Катар-катар кармоолор, камоолор

Улуттук коопсуздук комитети

Сүрөттүн булагы, Social media

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Андан мурда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана мурдакы айыл чарба министри Талантбек Узакбаев, экс-депутат Исхак Пирматов кармалды.

Бүгүн ЖКнын мурунку төрагасы Дастан Жумабеков баш болуп дагы бир нече депутат УКМКга сурак берип чыкты. Булардын көбү "Кумтөрдөгү" коррупция боюнча иштин алкагында кармалып, суралып жатат. Соңку камоолор менен кармоолор коомчулукта карама-каршылыктуу реакция жаратууда.

Бул кармоолор менен камоолор күтүүсүздөн болгон жок. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы мындан эки апта мурда эле "Кумтөрдөгү" коррупция боюнча толтура кишинин жоопкерчилиги караларын, анын ичинде азыркы парламенттин бир топ депутаттары бар экенин эскерткен болчу.

«Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн фамилияларды ачык айтпайбыз. Бирок бүгүн токтом кабыл алынса, эртеңден баштап бул адамдарды тергөөгө чакыра баштайбыз. Ачыгын айтыш керек, эртеңден баштап жоопко тарта баштайбыз, алар мамлекеттен чыгып кетпеши үчүн»,-деген Камчыбек Ташиев.

«Кумтөр» компаниясын текшерип чыккан мамлекеттик комиссия «Центерра» менен келишимге кол койгон мурдакы президенттер менен өкмөт башчыларын саясий жана мамлекеттик коррупцияга айыптап жатат. Расмий маалыматка караганда, «Кумтөр» боюнча УКМКда төрт кылмыш иши козголду. Алардын бири "Кумтөр" компаниясынын жетекчилерине каршы козголгон, ал эми калган үчөө коррупция, жерди мыйзамсыз берүү, салыктан мыйзамсыз куткаруу, экологиялык зыянга алып келген чечимдер боюнча.

"Кумтөрдү" текшерген мамлекеттик комиссиянын отчетунда мурдакы президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев жана «Центерра» менен мурда кийин келишимдерге кол койгон бардык жетекчилердин ысымдары аталган. Алардын арасында мурдакы премьер-министрлер Н. Танаев, Ж. Сатыбалдиев, Ж. Оторбаев, С. Исаков, о. эле «Кыргыз алтынды» башкарган жетекчилер бар.

Алардан сырткары убагында мамлекеттин геология жана экология жагын караган, Кумтөрдөгү өндүрүштүк жана экологиялык зыянды көрмөксөн болгон же тийиштүү чара көрбөгөн кызмат адамдарынын баарынын жоопкерчилиги жөнүндө сөз болууда. Кеп "Кумтөр" долбоорунда Кыргызстандын үлүшүн азайтып жиберген, компанияны салыктан куткарып жиберген, мамлекетке экономикалык жана экологиялык зыян алып келген, жең ичинен коррупция жолу менен бүткөн чечимдер жөнүндө болуп жатат.

"Саясий боегу бар"

Ошол эле убакта бийлик «Кумтөр» маселесине жамынып, саясий атаандаштарынын тизгинин тартып коюш үчүн, бөрк ал десе, баш алмай жолго түшөбү деген дагы чочулоо болуп жатканын айта кетели. Жогорку Кеңештин трибунасынан мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков «Кумтөрдүн» айланасында болуп жаткан окуяларды "чоң саясат, шоу, чылгый оюн" деп атаган эле.

Рыскелди Момбеков "Кумтөрдүн" айланасындагы окуяларга өзгөчө пикирин билдирген.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рыскелди Момбеков "Кумтөрдүн" айланасындагы окуяларга өзгөчө пикирин билдирген.

Коомдук ишмер Эмил Саламатов «мамлекеттик комиссия бирөөлөрдү ашыкча каралап, кимдир бирөөлөрдү калкалап жатканы айдан ачык болуп калды. Бул маселенин терең, калыс жана адилет каралышы учурдун зарыл шарты",- деп Фейсбукка жазды.

"Бул иш мыйзамсыз, саясий боегу бар. Ошондуктан биз Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беребиз",-деди Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов.

«Кумтөр» маселеси башынан эле жөн гана бизнес же экономикалык эмес, саясатташкан иш болуп, өлкөдөгү чоң саясаттын катализатору болуп келгени белгилүү. Токсонунчу жылдардагы өкмөт башчы Чыңгышевден бери алганда эле канчалаган өкмөт тарап, премьер-министрлер толтура чуу менен кызматтан кеткени белгилүү.

Ал эми азыр "Кумтөрду" башкаруу тизгини мамлекет колуна тийген маалды бийлик өзүнүн саясий позициясын жана күч-кубатын чыңдоонун эң ыңгайлуу учуру катары карап жаткандай. Ошол себептүү азыр "Кумтөр" президентке, анын командасына өзүнчө саясий упай топтогон процесске айланууда.

Бишкектеги бир маалымат агенттиги өткөргөн сурамжылоо катар-катар камоолорго коомчулуктун мамилеси ар кандай экенин көрсөтүүдө. Мисалы, айрымдары бул кадамдарды коррупцияга каршы күрөш, шайлоо алдындагы жолду тазалоо деп атап жатканда, байлыкты кайра бөлүштүрүү дегендер басымдуу болуп жатканын айта кетели. Ал эми сурамжылангандардын төрттөн бири олигархтардын эсебинен мамлекеттик казынаны толтуруу деп жооп айтышкан.

Ошол эле учурда бийлик түшкөн жолдун тайгак жана тобокели көп деп жатышат. Бул кырдаал өз кезегинде азыркы президенттен жогорку кесипкөй кадамдарды талап кылууда. Бул жолдогу жаңылыш кадамдар бийликтин өзү үчүн саясий жагынан зыяндуу болсо, бүтүндөй мамлекет үчүн экономикалык жагынан да кесепети оор болот. Таразада Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги бедели турат. (КС)