Референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо

Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайлоо өттү. Ошондой эле президенттик башкарууга ылайыкталган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алдын ала алынган маалыматтар боюнча референдумга жалпы шайлоочулардын 30,89 пайызы (1 024 891) добуш берди.

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна "макул" деп 79.1%, "каршы" - 13.58% добуш берилген.

  • Бишкек шаары боюнча референдумга шайлоочулардын 23.70% (99 711) добуш берип, "макул" - 61.26%, "каршы" - 35.67%
  • Ош шаары шайлоочулардын 30.85% (46 884) добуш берип, "макул" - 79.98%, "каршы" - 11.81%
  • Жалал-Абад облусу шайлоочулардын 31.65% (212 938) добуш берип, "макул" - 84.26%, "каршы" - 8.02%
  • Ысык-Көл облусу боюнча 34.32% (106 699) добуш берип, алардын 85.06% "макул", 9.18% "каршы" болду
  • Нарын - 39.95% (81 580) шайлоочу добуш берди: "макул" - 82.7 пайыз, "каршы" -11.30 пайыз
  • Ош облусу - 246 429 шайлоочу (33.75%) добуш берип, анын 84.08 пайызы "макул", ал эми 7.50% "каршы"
  • Талас облусу - 67 959 (42.60%) шайлоочу добуш берип, анын 74.93% "макул", "каршы" - 16.15%
  • Чүй облусу - 184 809 (30.96%) шайлоочу добуш берип, анын 70.72% "макул", 21.24% "каршы"
  • Баткен облусу - 99 037 (32.96%) шайлоочу добуш берип, анын 83.97% "макул", ал эми 8.85% "каршы"

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы референдумда добуш берүүгө укуктуу шайлоочулар саны үч жарым миллион ашуун (3 606 201) экенин кабарлаган. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жалпы шайлоочулардын 30% катышканда референдум өттү деп саналат.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсебине караганда, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо алты партия 7 пайыздан көп добуш алды.

  • "Эмгек" - 13.81%
  • "Ак Бата" - 12,55%
  • НДПК - 10,52%
  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 10,19%
  • "Биздин Эл" - 7,87%
  • "Ынтымак" - 7,46%

Ош шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча үч партиянын добушу 7% чектен өттү.

  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 48,82%
  • "Улуттар Биримдиги" - 17,79%
  • "Ыйман Нуру" - 8,38%

Ош шаардык кеңешине катышкан алты партия добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган билдирүү таратты. Билдирүүнү "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Бир Бол", "Республика", "Ишеним", "Улуу Журт" партияларынын өкүлдөрү жасады.

Өлкө боюнча 420 айылдык жана 28 шаардык кеңеш куралганы турат. Айылдык кеңештердеги 7560 мандатка 18772 киши катталган, 5300ү аялдар.

Бишкек шаардык кеңешине бир мандат үчүн 40 киши ат салышты. Активдүүлүк быйылкы шайлоодо өзгөчө жогору. Бир орунга 5-6 киши күрөшүп жаткан райондор бар.

Өлкө боюнча алганда бир мандатка орточо 2,5 талапкер ат салышууда. Бирок активдүүлүк райондордо, айрым айылдарда да байкалат. Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон шайлоо округунда 10 мандатка 54 киши күрөшүп жатат, 12си аял.

Көпчүлүк кеңештердин мөөнөтү бүтсө, айрымдары пандемияга байланыштуу убактысынан ашып иштеп жаткан. Алар төрт жылга шайланат.

28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 59 саясий партиядан 11 782 талапкер көрсөтүлдү. Бишкек шаарында 25 партия, Ош шаарында тогуз партия ат салышууда. Курч атаандаштык дагы ушул эки шаарда болот.

