Жырткыч жаныбарлар менен чогуу жашаган Тьягонун окуясы
- Author, Винисиус Лемос
- Role, Би-Би-Си, Бразилия
Эки кара чаар кабылан менен менен чогуу сууга түшүп жаткан өспүрүмдүн сүрөтү интернет аркылуу бүт дүйнөгө тарап кетти. Сүрөттө кара чаар кабыландардын бири баланы кучактап тургандай далысына бутун коюп алган.

Сүрөттүн булагы, Family handout
Тездик менен тарап, чоң популярдуулукка ээ боло калган сүрөт, албетте, жасалмабы же чыныгы сүрөтпү деген суроолорду жаратты. Сүрөт эч кандай жасалма эмес экен. Сүрөттөгү 12 жаштагы бразилиялык Тьяго Силвейра кичинекей кезинен эле кара чаар кабылан менен ойноп чоңойгон.
Тьяго Силвейра Би-би-синин журналисттерине: "Кээ бир досоторум бул сүрөттү жасалма дешет, бирок көбүнө жагат. Алар дагы ягуарлар менен ойногусу келет. Жашоосунда меникиндей мүмкүнчүлүгү болбой калган адамдар менен тажрыйбамды бөлүшө алганыма сүйүнөм", - деди.
Жырткычтардын курчоосундагы балалык
Баланын ата-энеси Леандро Силвейра жана Ана Жакомо - экөө тең биологдор. Алар Бразилиянын Гояс штатындагы Кабыландар институтунун (IOP) координаторлору болуп эмгектенет. Америкадагы эң чоң мышыкты изилдөө жана сактап калуу - алардын негизги максаты.

Сүрөттүн булагы, Family handout
"Балам төрөлгөндөн бери эле кабыландар менен чогуу өсүп, кичинекейинен эле жырткыч жаныбарлар менен бирге жашоого үйрөндү. Албетте, биз кээ бир чектерди койдук, бирок азыр Тьяго өзү деле алар менен кандай мамиле кылыш керек экенин жакшы билет. Ал үчүн бул кадимкидей көрүнүш. Бул анын жашоосунун бир бөлүгү, өзгөчө эч нерсе жок", - дейт сүрөттү жарыялаган атасы Леандро Силвейра.
Тьяго төрөлгөндө анын үй-бүлөсүндө кабыландын үч баласы өсүп жаткан. Тьяго ата-энеси менен сейилдөөгө чыкканда кичинекей кабыландар менен чогуу жөнөчү экен.
"Биздин үй-бүлөдө баары бири-бирин жакшы көрүп урматташат. Ата-энеме жаныбарларды кароо үчүн жардам бергенди дайыма жактырчумун", - дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Family album
Силвейра кабыландар боюнча ар бир лекциясында айтылган маалыматтарды баласы менен дагы бөлүшүп келген:
"Бул жаныбарлар адамды потенциалдуу курмандык катары көрбөйт. Алар биздин кыймыл аракеттерибизге реакция кылат. Ошондуктан аларга урмат менен мамиле кылуу маанилүү. Кабыландар жанына силерди жолоткусу келбегенин кыймыл аракети менен ачык билдиришет."
Ар бир нересенин чеги бар
"Чектерди билүү зарыл. Кабылан сүйлөшкүсү келсе өзү келет. Алар социалдык жаныбарлар эмес, бирок узак мөөнөттүү мамиле курганды билишет", - дейт Тьягонун апасы.

Сүрөттүн булагы, Family album
Анын айтымында Тьяго менен кабыландар ортосунда эч качан конфликт болбоптур. Бирок ошондой болсо дагы эч качан баланы жырткычтар менен жалгыз калтырышпайт.
"Биз кабыландар жана башка жаныбарлар менен дайыма этият мамиледебиз. Биздин коопсуздук эрежелеребизи так аныкталган", - дейт ал.
Силвейра менен Жакомонун кабыландары биологдорго тиешелүү болгон 50 гектар аймакты байырлайт. Жырткычтардын тынчын албаш үчүн, бул аймакка чоочун кишилердин кирүүсүнө тыюу салынган.

Сүрөттүн булагы, Family handout
Тьягонун ата-энеси Кыбаландар институтун2002-жылы ачышкан. Алгач алар мышыктардын бул түрүн жөн гана изилдөөнү көздөшкөн. Бирок Бразилиянын айлана-чөйрөнү жана кайра калыбына келүүчү энергия булактарын коргоо институтунун өкүлдөрү кайрылганда, алар кабыландардын балдары үчүн атайын корук ачууну чечишкен. Азыр үй-бүлөгө тиешелүү жайлардын жарымы бул питомниктин керектөөсү үчүн берилген.
Силвейранын айтымында, алардын программаларынын 95% жеке каражаттардын эсебинен каржыланат, калганы кайрымдуулук эсебинен жабылат.
"Киреше издөө биз үчүн эң маанилүү нерсе. Анткени биз эч качан коомдук уюмдардан жардам алган эмеспиз."
Азыр Силвейранын үй-бүлөсү 14 кабыланды багып жатат. Алардын ичинен 4 кичинекей, 8 чоң кабылан бар. Акыркы он жылда бул жерде 35 кабылан багылган.

Сүрөттүн булагы, Family handout
Кабыландар "Кызыл китепке" киргизилген жыркыч жаныбарлардын бири. Көпчүлүк учурда алардын санын көбөйтүүгө жана түрүн сактоого жардам берген уюмдарга жөнөтүшөт.
Кара чаар кабылан 21 өлкөдө кездешет. Бирок алардын популяциясынын (20-30 миң) дээрлик жарымы Бразилияда жашайт.
"Кабыландар үчүн адамдар менен калыптанып калган мамилени үзүү оор. Эгер аларды жапайы жаратылышка коё берсек, алар адам менен мамиле издеши мүмкүн. Мунун жыйынтыгында адамдын курмандыгы болуп калуу коркунучу бар", - деп түшүндүрөт Жакомо.
Былтыр Тьяго окуусуна байланыштуу кабыландарынан ажыраган. Анткени азыр штаттын борборундагы мектепте окууусун улантып жатат Ал азыр чоң мышыктарын абдан сагынып жүрөт.
"Мен үчүн оор. Анткени мен алар менен төрөлгөндөн бери бирге өстүм. Ата-энеми көргөнү барганда кабыландар мени сагынганын түшүнөм. Алар эми мени менен такыр башкача ойнойт", - дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Family handout
Ягуарлар менен чогуу тартылган сүрөт Тьяго штаттын борборундагы мектебинен каникулга кайтып барган учурда тартылган.
"Мен ата-энемдин жолун жолдоп биологияны изилдегим келет. Алар бир түрдү сактап калууга аракет кылып жатышат, мен да алардын ишин улантам", - дейт Тьяго.
Ошондуктан, качандыр бир убакта Леандро Силвейранын неберелерин дагы чоң мышыктар менен чогуу көрүп калышыбыз мүмкүн.








