Коронавирус: Түркияда абал оорлошту, Кыргызстанда жаңы учурлар көбөйдү

Кыргызстанда бир суткада коронавирус инфекциясынын 305 жаңы учуру катталды. Анын 186сы баш калаа Бишкекте. Ал эми вирустан алты бейтап каза тапканы кабарланды. Бул соңку төрт айдагы эң жогорку көрсөткүч.

Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы "кызыл зонага" барды. Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор абалда, 144ү оор абалда экенин маалымдады.

Кыргызстан коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкунуна даярдык көрүүдө. Соңку апталарда коронавирустун жаңы учурлары көп аныкталууда. Жаңы учурлардын көбү баш калаа Бишкек менен Чүй облусунда.

Өкмөт абалды оңой эмес деп баалап жатат. Бирок азырынча чектөө чараларына бара элек. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда Covid-19дан 1540 бейтап каза тапты.

Түрк бийлиги жаңы толкунду токтотуу аракетинде

Түркияда Covid-19 менен ооругандар саны кескин жогорулап кетти. Соңку төрт күн ичинде 200 миңдей кишиден жаңы учурлары аныкталды.

Күн сайын жаңы жуктуруп алгандар саны 50 миңден төмөн болгон жок.

"Соңку күндөрү өзгөчө ири шаарларда вирусту жуктургандар жана андан көз жумгандар саны өсүп кеткени бизди кайрадан катаал чараларды кабыл алууга аргасыз кылат",-деп билдирди президент Реджеп Тайип Эрдоган басма сөз жыйынында.

"Биздин негизги максат - Рамазандын биринчи аптасында жаңы учурлардын катталышын жана өлүм-житимди кескин кыскартуу. Эгерде биз буга жетише албасак, анда катаал чарадан качууга мүмкүн эмес",-деп кошумчалады түрк лидери.

Шаршембиде ИИМ коменданттык саат узартылганын айтып, шаарлар ортосундагы карым-катнашка, спорт зал, бассейн, үйлөнүү тойлорун өткөрүүгө тыюу салынды. Мектептер кайрадан аралыктан окутууга өттү.

Чектөө чаралары өлкөнүн баардык провинцияларына кирди, ал тургай коронавируска байланышкан кырдаал туруктуу саналган аймактарга дагы киргизилди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Түркияда марттын ортосунан тарта жаңы учурлар көбөйө баштады.

Бир апта мурун 49 миң кишиге вирус жукканы белгилүү болгон. Эртеси күнү бул сан 54 миңге чыгып, ошондон бери 50 миңден төмөн боло элек. Түркияда 34 миңден ашуун киши коронавирустан көз жумду.

Кырдаал куручуп жаткан шартта өлкөдө калкты жапыр эмдөө өнөктүгү жүрүүдө. Жекшембидеги маалыматтарга караганда 18 млн. киши эмделди. Көпчүлүгү кытайлык өндүрүштөгү Sinovac фирмасынын вакцинасын алган.

Вирустун кайра күчөп кетишине марттын башындагы кафе, ресторандардын ачылганы себеп болду деп айтылууда. Бийлик экономикага жеңилдик алып келүү үчүн тейлөө тармагындагы чектөөлөрдү алган эле.

"Тилекке каршы, биз карантин чараларын бошоңдотуп, эмдөө иштерин күчтөндүрө албай калдык",-деген Hurriyet басылмасына курган маегинде саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожо.

"Ооруканаларда азырынча маселе жок. Бирок эгер ушундай абал үч-төрт апта уланчу болсо, көйгөй жаралат",-деди министр. Анын айтымында өлкөдөгү ооруканалар 55% толду, ал эми жандандыруу бөлүмдөрүндөгү орундар 67,4% толду.

Өлкө бийлиги мындай абалдан улам чектөө чараларын киргизүүгө аргасыз болду. Бул мусулмандар үчүн ыйык саналган Рамазан айына туш келүүдө.

Расмийлер жаңы учурлардын 85% Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы экенин ырастады. Бул штамм өтө тез жукканы менен өзгөчөлөнөт.

Бейшембиден тарта Орусиядан келген аба каттамдарына чектөө киргизилет. Муну орус өкмөтү коронавирустун күчөшүнө байланыштуу кабыл алган эле.