You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавируска каршы эмдөө орозону бузбайт
Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы Рамазан айында коронавируска каршы эмдөөгө уруксат берген фатва чыгарды. Мунун алдына Кыргызстандын муфтиятынын өкүлдөрү дагы жергиликтүү басылмаларга вакцина орозону бузбай турганын айткан.
Мусулмандар үчүн ыйык саналган Рамазан айы 13-апрелден башталды. Азыр көп өлкөлөрдө коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү жүрүүдө. Ошого байланыштуу мусулман өлкөлөрүндө атайын фатвалар жарыяланууда.
Рамазан айында эмдөөдөн өтүү орозону бузбай турганы боюнча фатвалар Иордания, Сауд Арабиясы, Египетте кабыл алынган.
Кыргызстанда 24-марттан бери коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген. Алды менен медицина кызматкерлери, мугалимдер, милиция кызматкерлери, чек арада, аба майданда, санитардык-көзөмөл бекеттеринде иштеген кызматкерлер эмеделет деп айтылган. Ошондой эле өнөкөт оорулуулар жана улгайган жарандар эмделет.
Кыргызстанга Кытайдан 150 миң дозалык Sinopharm вакцинасы келген. Аны менен 75 миң адамды эмдөөгө мүмкүн. Мындан тышкары Орусиядан "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасы, ошол эле өлчөмдө AstraZeneca вакцинасы COVAX аркылуу алынып келинери айтылган. Кыргызстандагы эмдөө өнөктүгү вирусту жаңы жуктургандар саны кайра көбөйүп жаткан учурга туш келди.
Өзбекстан болсо 1-апрелден тарта элди жапырт эмдөөгө киришти. 17-мартта Ташкентке Oxford-AstraZeneca (660 000 доза) вакцинасынын биринчи бөлүгү жеткирилген.
Казакстанда февралдан тарта Covid-19га каршы жалпы эмдөө башталды. Анын биринчи этабында медицина кызматкерлери эмделди. Бардык өлкөлөрдө эле коомчулукта вакцинага болгон ишенбөөчүлүк, каршылык жана ушак айың кептер кеңири тарады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "эмдөөгө каршы кыймылдарды" глобалдык саламаттыкка байланышкан негизги он коркунучтун бири катары көрсөткөн. Ошондуктан калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү дагы маанилүү. Айрымдар вакцина өтө кыска аралыкта иштелип чыкканына дагы күмөнсүп жатышат деген уюм.