Эстон мектептери Европанын эң мыктысы. Ийгиликтин сыры эмнеде?

Жакында эле жарыяланган PISA (Окуучулардын билим сапатын баалаган эл аралык программа) рейтингинде билим берүү сапаты боюнча Эстония Европада биринчи орунда аталды.

Эстония буга кантип жетишти?

Эстон окуучулары баалоонун үч категориясы - окуу, математика жана табигый илимдер боюнча тең Европада биринчи орунга чыккан.

PISA өзүнүн иликтөөсүн үч жыл сайын өткөрөт. Эстония 2015-жылдын жыйынтыгында дагы биринчи орунга жеткен.

Изилдөөнүн жүрүшүндө ондогон өлкөлөрдөн 15 жаштагы жүз миңдеген окуучулар атайын тесттен өтүшөт.

Эстонияда совет мезгилиндеги билим берүү системасын өзгөртүү аракеттери 90-жылдарда эле башталган. Азыр эми СССР урагандан 28 жыл өткөн соң, эстон мектептери советтик үлгүдөгү билим берүүдөн канчалык алыс кеткенин көрүүгө болот.

"Биздин агартуучулар балдарга билим берүүдө кесиптик кеңири өз алдынчалыкка ээ",-дейт эстон парламентинин билим берүү маселеси менен алектенген депутаты Лийна Керсна. -Эстонияда окутуунун жаңы ыкмалары кеңири жайылды. Айталы, маселени чечүүгө үйрөтүү, долбоорлоп окутуу, санариптик жол менен окутуу, жашоодо кереги тийген билимди берүү".

Жалпы жыйынтыктар тууралуу төмөнкү макаладан окуңуз:

Маселени чечүүгө үйрөтүү - мындай ыкмада мугалим даяр билимди эмес, окуучуга кайсыл бир көйгөйлүү маселени коюп, аны чечүү жолдорун үйрөтөт. Долбоорлоп окутууда - окуучулар жалгыздап же чогулуп алып, түрдүү долбоорлорду түзүп, аны ишке ашыруу аракетин көрөт. Санариптик окутууга компьютердик сабаттуулук, интернет аркылуу билим алуу кирет. Жашоого керектүү илимди окуучулар төмөнкү класстарда үйрөнүшөт.

Лийна Керснанын пикиринде, мугалимдердин жогорку деңгээлде болушу - эстон мектептеринин ийгилигинин маанилүү бөлүгү.

Кытайдын ири шаарларындагы мектептер, Сингапур, Макао жана Гонконг дүйнөлүк рейтингде башкы сапка чыкты.

Жаш, жигердүү, билимдүү мугалимдерди мектептен кетирбей кармап калуу үчүн жакшы эмгек акы төлөшөт. Эстониядагы мугалимдин орточо айлыгы 2019-жылдын экинчи чейрегинде салыкты кармап калганга чейинкиси 1513 евро болгон. Ал эми бала бакчадагы тарбиячылардын орточо айлыгы 1145 евро.

Андан сырткары мектептен кийинки түрдүү ийримдерге окуучуларды кызыктырууга дагы өзгөчө маани беришет.

"Бул болсо балдардын өзүнүн күчтүү жактарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дүйнө таанымы жана кайсыл бир предметке кызыгып, өздөштүрүүсүнө шарт түзөт. Ал тургай, айылдагы чакан мектептерде дагы балдардын ийримдерге кызыгуусу өтө таасирлентет",-деди Керсна.

Сөз менен баалоо системасы дагы чоң мааниге ээ. Эстонияда мугалим "беш" же "эки" коюп баалабайт. Анын ордуна сөз менен эле "абдан жакшы" же "бул жерге дагы бир аз аракет керек" деп жазышат. Мындай ыкма Эстониядагы башталгыч жана орто класстарда кеңири колдонулат. Жогорку класстарда окуучунун билимин баа менен эмес, балл аркылуу баалашат.

Эстон мектептерине мурдакы СССР курамындагы башка өлкөлөрдү салыштырып көрөлү: Латвия -30 (79 өлкөнүн ичинен), Орусия -31, Литва -34, Белоруссия -36, Украина - 39-орунда.

(Британ мектептери болсо 14-орунду алды).

Эстонияда окуучулар эки тилде - орус жана эстон тилинде билим алышат. Изилдөөгө Эстониядан 5371 окуучу катышты. Алардын 4000 тестти эстон тилинде тапшырган, 1371 окуучу орус тилинде. Бирок орус тилдүү окуучулардын көрсөткүчу эстон тилдүүлөрдөн төмөн болуп калды.

Eesti Päevaleht басылмасы Эстониядагы орус тилдүү окуучулардын көрсөткүчү деле жаман эмес деп жазды. Эгерде алар өз алдынча катышкан болсо, рейтингде болжолу 22-23-орундарга чыкмак. (AbA)