Атып эле жеп салганга акыбыз барбы?

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бала кезде тайларымдыкында жүрүп бирөөнүкүнө барганыбыз, ал жерден кагырап катып калган этти жегенибиз эсимде. Кийин ойлоп көрсөм уурудай эле бекинип жеген экенбиз. Каалгасын бекем жаап, катып койгон жерден этти алып чыкканы көз алдымда. Сөз арасында бугунун эти дегени азыр да кулагымда. Маани деле берген эмесмин. Көрсө табиятка кыянаттык болгон экен да... Даамы азыр да оозумда турат дегидей татымы да эсимде жок. Бирок, үй ээсинин ашкере сактанганы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Ушунун баары кайран бугу, маралга байланышкан эскерүүлөр. Мен эми ал өрөөнгө бугунун этин жегени эмес, бугу, маралды коргоо чакырыгы менен бардым. Анда сөз башынан болсун.

Бишкектиктер соңку жылдары Ала-Арчага барып, эчки, теке көрүп калып кубанычын сүрөт, видео коштоп бөлүшүп жүрөт. Бул керемет да! Эми ошол жерде андан дагы көркөм, андан дагы келишкен он эки айры мүйүздүү бугу, келишкен марал жүрсө кандай болмок? Көрсө, мурун Кыргызстандын токой баскан жерлеринде бугу, марал ээн-жайкын байырлаган экен да. Нарын менен Ысык-Көлдү айтпаганда деле Таласта, Алайда, Жалал-Абадда жана башка жерлерде. Анан кырылып олтуруп көп жерде тукум курут болуп, саналуу баш Нарында, мүмкүн Кемин менен Көлдө да калган дешет. Бул теманы тартабыз деп жер кыдырып жүрүп, Нарындан азыркы корукчу, убагында колунан мылтыгы түшпөгөн браконьерди кезиктирдик. Далай кызыкты айтып берди. Каарманыбыздын аты-жөнү Талантбек Шабдалиев. Ал азыр үй-бүлөсү менен бугу, маралды коргоочуга айланган. Бирок, тээ токсонунчу жылдары бул киши адырдан аркарды, эңкейиштен эликти, буйткадан бугуну да аткан экен. Анын айтымына караганда, бул түшүнбөстүктөн эле эмес, ошол жылдардагы жетип-жетпеген оор жашоонун айынан дагы болгон. Мыкаачы го деп тилдебей туруңуз, анын чоо-жайын азыр кенен баяндайм.

"Жашыргында эмне, кезинде менде дагы ошондой иш болду. Эмне кабылса ошону атып жүрчү экенбиз. Ал кездеги жашоо шарт да ошого түрткөн экен. Атып, этин жеп, сатып ага кем-карчыбызды толуктап оокат кылган жылдар болду. Бир окуя мени аябай өзгөрттү. Бир ирет ууга чыктым. Жер-суунун баарын кыдырып жүрүп бир марал аттым. Сүйүнгөндү айтпа. Ошончо жерге барып, жанымда ашып кетсе эки ок. Болбосо жалгыз ок менен. Элдин колу жука кез экен да. Азыркы браконьерлердей килейген мылтык, чөнтөк толо ок деген жок. Баягы маралды сулата атканда сүйүнгөнүмдөн учуп эле жанына жеттим. Шыйрактан алып, сүйрөп түшөйүн десем эле башын көтөрүп, чыйылдап жиберди. Байкуш жаны чыкпай кыйналып жаткан экен. Денем дүр этип эле кетти. Нес боло түштүм. Таштай салып эле көздөн далда бадалдын ары жагына барып олтурдум. Жаны чыкпай кыйналып жатты. Аны көрүп өзүмдүн зээним кейигенин айт. Ушуга кантип колум барды, кайдан да аттым эле деген ой басты. Жок дегенде өлтүрө атпаймынбы дейм, бирок, ошого да октун жогун карасаң.

