Египеттин экс-президенти Хосни Мубарак дүйнө салды

Хосни Мубарак (2010 год)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Египеттин мурдакы президенти Хосни Мубарак 91 жашта эле. "Аль-Ватан" сайтынын маалыматына караганда, экс-президент Каирде аскер госпиталында көз жумду.

Ал 1981-2011-жылдар аралыгында өлкөнү башкарып турган. Кийин "араб жазы" деп таанылган каршылык акциялары учурунда бийликтен сүрүлгөн эле. Көп өтпөй камакка алынган.

2012-жылы тынч демонстранттарга ок аткан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылат. Бирок өлкөдөгү аскер төңкөрүшүнөн кийин экс-президентти сот актаган. 2017-жылы эркиндикке чыкты. Түрмөдө инфаркт болгон.

Аскер адамы

Мохаммед Хосни Саид Мубарак 1928-жылы 4-майда Египеттин түндүгүндөгү чакан айылда туулган. Жакыр үй-бүлөдө чоңоюп, ошого карабастан аскер академиясына тапшырган. 1949-жылы окуусун ийгиликтүү аяктайт.

1959-жылы жаш офицер Советтер Союзуна келип, Фрунзе (Бишкек) шаарындагы авиациялык окуу жайында окуган. Ал маалда Египетке курал саткан негизги өлкө СССР эле. Мубарак Ил-28 аскер учагын өздөштүрөт.

Экинчи жолу Мубарак СССРде 1964-65-жылдары Фрунзе атындагы аскер академиясында окуган.

Хосни Мубарак биринчи кезекте аскер адамы эле

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хосни Мубарак биринчи кезекте аскер адамы эле

1967-жылдагы араб-израил согушуна катышкан. Ал учурда египеттик авиация жеңилүүгө дуушар болуп, толук талкаланган.

1969-жылы ошол маалдагы өлкө президенти Гамаль Абдель Насер Аскер-аба күчтөрүнүн штабынын жетекчилигине Мубаракты дайындайт.

1972-жылы Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчысы жана коргоо министринин орун басары болуп дайындалган.

1973-жылы авиациянын башкы маршалы наамын алган.

Мубарак 1973-жылдагы Израилдин күтүүсүз чабуулу учурунда - Синай жарым аралындагы согушта маанилүү ролду ойногон. Согушта Египет жана анын союздаштары утулуп калганы менен аба күчтөрүнүн аракеттери элдин алкоосуна татып, Хосни Мубарак улуттук баатырга айланган.

Хосни Мубарак и Анвар Садат

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анвар Садат президент болуп турганда Хосни Мубаракты вице-президент кызматына алып келип, ошонун арты менен мамлекет башына келгенге жол ачылган

1981-жылы 13-октябрда референдум аркылуу бийликке келет. Аны 98 пайыздан ашуун шайлоочу колдоп добуш берген. Өлкөнү отуз жыл башкарды.

Мубарак бийликтен сүрүлгөндөн кийин өлкөнү убактылуу өкмөт башкарган. 2012-жылдагы шайлоону "Мусулман агайындар" (көп өлкөлөрдө террордук деп табылган) уюмунун талапкери Мохаммед Мурси жеңип чыккан.

Оппозиция Мурси жана анын партиялаштарын бийликти бир колго топтоп алды деп айыптап, экономикалык каатчылык үчүн сындап, өлкөнү кайрадан нааразылыктын толкуну каптады.

2013-жылы июлдагы аскер төңкөрүшү Мурсини бийликтен кулатты. Өлкөнү генерал Абдул-Фаттах ас-Сиси башкарып калды. Мурси камакка алынып, алты жылдан кийин сот залында көз жумду. (AbA)