Оштогу добуш сатып алуу аракети, таштанды челектеги бюллетендер

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча "добуштарды сатып алуу" боюнча 16 факты териштирилүүдө.

Шаардык милиция кечээ кечинде шаардык кеӊешке ат салышып жаткан партиялардын биринин үгүтчүлөрү добуш сатып алууга аракет кылганы тууралуу арыз түшкөнүн ырастады.

"Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө бир партиянын үгүтчүлөрү тарабынан, добуш сатып алууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча чогултулган иш кагаздары, Ош ШИИБнын маалыматтарды эсепке алуу журналына сотко чейинки өндүрүш иши катталып тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат",-дейт шаардык милициянын басма сөз кызматы.

"Тергөө учурунда Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүнүн 1944-жылы туулган тургуну Д.С. күбө катары суралып, ал өз көрсөтмөсүндө "2021-жылдын 10-апрелинде Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүнүн аталган көп кабаттуу үйүнүн домкому 23.05.1962-ж.т. Ж.Р. мага үйдүн алдында жолугуп, 1000 сом акча каражатын берип, бюллетендеги турган бир партиянын атын атап, ошол партияны шайлайсыз деди" деген көрсөтмөсүн берген. Алган акчасын тергөө кызматкерлерине кайтарып берген. Ал эми Ж.Р чындыгында бир саясий партиясынын үгүттөөчүсү экендигин, бирок Ж.Сга 1000 сом акча каражатын такыр бербегендигин, добуш сатып алууга аракет кылбагандыгын билдирген",-деп маалымат таратты шаардык милициянын басма сөз кызматы.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө Бишкектеги шайлоо участогунун биринде таштанды челекке ыргытылган бюллетендер тууралуу "Kloop.kg" жазып чыкты. БШК расмий билдирүү таратып, шайлоо участогунун төрагасынын түшүндүрмөсүн жарыялады.

Анда "44 бюллетень референдум боюнча, 50сү шаардык кеңешке шайлоо боюнча, жалпы 94 бюллетень таштанды челекке ыргытылганы" айтылып, тесттик бюллетендер экени көрсөтүлгөн.

БШКнын "Фейсбук" баракчасына "тесттик бюллетендер добуш берүү бюллетени болуп эсептелбей" турганын, "шайлоо документи" катары эсептелбесин айтты.

Байкоочулар шайлоо өнөктүгү учурунда катталган мыйзам бузуулар негизинен үгүт жүргүзүү эрежесин бузуу, административдик ресурсту колдонуу жана шайлоочулардын добушун сатып алуу болуп жатканын белгилешүүдө. Үгүт жүргүзүү эрежесин бузганы үчүн Бишкекте мурунку мэр баштап чыккан бир партиянын бир талапкери тизмеден алынды.

10-апрелдеги көчмө добуш берүү боюнча партиялардын арызы менен БШК Бишкектеги алты добуш берүү жайындагы добуштар жокко чыгарылды. "Реформа", "Республика", НДПК партиялары баш калаадагы көчмө добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу даттанган эле.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө байкоочулар добуш сатып алуу боюнча он эки факты катталганын билдирген. Аларды азыр укук коргоо органдары карап жаткан учур, бирок мындай иштерден укук коргоо органдары шак-шак бүтүм чыгарган учур болгон эмес. Алар ыкшоолук менен ишти карап бүткөнчө шайлоо да бүтүп калат. Алардын убагында чара көрбөй, ары-бери чоюп отуруп алганы көп учурда шайлоодо нааразылыкты күчөткөн себептердин бири болуп келатат.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу БШК маалыматы:

Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайлоо өтүүдө. Ошондой эле президенттик башкарууга ылайыкталган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлду. Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы референдумда добуш берүүгө укуктуу шайлоочулар саны үч жарым миллион ашуун (3 606 201) экенин кабарлаган. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жалпы шайлоочулардын 30% катышканда референдум өттү деп саналат.

Шайлоо өнөктүгү пандемия жакадан алып турган убакта жана экономикалык кризис шартында өтүп жатат. Ага кошумча негизги азык-түлүктүн жана мунайдын баасы кымбаттап турган учурга туш келди. (AbA)