2011-жылдагы тасмада азыркы коронавирус эпидемиясы. Каяктан билишкен?

2011-жылы экранга чыккан Contagion ("Вирустун жугушу") тасмасы өз мезгилинде блокбастер болуп кеткен эмес.

Тасмага тартылган жылдыздуу курамга карабай (Мэтт Деймон, Жуд Лоу, Гвинет Пэлтроу, Кейт Уинслет жана Майкл Дуглас), каржат табуу жагынан дүйнөдө болгону 61-орунга илинген эле.

Бирок азыркы маалда тасма АКШда iTunes Store аркылуу эң көп көчүрүлүп, Google аркылуу изделген тасмаларды караандаткан жок.

Биз декабрда биринчи жолу Кытайда жаңы коронавирус чыкканын уктук. Warner Bros студиясынын маалыматы боюнча ошондо аталган тасма популярдуулугу боюнча каталогдо 270-орунда эле. Үч айдан кийин Contagion тасмасы "Гарри Поттер" сериалынан кийинки эле экинчи орунда.

Мунун баары коронавирустан жана он жыл мурдакы тасманын сюжети азыркы кырдаалга окшош болуп жаткандан улам.

Тасманы кайталаган жашоо

Гвинет Пэлтроу ойногон тасманын башкы каарманы эпидемия башталган учурдагы "алгачкы бейтап". Каарман аял табышмактуу вирустан өлүп, аны Кытайдан жуктуруп алганы белгилүү болот. Ошондон кийин дүйнө дүрбөлөңгө түшөт.

Азыркы реалдуулук менен тасмадагы дал келүүдөн улам көрүүчүлөрдүн саны артты. Гвинет Пэлтроунун өзү дагы тасманы кайра көрүп чыкканын "Инстаграм" баракчасына жазды.

Анын 7 млн катталуучусу бар. "Дүрбөлөңгө алдырбай, кол берип учурашуудан карманып, колду тез-тез жууп тургула",-деп жазды актриса.

Айырмачылык тапкыла

Чынында эле тасма менен реалдуулуктагы окшоштуктар таң калдырат. Пэлтроу ойногон каарман Гонконгдо чочко этинен тамак жасап жаткан ашпозго кол берип учурашуу аркылуу MEV-1 вирусун жуктуруп алат. Чочко болсо вирусту жарганаттан жуктуруп алган.

Аял АКШга үйүнө кайтып келгенден кийин ооруп калып, көп өтпөй көз жумат. Анын баласы дагы каза табат. Бирок Мэтт Дэймон ойногон каарман - күйөөсү инфекцияга туруштук берет.

Эксперттердин пикиринде декабрда Ухандагы базарда биринчи жолу вирус жаныбардан кишиге өткөн болушу мүмкүн.

Мындай учур SARS эпидемиясы (2002-2003-ж.) маалында да болгон. Вирустун алып жүрүүчүсү жарганат болуп, ал башка жаныбардын катыштыгы менен адамга жуккан.

Тасмада мына ошол ортомчу жаныбар - чочко. Андагы ойдон чыгарылган вирус аба аркылуу жакын турганда жугат. Азыркы Covid-19 коронавирусунун штаммы сыяктуу эле.

Баары чындыкка окшош

Тасмада дагы вирус дем алуу органдарын жабыркатат. Бирок тасмадагы MEV-1 вирусу бул - реалдуу жашоодогу Nipah вирусунуну мутацияланышы.

Аталган тасмада каармандар вирустан өлгөндөр санын 25 пайызды түздү деп айтышат. Ал эми азыркы Covid-19 вирусунан каза тапкандар ДСУ маалыматы боюнча 3,4% тегерегинде.

Тасмада MEV-1 бир ай ичинде дүйнөдө 26 млн кишинин өмүрүн алат. Коронавирустан үч ай ичинде төрт миң чамалуу киши өлдү.

Бул тасмадагыдай жоготууларга масштабы жагынан 1918-20-жылдардагы "испанка" эпидемиясы жакындай алат. Анда чын эле 50 млн киши каза тапкан.

Изоляция

Тасмада вирус жайылгандан кийин Санитардык-эпидемиологиялык чалгын (мындай кызмат бар) кызматы жуктургандарды аныктап, изоляцияга ала баштайт. Ошону менен Чикаго толугу менен карантин зонасына айланат. Мунун баары Кытайдагы азыркы кырдаалды көзгө тартат.

Contagion ("Вирустун жугушу") тасмасына болгон кызыгуу сценарийдин автору Скотт Бернсти дагы таң калтырды.

Fortune журналына берген интервьюсунда тасманын жаратуучулары бул сыяктуу эпидемияга дүйнө даяр эмес экенин көрсөткүлөрү келген.

"Коронавирус менен тасмадагы окшоштуктар анча мынча эле. Кокустук өтө маанилүү деле эмес, -дейт Бернс. - Маанилүү жагдай дүрбөлөңгө түшкөн коомдук реакциялар жана домино эффектиси".

Кыязы, бул жерде Бернс биринчи кезекте тасмадагы каармандардын бири тууралуу айтты окшойт. Крумвьед деген каарман (Жуд Лоу ойногон) вирус тууралуу такталбаган ушактарды таратып, аны айыктыруу жолдорун жарнама кылат.

Азыр дагы ушундай абал өкүм сүрүүдө. Айталы, Amazon Covid-19 вирусун дарылоого жардам берет делген миллионго чукул жарнамаларга бөгөт койгон.

Ошондой эле коронавирус биологиялык курал катары иштелип чыккан деген жалган маалыматтар тарап кетти.

Ал тургай коомдук сайттарда тасманын сценаристи Бернсти дагы дүйнөнү башкарган жашыруун уюмдун мүчөсү деп айыптап жазышкан.

Илимий маалыматтар

Бернс сценарий жазып жатканда дүйнөнүн алдыңкы вирусолог жана эпидемиологдору менен сүйлөшкөн. Ага көп маалыматты беришкенин айтты.

"Адистер менен сүйлөшүп жатканымда, алардын баары бир ооздон эпидемия бул маселе эмес, анын "качан дүрт этери" чоң маселе деп айтышкан эле", -дейт Бернс. (AbA)