Эмне үчүн 47 жаш эң бактысыз курак?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
40 жашта өмүр эми гана башталат деп айтып коюшат. Oкумуштуулар статистикага таянып, 47 жаш курагында орто курактагы кризис туу чокусуна жетерин белгилейт. Бирок бул көпкө созулбайт.
Америкадагы улуттук экономикалык изилдөөлөр борборунун (NBER) маалыматына караганда, адам өмүрүндөгү бактысыз учурлардын бири болжолу өнүккөн өлкөлөрдө 47 жаш, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 48 жашта келет.
Изилдөөнүн автору профессор Дэвид Бланчфлауэр 132 өлкөдөгү маалыматтарды изилдеп, бул тенденция жынысы, билими, үй-бүлөлүк абалы, социалдык макамына карабай, баарында кездешерин көрсөтөт.
Иликтөөсүндө профессор Бланчфлауэр бактысыздыктын он бешке чукул өлчөөчтөрүн колдонгон. Анын ичинде оору, фобия, жалгыздык, бушаймандык, стресс, уйкусуздук сыяктуу бир нече себептер бар.
Бланчфлауэрдин пикиринде, бул изилдөөнүн негизги тыянагы жашоо эң төмөнкү чекке түшүп, андан кийин калыбына келе баштайт.
"Эгерде сиз орто курактагы кризисти баштан кечирип жаткан болсоңуз, жалгыз эмес экениңизди, көптөр буга кабылаарын эстен чыгарбаңыз,-дейт профессор. - Ошол эле маалда жалгыз калбоого аракет кылыңыз. Коңшулар менен баарлашып, үй-бүлөңүз менен көп убакыт өткөрүңүз. Башкаларга сизге жардам берейин десе, тоскоол болбоңуз, бул сиздин абалыңызды жеңилдетет". (AbA)