Кыйла убакыттан кийин келсем жаны чыккан экен. Эмне кылам. Мынча аткан соң талаага таштап, карга-кузгунга калтырып кетмек белем? Айла жок алып кетиш керек. Алып келдим, алып келгенде дагы, жолдо дагы, этин жейбиз деп олтурганда дагы ошол окуя такыр мээмден кетпей койду. Жаны кейип, көзүн жалдыратып караганы, тыбырчылап бут серпкени көз алдымда туруп алды. Ошондон кийин аткыс болдум. Атпайм деп өзүмө сөз бердим. Андан кийин улуу кийик деп кийик атууга кол көтөрбөс болдум. Азыр эми ушуларды коруп иштеп жүрөм. Кантип ошол кезде колубуз барган дейм. Кадимки эле жапайы бугу, маралды жакындан көргөн далай учур болду. Мурдагыдай мылтык ала чуркамай деген жок. Тескерисинче ушулар көбөйсө, келечекте балдарыбыз аларды көбүрөөк көрүшсө дейм. Азыр багып жатканым, кам көргөнүм, кийин да коргоо үчүн кылган иштерим менен мурда кылган терс иштеримди жууй аламбы деп ойлойм",- дейт корукчу Талантбек Шабдалиев.

Дал ушул "Сапарды" тартып жүрүп, азыр да ошол эле өрөөндүн бирин экин жашоочулары август, сентябрь айларында бугу, маралга аңчылыка чыгаарын эшиттим. Алардын ошону менен ырахаттанып, ошону менен этке жеттим дегени кантип үрөй учурбайт? Өздөрү деле бир аз эле ой жүгүртсө ак карасын ылгап алат эле да. Бул кылмыш, бул күнөө, бул табиятка болгон наадандык. А кийикти атып этин бала-бакырасына жедирүү жакшы эмес го...

Бугу, марал жөнүндө атайын берүүнү толугу менен бул жерден көрсөңүз болот

Дегеле кайберенге кол тийгизгенге, атып алып ырахаттанып жегенге акыбыз барбы? Кыштын кыраан чилдесинде кеминде 40-50 градус суукта, ызгаарда, борошологон каарда бир тутам чөпкө зар болуп турганда биз аларга чөп үзүп, же жем камдап бердик беле? Же болбосо төлдөп, телчиктире албай жатканда үйдөгү козу, улакча алардын балдарын бапестеп койдук беле? Табиятынан ошондой жаралып, алар менен азыктанган карышкыр, илбирс кол салган учурда корудук беле?

Ошонун ордуна малыбызга карышкыр тийсе эмне болуп кетебиз, керек десе, аттап, тондоп аңчы дагы жалдап жиберебиз да. Төрт түлүк биздин энчибиз болсо, кайберен, бугу, марал дегенибиз табияттын энчиси. Күйгөндөн айткан кайран кеп болбой, эми Европада башымдан өткөн кызыктуу бир окуяны баяндап берейин. Өзүңүз салыштырып көрүңүз.

2016-жылы Лондондо жүргөнүмдө продюсерибиз Гүлнара Касмамбетова айтылуу Уинстон Черчилдин үй музейине сапар уюштуруп калды. Белгилүү бир аралыкты атайын жөө басалы деп чечтик. Жалгыз аяк жол менен баратсак кадимки эле бугу маралдар эгин талааны аралап жаныбыздан өтүп кетсе болобу? Эми келишкен көркөмүн айтпаңыз. Шаардын парктарында сүзүшүп, оюн салган эликтерди, колуңан тамак жеген ак куу менен жапайы тоту куштарды айтпай эле кой. Биз аларга баарыбыз суктанабыз, укмуш экен деп тамшанабыз. Бирок, ошондой шартты, көрүнүштү өзүбүздө түзүп алганга ким тоскоол болуп жатат? Батышпы же Кытайбы?

Кийик атып келсе кошо жешпей, же кийикке чыгып эс алдык дебей бири-бирибизди тыйсак, корукчуларга мүмкүн болушунча шартын жакшыртып, сааттап ат менен кыдыра турган жерин дрон же камера менен көзөмөлдөгүдөй шарттарды түзсөк буюрса бизде да бугу алдыбыздан чыгат...