Тарбия берүү үчүн кол көтөрүп жазалоого болобу?

Кыргызстанда балдарды мугалимдер какыс-кукус кылып, кол менен сабап жаткан көрүнүштөр коомдо катуу талкууларга жем таштап келе жатат. Айрымдар балага кол көтөрүүгө болбойт десе, айрымдар ата-бабалардан келе жаткан ыкма, тартипке чакыруу үчүн "камчылап" койсо болот дейт.

Окурмандарга башка өлкөлөрдө кандай ыкмалар бар экенин кыcкача айтып берели.

Балдарды тарбиялоо боюнча эмгектерди жазган көпчүлүк психолог жана психиатрлар балдарды күч менен жазалоого каршы пикирде. Мындан эч кандай натыйжа жок жана ортодогу мамиленин салкындашына алып келет деп эсептешет.

Балдарды кол менен уруп жазалоо кеминде дүйнөдөгү 44 өлкөдө мыйзам менен тыюу салынган. Балдардын денсине зыян келтирүүгө каршы биринчи болуп мыйзамды 1979-жылы Швеция кабыл алган.

Муну менен бирге эле балага кол тийгизип жазалоо боюнча мыйзам айрым өлкөлөрдө "үйдө жана мектепте" деп ажыратылган. Маселен, Скандинавия өлкөлөрүндө жана Ирландияда балдарга дегеле кол тийгизүүгө мыйзам жол бербейт. Британия менен Орусияда болсо мектепте тыюу салынган, бирок үйдө какыс-кукус кылам десе, ал ата-эненин абийрине калтырылган.

Денесине уруп жазалоо консервативдик көз караштар үстөмдүк кылган өлкөлөрдө дагы деле колдонулат. Айталы, Египет, Сирия сыяктуу өлкөлөрдө бар.

Өзгөчө бул катарда өнүккөн, шаарлашкан Сингапурдун турганы кызык. Бул өлкөдө окуучуларды (эркек балдар) тартипке чакыруу үчүн чыбык менен жазалашат.

Буга чейин мындай практика Түштүк Кореяда дагы бар эле. Бирок 2011-жылы мектептерде чыбык менен жекелеп жазалоого тыюу салышты. Деген менен Жапония сыяктуу өлкөлөрдөгү элеттик мектептерде бул ыкма дале сакталып калган.

АКШда балдарды кол тийгизип жазалоого каршы федералдык мыйзамдар жок. 31 штатта жана Колумбия округунда мектепте жазалоого каршы чектөө көптөн бери эле бар. Нью-Жерсиде 1867-жылдан тарта, калган штаттарда жана Вашингтондо 1971-2011-жылдар аралыгында киргизилген.

Он жыл мурун денеге зыян келтирип жазалоону жокко чыгарган Огайо штатындагы Натыйжалуу тартип борборунун директору Дебора Сендек:

"Мындай жазалоонун натыйжасы кыска болот. Башкача айтканда, бала кайсыны кылса болот же болбойт дегенди убакыттын өтүшү менен аңдап түшүнөт. Ошондуктан уруп-сабап жазалоонун эч кандай келечектүү натыйжасы жок. Тескерисинче, зыяны көп болот",-деди.

1970-жылдардын ортосуна чейин чыбык менен жазалоо британ мектептеринде кеңири жайылган эле.

1986-жылдан тарта Британияда мамлекеттик мектептерде баланы уруп жазалоого тыюу салышкан. Бирок жеке мектептерде 17 жылдан кийин гана тыюу салынды.

Бирок буга карабастан 10 жыл мурунку TES журналы өткөргөн сурамжылоодо королдуктагы мугалимдердин 22 пайызы балдарды анча-мынча жазалап койсо болорун айтышкан. (AbA)