You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
2018-жылы саламаттыкты сактоодо күтүлгөн сыноолор
2017-жылы медицинада чоң жылыштар болуп, дарыгерлер органдардын жетишсиздиги менен жана оор гинетикалык илдеттер менен натыйжалуу күрөштү.
Ал эми 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоо жаатында көптөгөн жаңылыктар жана сыноолор күтүлүүдө. Аларга сереп салабыз.
Малярияга каршы вакцина
Жайында малярияга каршы тарыхтагы биринчи вакцина Кения, Малави жана Ганада колдонула башталат.
Малярия илдетинен 2016-жылы 500 миң адам каза тапкан. Бул долбоорго үч мамлекеттеги 750 миң жаш бала катышат.
Бул вакцинанын кемчиликтери дагы бар - бейтап эки жылдын ичинде төрт жолу эмдөөдөн өтүшү керек жана сыноолордон кийин даары 10 баланын төртөөнү гана маляриядан коргоп калган.
Бирок ага карабастан вакцина он миңдеген адамдын өмүрүн сактап калат деген үмүттөр айтылууда.
Холеранын очогу
2018-жыл башталып жатканда, дүйнө жүзүндө көптөгөн согуштар жүрүп жатат. Жаңжал болуп жаткан аймактарга даары-дармек жеткирүү өтө татаал экени бышык.
Жарандык согуш жүрүп жаткан Йемендеги холера илдетинин тез тараганы XXI кылымдагы эң кейиштүү окуялардын бири болду.
Сегиз айдын ичинде бир миллион адам илдетти жуктурду. Булганыч суудан улам пайда болгон холерадан 2 миң киши каза тапты.
Ал ортоодо Йеменде ачарчылык дагы коркунучу бар. Демек, себептен мамлекеттеги порттор ачылбаса, өлкөдө 2018-жылы миңдеген адамдар каза табат деген эскертүүлөр айтылууда.
Холера илдети Бангладештеги рохинжа качкындарына дагы коркунуч жаратат. Миңдеген рохинжа мусулмандары Мьянмадагы куугунтуктан качып, Бангладешке жер которду. Качкындар лагерлеринде кишилер жык толуп, ал жерде холера илдети тез тарашы ыктымал деп маалымдалууда.
Качкындар лагерлеринде холерага каршы эмдөө иштери башталган. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаш балдарга туберкулез, полиомиелит жана башка илдеттерге каршы эмдөө иштери башталат деп билдирди.
Антибиотиктин адамзатка коркунучу
Антибиотик кризиси болсо эки жылдан бери негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Антибиотиктерге туруштук бере алган бактериялар келечекте чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн.
Эгерде жаңы антибиотиктер ойлоп табылбаса, 2050-жылы супербактериялардан дүйнөдө жылына 10 миллион адам каза табышы ыктымал.
Дарыгерлер антибиотиктерди ар түрдүү илдеттерге жана инфекцияларга каршы колдонот. 2018-жылы Европада жаңы антибиотиктер сыноодон өтөт. Анын ичинде кургак учукка дагы каршы жаңы дарылар сыналат.
Быйыл Таиландда өтчү саламакттыкты сактоо боюнча ири жыйында дал ушул маселе талкууга алынат.
Антибиотиктин мааниси
Антибиотик кокустан табылган көп ачылыштар сыяктуу 1928-жылы пенициллинди ачуудан башталды. Өлүмгө алып келип жүргөн инфекцияларды оңой дарылап, көп өмүрлөр сакталды. Антибиотиксиз азыр оор илдеттерди айыктыруу жана операцияларды жасоо дээрлик мүмкүн эмес.
Антибиотик бактериялык оорулар үчүн. Ал вирусту же инфекциянын башка түрлөрүнө каршы күрөшпөйт.