PISA 2018: Эң акылдуу балдар кайсыл өлкөдө?

Кайсыл өлкөнүн мектептери эң мыкты?

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун глобалдык сынагы 2000-жылдан баштап ар бир үч жылда бир жолу 15 жаштагы окуучуларга өткөрүлүп келатат.

ЭКӨУ өзүнүн эң соңку сынагынын жыйынтыгын шейшембиде жарыялады. Андагы көрсөткүчтөр боюнча Кытай эң алдыга озуп чыкты.

Рекорддук көрсөткүч

Глобалдык сынакка бул жолу баардыгы 79 мамлекет катышып, 600 миң окуучунун билим деңгээли текшерилди.

ЭКӨУ өзү өнүккөн 37 өлкөнү бириктирет, анын ичинде АКШ, Жапония жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөр бар. Бирок эл аралык стандарттар боюнча өзүнүн окуучуларынын билим деңгээлин сынаган сынакка катышууга кызыккан башка өлкөлөр да көбөйүүдө.

Ар бир өлкөдөгү окуучулардын орточо баллын эсептеп, рейтингин чыгарган тесттер дүйнө боюнча билим берүүнүн сапатын баалоонун эң таасирлүү каражаты болуп саналат. Аны улуттук экзамендер менен салыштырып кароонун мааниси чоң.

Сынактын жүрүшүндө окуучулар көбүнчө финансы маселелерин чечүү жана маалыматты туура пайдалануу боюнча суроолорго туура жооп берүүдөн кыйналышкан.

Мисалы, 2018-жылы окуу боюнча билимди текшерген суроолордун бири интернет форумдагы жасалма сүйлөшүү жөнүндө болгон. Анда тоокко аспирин берүүнүн зыяны бар-жогу жөнүндө суроо берилген.

Азия алдыда

Кытай бул жарышта эң алдыга чыкты, бирок сынакка Кытай бүт эмес, анын өнүккөн айрым аймактары гана катышты.

Финляндия буга чейин үч жолку сынактын (2000, 2003, 2006) тең лидери болгону белгилүү, ал эми Сингапур 2015-жылдын эң мыктысы болгон.

Табигый илимдер боюнча алганда бул жолку рейтингдин таблицасында алдыңкы үч орунга Азия өлкөлөрү чыкты. Ал эми Европадагы өлкөлөрдүн ичинен Эстония лидер болду.

ЭКӨУ өзүнүн тыянактарында "санарип жашоого даярдык деңгээли" жөнүндө өзгөчө кабатыр оюн билдирди. Аталган уюмдун билим берүү маселелери боюнча өкүлү Шлейхердин айтымында, соңку сынак ЭКӨУ өлкөлөрүндөгү окуучулардын он пайызга жетпеген бөлүгү гана бейтааныш теманы окуганда факты менен пикирди бөлүп ажырата аларын көрсөттү.

"PISAда көрсөткүчтөрү бирдей болгон өлкөлөрдү алардын кирешеси менен салыштырганда аябай эле чоң айырма бар",-деди Шлейхер.

ЭКӨУ өзүнчө бөлүп көрсөткөн дагы бир тыянак гендердик көрсөткүчтөрдүн олуттуу айырмачылыгы жөнүндө айтылат.

Кыздар окуу жана табигый илимдер боюнча сабактардан эркек балдардан алдыга кеткен, ошол эле убакта уландар кыздардан математика боюнча орточо алганда беш баллга көп жыйнашты.