде иштеп жүргөн Ace келет.

"Биз команда болуп калдык. Биргелешип ыр жаздырып, бийлегенди үйрөнүп, даяр болгондо дебют жасадык", -деп айтып берди Би-Би-Сиге топтун ырчылары электрондук кат аркылуу баарлашууда.

Топту түзгөн жана продюсерлик кылган Ерболат Беделхан бир гана долбоор менен чектелип калууну каалаган жок. Ал Казакстанда жаңы музыкалык жанрды түзүүнү пландап, аны Q-pop же Qazaq-pop деп атоону чечкен.

Азыр K-pop глобалдык феноменге айланды. Бирок 2014-жылы Азия өлкөлөрүндө өтө популярдуу болгону менен Батышта бул тууралуу көп деле билишчү эмес. Ninety One тобу дагы K-pop жанрынын көчүрмөсү десе болот. Топ алгач элге чыкканда Казакстанда көптөр шок болду.

"Балдар ачык түстө кийинген, чыпташкан шым...алардын стили өзгөчө көңүлдү бөлө тургандай эле. Алар сахнага чыкканда кийингендери таптакыр өзгөчө болду. Биздин өлкөдө эркектер мындай кийинбейт",-дейт Беделхан.

Айрымдар мындай көрүнүшкө ушунчалык кыжыры келгенин мындан билиңиз, топтун концертин токтотуу талабы менен каршылык жүрүштөрүн уюштурду. Топтогу балдарды кумсаларга байланыштырышты.

"Казакстанда коомчулук ким кандай кийингенине, өзүн кандай алып жүргөнүнө өтө кылдат мамиле жасап, байкоого алып турат. Ошондуктан: казактар ушундай кылабы?-деген суроо дайыма кабыргасынан коюлат",-дейт гендер маселеси боюнча эксперт казакстандык Айзада Арыстанбек.

Топко каршы жүрүштөрдө көбүнчө жаштар жүрдү.

"Менин атам аскерде кызмат өтөгөн. Менин анын сүрөттөрүн көргөзүп жатып, сыймыктануу менен ал чыныгы эркек экенин айтам. Ninety One тобундагылар тууралуу айтсам, аларды эркек эмес деп айта албайм, бирок эркек деп айтууга дагы ооз барбайт",-дейт казактандык студент Q-pop тууралуу документалдык тасмада.

Жыйынтыгында каршылыктардан кийин Ninety One концерти болбой калды. Дагы бир окуяда шаар бийлиги алдын ала эле каршылык акцияларына себеп болушу мүмкүн деп, топтун концертин токтотуп коюшкан. Топтун курамындагы жигиттер бейтаныш кишилерден коркутуп-үркүтүүлөр көп болгонун айтышат. "Ичиңерди жарып кетем" деп коркуткан алардын бири.

Ушуну менен эле бүткөн жок. "Ninety One" сөзү гомосексуализм менен синоним сөзгө айланып, мазактоо маанисинде дагы кеңири жайылды.

"Ушундай кебетедеги балдарды көчөдө сабап салышканы тууралуу дагы мага айтышкан. Бирок өзүм көргөнүм жок",-дейт Беделхан.

Кеп алардын кийиминде эле эмес дейт музыкалык этнография боюнча адис Меган Рансьер.

"Бул жерде кишилер гендердик нормаларды кандай сакташы, ошол эле кезде улуттук подтекст бар. "Чыныгы" казактардын жүрүм-турум эрежелерин кабылдоосуна байланышкан маселе. Мындан баш тартып кетүү салтка болгон бузукулук эле эмес, маданий жана улуттук тамырдан ажыроо катары бааланат",-дейт Рансьер.

Q-pop негизинен консервативдүү маанайдагы кишилердин кыжырын келтирет. Алар көбүнчө айыл аймактарда жашайт. Деген менен бүтүндөй Казакстан боюнча эле гендердик нормаларга карата мамиле мурдагыдай эле өтө салттуу көз карашта.

Кайсыл бир учурда топко карата каршылык басаңдай баштады.

"K-pop тууралуу маалыматы бар жана муну менен алектенип жүргөн шаарда жашаган казак жаштары эми өздөрүнө жакын музыка жазган топ бар экенин биле баштады",-дейт Рансьер.

"[Ninety One], "назик балдардын" маданияты Казакстанда популярдуу боло баштады. Алар катаал эркектердей көрүнүүгө же өзүнүн мырзалыгын кебетеси менен көрсөтүүгө аракет кылышкан жок. Алардын стадиондорго миңдеген кишилерди жыйнап жатканы азыр эми Казакстанда аларга коомчулук лоялдуу карай баштаганынан кабар берет",-дейт Айзада Арыстанбек.

Азыркы маалда Казакстанда Q-pop стиилинде ырдаган онодогон топтор пайда болду. Алардын көбү Ninety One тобуна шыктанган. Q-pop Казакстанда эле популярдуу болбостон, аны Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстанда сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жактырып укккандар бар.

Рансьердин пикиринде Q-pop менен K-pop ортосунда окшоштуктар көп. Топто жалаң кыздар же жалаң эркек балдар болушу керек. Бирок Ninety One тобунун айырмасы - алар казак тилин даңазалоого умутулганы. 2009-жылы өткөн эл каттоодо өлкө калкынын 62 пайызы казак тилинин маанисин артырууга аракет кылып келет. 2018-жылы өкмөт менен парламенттин ишмердүүлүгү жалаң казак тилинде болсун деген чечим кабыл алынган.

Q-pop кайсыл бир деңгээлде Казакстандагы гендердик нормаларды өзгөртө алдыбы? Сингапурдагы улуттук университеттин илимий кызматкери Сабина Инсабаеванын айтымында кайсыл бир деңгээлде Ninety One бул тууралуу сөз козгоого мажбур кылды. Мурдагыдай эле бул музыканттардын сырткы кебетеси көптөргө жакпайт.

"Алар гендердик түшүнүктөрдү өзгөртө алды деп айта албайм. Бирок бул боюнча салтуу көз караштарга чакырык жасады",-дейт Рансьер.