Covid-19 менен ибупрофен: вируска каршы дарылар тууралуу миф жана чындык

Акыркы убакта коомдук сайттарда коронавирус симптому болсо, ибупрофен, нурофен башка ушул сыяктуу дары-дармектерди колдонууга болбойт деген имиштер тарап жатат.

Ар кандай фейктер тарап, көптөрдүн башы айланды. Эмне болуп жатат? Кандай маалыматка ишенебиз?

Би-Би-Сиге комментарий берген дарыгерлер чынында эле коронавируска шектелген учурда ибупрофен сунушталбай турганын ырасташты.

Бирок башка себептер менен колдонуп жаткандар болсо, дарылап жаткан дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонууга болбойт.

Ибупрофен тууралуу талкуу кайдан чыкты?

Ибупрофен - нестероиддик сезгенүүгө каршы дары-дармектер тобуна кирет. Мындай дарылар температураны түшүрүп, грипптин же башка вирустук инфекциялардын симптомдорун жеңилдетет. Бирок ошол эле маалда тескери таасири дагы бар. Өзгөчө астма, жүрөк илдети же кан айлануусунда көйгөйү бар кишилерге терс таасири чоң.

Covid-19 белгилери учурундагы ибупрофендин касиети изилденген жок. Бирок мурда башка респиратордук инфекцияларга таасири изилденген. Айрым учурларда бейтаптын абалын чын эле оорлоштура турганы далилденген.

Эксперттердин негизги тыянагы мындай: ибупрофендин сезгенүүгө каршы компоненти кишинин вирус менен күрөшкөн иммундук системасынын натыйжалуулугун төмөндөтүп коюшу мүмкүн.

Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо түзүмү (NHS) жакында эле сайтына ибупрофендин коронавирус маалындагы зыяны азырынча толук далилдене электигин жазды. Кантсе дагы жарандарын аны колдонуудан алыс болуп турууга чакырды.

"Эгерде сизде температура болсо, парацетамол колдонуңуз. Эгерде сиз сезгенүүгө каршы дары-дармектерди башка себеп менен колдонуп жаткан болсоңуз же эмне кылышты билбей жатсаңыз, дарыгерге кайрылыңыз",-деп чакырык жасады Франциянын саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран. Ал адистиги боюнча невролог.

Медицина боюнча адис Том Уингфилд дагы парацетамолду сунуштайт. Анткени анын терс таасири азырак дейт ал.

"Нестероиддик дары-дармектер - узак убакыт ичинде колдонулган ибупрофен сыяктуулар ашказан менен бөйрөккө зыянын тийгизиши мүмкүн. Бул ашказан жана боорунда илдети бар бейтаптар үчүн кооптуу",-деп эсептейт Том Уингфилд.

Бейшембиде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий түрдө сунуштама берип, Covid-19 белгилери байкалган кишилерди ибупрофен колдонуудан алыс болууга чакырды.

Фейкти кантип ажыратып тааныса болот?

Дарыгерлер интернеттеги маалыматтын булагын тандап кароого кеңеш берүүдө. Акыркы учурларда жөтөл жана температура учурунда ибупрофен колдонгон бир нече киши оор абалда ооруканага түшүптүр деген маалыматтар чыгып кеткен. Бирок аты аталган ооруканалар мындай кабарларды четке какты.

Адатта мындай маалыматтарда кайсыл бир медициналык булактарга шилтеме жасашат. Бирок дарыгерлер бул фейк экенин айтууда. Мындай "фейк адистердин кеңешинен" сак болуу керек. Бир эле фейк кабар ар кайсыл аккаунттан келиши мүмкүн.

Ошол эле маалда расмий кишилердин сөзүн контексттен үзүп алып, маанисин бузуп берүү дагы өтө кооптуу.

Түрдүү өлкөлөрдө дарыгерлер бир гана улуттук саламаттыкты сактоо тармагынын расмий сайттарына жана белгилүү илимий журналдарга ишенүүгө чакырып жатышат. Кандай болгон күндө да дарыгердин сунуштамасы менен гана дары-дармектерди колдонгон туура.(AbA)