ЖРТдан 231 балл алган Алиянын албан ийгилиги
Бишкектеги №26 гимназиянын бүтүрүүчүсү, жалпы республикалык тестирлөөдөн 231 балл алган Алия Сарыгуловагa бүгүн Бишкек мэри "алтын сертификат" тапшырды. Ал тесттин жыйынтыгы менен өлкөдөгү бүтүрүүчүлөр арасында экинчи болуп келди.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Алия биринчи класстан тарта жакшы окуганын, сейилдеп сыртка да чыкпай, жалаң билимге умтулуу менен келе жатканын айтып берди.
"Учурдагы негизги планым - БААУ университетине тапшыруу. Мен ал жактагы сынактарга катышып, программдык инженерия адистигин тандап алдым. Анткени IT тармагы дайыма өнүгүп турат. Өзүм техникалык адистиктерге кызыккандыктан, IT адиси болууну чечтим",- деди Алия.

Алиянын албан ийгилиги миңдеген өспүрүмдөрдү шыктандырууда. Би-Би-Си Алия менен байланышып, анын келечек максаттары тууралуу маек курду.








