Көчөдө смартфондун экранына үңүлүүгө тыюу салынган шаар

Кээде автоунаа башкарып баратканда телефонунан баш көтөрбөй, айланасын унутуп салган жөө жүргүнчүгө ачууланган учуруңуз болду беле? Балким өзүңүз "смартфон-зомбиге" айланганыңызды сезбей жүрөсүз? Эгерде сиздин шаарда көчөдө басып баратканда смартфондун экранына үңүлүүгө тыюу салып койсо эмне кылат элеңиз?

Жапониянын Ямато шаарында дал ушундай чечим кабыл алышты.

Токиодон 30 чакырым аралыктагы Канагава префектурасына караштуу Ямато шаарчасына келсеңиз, бекеттердеги илинип турган эскертмелер дароо көзгө урунат. Анда жолду кесип өтүп жатканда смартфондун экранына үңүлүүгө тыюу салынаары жазылган.

Жергиликтүү бийлик мындай демилге кандайдыр бир мыйзамдык мажбурлоо чарасы сыяктуу болгону менен зарылдыктан киргизилгенин түшүндүрдү.

Көптөгөн мегаполистерде шаар бийлиги тургундардын жеке коопсуздугу үчүн бул көйгөдү кантип чечерин билбей, баш катырып келүүдө. Андай болсо эмне үчүн Ямато бийлиги жаңы эреже кишилерд ин жүрүм-турумун өзгөртөт деп ишенүүдө.

Жапонияда көчөдө баратып телефондон башын көтөрбөгөндөрдү - "арукисумахо" деп атап коюшкан. Мааниси "смартфон-зомби" сыяктуу.

Январда Ямато шаарынын эки районунда атайын изилдөө жүрдү. Анын жыйынтыгында шаардагы 6 миң жүргүнчүнүн 12 пайызы басып баратып эле смартфон колдонуп жүрөрү белгилүү болгон.

"Бул өтө опурталдуу",-деди шаардын мэри Сатору Оки. Демилгенин автору да шаардын мэри болду. Июндан тарта мэриянын чечими күчүнө кирип, көчөдө басып баратып телефон колдонууга тыюу салынды.

Муну менен биринчи кезекте кырсыкты алдын алуу аракети болуп жатат. Айталы, буга чейин Түштүк Кореянын Ильсан шаарында жөө жүргүнчүлөр көчөнү кесип өтүп баратканда телефон караса, эскертүү бере турган лазерлерди орнотушкан. Кытайдын Сиань шаарында жергиликтүү бийлик смартфондорунан баш көтөрбөй жүргөн тургундар үчүн атайын тротуар бөлүп берген.

Гонолулу менен Гавайда бул үчүн айып пул салынат. Бирок Ямато шаарында эрежени бузгандарга жаза каралган эмес. Шаар бийлиги тургундардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө катуу эскертүүлөр таасирин тийгизет деп үмүттөнүүдө. Анткени жапон коомунда жеке кызыкчылыктан жалпынын кызыкчылыгы өйдө деген бийик түшүнүк бар. Ошондуктан дагы пандемия маалында бийлик киргизген эрежелер кынтыксыз аткарылып турду.

"Мен бул эрежени толугу менен колдойм. Велосипед менен баратканда ушундай кишилерден аргасыз буйтап өтүүгө туура келет. Бирде кагышып кеткен учур дагы болду",-дейт шаар тургуну Ацуко Набата. Ал 60 жашка келгенине карабай ишке дайыма велосипед менен барат.

Юрист Наота Судзукинин пикиринде, жаза каралбаган эреже бузуулардын мыкты иштеп кеткен мисалдары көп. Тескерисинче, кээде жаза каралса деле аткарылбай калгандары болот дейт ал. Мунун өзү жапондордун "мэйваку" деген концепциясына мүнөздүү. Мэйваку - киши өзүн гана ойлоп чөйрөсүндөгүлөргө көйгөй, ыңгайсызды жаратканы. Жапондор муну этикеттин бузуусу, өтө жаман адат деп кабылдайт.

Ямато мэри Сатору Оки эгерде тургундар "смартфон-зомбини" мэйваку катары кабыл алса, анда жаңы социалдык нормалар пайда болот деген ишеничте турат. (AbA)

Макала кыскартуулар менен берилди. Түп нускасын англис тилинде BBC Worklife сайтынан окуңуздар.