Литва Беларус менен чектеш аймакта мигранттардын агымын токтотуу үчүн тосмо курат

Литва өкмөтү Беларус менен чек арада тосмо куруп, мигранттардын өлкө аймагын мыйзамсыз кесип өтүүсүнө бөгөт коюу үчүн өз аскерлерин коерун билдирди.

Өкмөт башчы Ингрида Симоните 1-июндан тарта 1000 мигрант чек аранын 679-чакырымында кармалганын билдирди.

Евробиримдиктин мүчөсү болгон Литва Беларус мигранттарга чек араны кесип өтүүгө уруксат берген деп айыптап жатат. Эки өлкөнүн мамилеси май айында белорус диссиденти камакка алынгандан кийин курчуп кетти.

Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега Грециядан Литвага учуп баратканда, Беларус бомба жарылат деп учакты Минск аба майданына кондурган. Бирок мындай коркунуч болгону жалган болуп чыкты.

Ryanair учагы жерге конору менен аты аталгандар кармалып, камакка алынышты.

Евробиримдик жана башка батыш өлкөлөрү беларус президентин былтыр өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалады деп айыптап келишет.

Бийликти 27 жылдан бери мыкчып отурган жана Европанын эң акыркы диктатору атка конгон Лукашенко мындай айыптарды четке кагып келет.

Вильнюста шаршембиде өткөн брифингде Симоните айым Беларус менен чектеш аймакта "кошумча физикалык тоскоолдук" курулат деди.

Анын айтымында, бул "мыйзамсыз мигранттардын агымын уюуштургандарга кандайдыр бир белги жана токтотуучу фактор" болот.

"Чек арачыларга жардам ирээт биздин аскер күчтөрү да чек ара күзөтүнө тартылат", - деди Симоните.

Былтыр өлкөдө 81 мыйзамсыз мигрант колго түшүрүлгөн, бул соңку жумада кармалгандар санынан алда канча аз.

Симоните Беларус мигранттарга Минскке рейстерди сунуштаган деп, буга далили бар экендигин айтты. Литвага келгендердин арасында жок дегенде бир кишиде ошондой болгон.

"Минск менен Багдадды байланыштырган тикелей рейстер бар, мисалы, Беларуста жана башка өлкөлөрдө "туристтерди" Минскке чакырган агенттиктер иштейт" - деген Симоните Reuters маалымат агенттигине.

Литванын тышкы иштер министри Габриэлиус Ландсбергис Беларус аркылуу Литвага кирип жаткан мигранттар Минскиге Түркиядан учак менен келишкенин айтты.

Ал түрк коллегасынан андай келгиндерди таанып-билүүгө жардам берүүнү суранганын да кошумчалады

ЕБ Frontex чек ара агенттигинен Литвага адам жөнөтүп, ал мигранттарга байланыштуу кризисти жайгарууга жардам бермекчи.

Лукашенко Беларус ЕБге өтөм деген мигранттар агымын токтотууга аракет кылбасын буга чейин бир нече жолу эскертип келген.

"Польша, Литва, Латвия жана Украина менен чек араларды жаап, Афганистан, Иран, Ирак, Сирия, Ливия жана Тунистен качып келе жаткан адамдар үчүн биз лагер болобуз деп ойлогондор жаңылышат"- деген эле Лукашенко шейшембиде.

"Эч кимди кармабайбыз, алар бизге эмес алдыңкы, жылуу жана абдан ыңгайлуу Европага бара жаткандар", - деп мыскылдаган эле ал. (EK)