You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Блог: Аксакалсыз айыл көрксүз
Жай эбак башталып, окуучулар менен студенттер эс алууга чыгышты. Мен болсо аптапта шаарда камалып олтурам. Чоңойгонумду далилдеген дагы бир көрүнүш ушул. Азыр жок дегенде студент болуп калсам эмне? Чоң сумкамды асынып алып, айылды көздөй жөнөбөйт белем?!
Көл жээгинде жайгашкан айтылуу Касым Тыныстановдун туулуп-өскөн жери - Чырпыкты менин айылым. Ал айылда атамдын да, апамдын да киндик-каны тамган. Ал эми балалыгым ага танапташ жайгашкан Тамчыда өткөн.
Тамчыда жергиликтүү орус тургундар бар эле, мектепте да орусча класстар, айтор айыл турмушу башкача сүрөттөлүштө эле. Ал эми Чырпыктыда айыл трумушуна мүнөздүү көрүнүштүн баары бар. Сүт, айрандын жыты, мал айдаган айылдаштар, абалаган иттери, кызыл беттүү жеңелер, колуңду үмүттүү караган балдар, алыстан атын дүбүртү угулуп, таскактатып бара жаткан чабандес абалар жана айрыкча айтканы мыйзам болгон нарктуу карыялары көп эле.
Айылга барганда кан жолдон түшүп калып, узун көчөнү бойлоп, өйдө көздөй басабыз. Ар үй сайын сакалын сылап отурган аталар менен кооз жоолугун алдына салынып алган апалар айылга өзүнчө бир көрк тартуулап турчу. Алар бүткөн боюңду сыдыра тиктеп калат, тааныбай бүшүркөп.
-Жакшысыздарбы!-дейм үнүмдү катуу чыгарып. Атам менен апамды турап учурашкандагым.
Анан жакын басып барып алик алышканда, мурдуман чоюп:
-Сен кимдин кызы элең?-деп бетимен өөп учурашып калышат.
-Атамдын,-дейм кудуңдап. Ошентип ар бир карыяга салам берип, соболуна жооп берип отуруп үйгө кирип барчубуз.
Алгач чоң атамдын үйүнө кирер элек. Ал үйдө атамдын кичүү иниси үй-бүлөсү менен турат. Чоң атам менен чоң энем мен билгенден кашарда жашап өтүштү. Жайкысын жайлоо, кышкысын кыштоо, күз менен жаз кашарда болушар эле. Байкемдерге учурашып, өйдө көздөй таянемдикине кетебиз. Таякемдин колунда эки таянем жашачу. Бир таянем экинчисинин кайын энеси, ошондо жеңемдин эки кайын энеси бар эле. Чоң таянем айылдын эң таасирдүү адамдарынын бири болгон. Убагында башкарма болуп иштеп, "Брежневди тосуп алган адам" деп баары таанышчу.
Небере, чөбөрөлөрү аны ээрчип көчөгө басканды абдан жакшы көрөр элек. Бизди жетелеп алып дүкөнгө, көлгө барчу. Жолду катар айылдын карыялары менен таанышып, алар бизди эркелетип, бири момпосуйларын таратса, бири короосуна киргизип айран беришчү, айтор айылды түрө кыдырып, баары менен таанышып, көңүл ачып келчүбүз.
Үйдө болгондо жер төшөктөрдү алып бакчага чыгар элек. Таятам түптөгөн бакчада алманын, өрүктүн түрү, кулпунай жана туркун жер - жемиштер бар болчу. Мөмөлөрдөн терип келип алып, таза абада жеп жатчубуз. Таенем кийин биз жеген бал өрүктүн данектерин кууруп берчү.
Эртеси тоого кетчү унаалар менен кашарга жол тартабыз. Чоң атамдын тогуз баласы бар, кайсынысы келип калат болду экен деп, дөңгө чыгып турнабайын менен карап кетсе керек. Бизди дайыма дөбөдөн тосуп алар эле. Ал эми чоң апам абдан таза, тыкан адам болгон. Үйдүн ичинде эле эмес, сыртында-короодо да кыл жатчу эмес. Тамакты жасаганы бир укмуш эми! Мен кууруган кесмесин жакшы көргөндүктөн, аны ар барганымда казанга сүрсүгөн эт менен колго кесилген кесмеден кызарта жасап берчү. Даамы азыр да оозумда. Мал тейлегенди билген кишилерге окшоп, сарайга чоң атамды ээрчип барып алам. Бутум малдын кыгынан кирдеп калса, жийркенип койсом, баары күлүшчү. Атам экөөбүз бир күн кой кайтарчубуз, бир күн тезек терчүбүз, дагы бир күн баарыбыз кошуна кашарларга конокко барабыз, айтор ар бир күнүм кызыктуу өтчү, мындай эс алуудан ырахат алчумун!
Ошентип тоодо бир канча күн жүрүп, кайра айылга кайтабыз. Баягы айылдын абышка-кемпири бизди кайрадан тосуп алып, узатышат. Ал кезде айылды дал ошол карыялар көрккө келтирип тургандай.
Маанилүү иш-чаралар болгондо таянем өңдүү кадыр-барктуу аксакалдар айылдыктарга өз сөзүн, кеп-кеңешин айтышчу. Кандайдыр бир маселелерди чечүүдө да алардын сөзү чоң болуп, жазылбаган мыйзам сыңары кабыл алынар эле. Себеби алар билимдүү, жашоо тажрыйбасы мол адамдар болушкан. Азыркыдай өзүлөрү чала сабаттуу, өтмүшүндө бандит болгон молдо чалыштар ал убакта жок болчу. Эми акылман карылар жок болуп, алардын ордунда билими төмөн, ашынган диндар адамдардын болушу бир аз өкүндүрөт.
Учурда чоң атам, чоң апам, чоң таянем чексиз сапарда. Кичүү таянем гана бар, ал да сыналгы көрүп үйдөн чыкпайт. Узун көчөдө бир жан жок! Тыптынч, эшикте мектептен чоң мечит турган тараптан азандын гана үнү угулат. Балдардын көбү смартфон менен үйдө алек болсо, карыларды деги көрө албайм. Болсо да, мурдагыдай тебетей же топу кийген эмес кепка кийген, болбосо такыр жылаңбаш, сакалы деле көрүнбөйт. Апалар жоолукту салынса артка салынып, салынбаса чачтары өрүлгөн эмес, кыска алып жүрүшөт. Алар учурашмак турсун, көрмөксөнгө салып кирип кетишет. Баягы бакылдап өткөн-кеткенди эстеп отурган аталар, шыбырашып жаңылыктардан айтышып отурган апалар кайда азыр?
Мен ошол эски кишилерди сагынам! Алардын турган турпатынын өзү кооз көрүнүп, айылдын көчөлөрүн башкача бир көрккө бөлөп турушчу да! Мага окшоп турнабай менен күткөн чоң атаны, данек чагып берген таянени, сүрсүгөн эт менен кургак кесме жасаган чоң энени, өтүп баратсаң мурдуңан чоюп, колуңа момпосуй карматкан апаларды азыркы балдар эми көрө албайбы? Ооба, ошентип мезгил баарын өзгөртө берсе керек...
Мээрим Догдурбекова, Бишкек шаары
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.