БШК маалыматы боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоого бардыгы 59 партия катышууда:

  • "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы - 21 шаардык кеңешке
  • "Өнүгүү-Прогресс" - 17 шаардык кеңешке
  • "Замандаш" саясий партиясы - 16 шаарда
  • "Ыйман-Нуру" - 15 шаарда
  • "Ынтымак" - 14 шаарда
  • "Социал-демократтар" - 13
  • "Республика" -12
  • "Эмгек" - 11 шаарда
  • "Бүтүн Кыргызстан" -10
  • "Улуу Журт" -10
  • "Бирге Вместе" саясий партиясы -6
  • "Ишеним", "Кыргызстан" жана "Тынчтык" саясий партиялары 5 шаардык кеңешке
  • "Бир-Бол", "Жаңы-Доор", "Ата-Журт, "Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы" жана "Патриот ынтымагы" саясий партиялар 4 шаардык кеңешке
  • "Аманат", "Мекен Ынтымагы", "Нур", "Улуттар Биримдигинин Элдик партиясы", "Ордо", "Табылга" жана "Чоң-Казат" партиялары 3 шаардык кеңештин шайлоосуна катышууда.
  • "Мурас", "Айкөл-Кыргызстан", "Асман Ала-Тоо", "Ата-Мекен", "Бийлик элге", "Кыргызстан Жашылдар партиясы", "Кыргызстан Коммунисттер партиясы", "Реформа", "Кыргызстан социалисттик партиясы","Улуу Кыргызстан" партиялары 2 шаардык кеңешке ат салышууда.
  • "Улутман", "Акшумкар", "Калк Ынтымагы", "Энергетиктер", "Адилет", "Адилеттүү Кыргызстан", "Ак-Бата", "Ала-Тоо-Кыргыз жери", "Бүткүл Жаштар", "Калыс", "Кыргызстан жаштарынын прогрессивдүү партиясы", "Элдик партия", "Биздин эл", "Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын партиясы" , "Патриот", "Тандоо Эркиндиги", "Тилектештик", "Эл биримдиги", "Элдик Народная", "Асыл Мурас-Жаштар", "Күчтүү Коом ", "Столица ", "Тазалык" партиялары бир шаардык кеңешке ат салышууда.

Президент Садыр Жапаров бул шайлоодо бийликтин партиясы болбойт деген, анын өзүнүн "Мекенчил" партиясы шайлоого катышкан жок. Бирок үгүт иштеринин жүрүшүндө административдик ресурс баары бир кайсы бир партияларга иштеп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылды.

"Мекенчил" партиясы катышпайт деген билдирүүдөн кийин эмнени байкап атабыз? "Куттуу орун бош калбайт" дегендей, ал ресурс, бийликтин партиясымын дегендин өзү ресурс. Аны бир топ партиялар колдоно баштады, жеке кишилер, бийликке жакын болгон. "Ата-Журт-Кыргызстан", "Эмгек" деп атышат. Бишкек боюнча талаштар көп болуп атпайбы. Бир чети ошол, бийликке жакын болгондор азыркы бийликтин популярдуулугун, Садыр Жапаровдун популярдуулугун өзүнө колдонууга аракет кылгандай көрүнүп атат. Экинчи чети, оппозиция болгондор кээ бир лоялдуу партияларды бийликчилдер деп, де-факто бийликчилдер, де-юре бийликтин партиясы болбосо деле ошондой болуп жатат деген көрүнүш бар. Ошондуктан, өзгөчө ачык чаржайыт конкуренциянын болуп жатканынын бир себеби ушул",-дейт саясий эксперт Эмил Жураев.

Жергиликтүү шайлоого өнөктүк жогорку атаандаштыкта болуп жатканынын дагы бир себеби, анын келерки парламенттик шайлоого карата даярдык катары да каралып жатканында.

Өткөн күздө болгон парламенттик шайлоонун чыр менен аяктап, өлкөдө бийлик алмашууга алып келгени белгилүү. Жогорку Кеңештин азыркы курамы мөөнөтүн узартып, парламенттик шайлоо жылдырылган. Бирок анын ушул жаздабы, жайындабы же күзүндө өтөрү белгисиз.

Референдум

Кыргызстан 10-январда өткөн референдумда 81% добуш менен президенттик башкаруу формасын тандап алды. Андан кийин атайын түзүлгөн Конституциялык кеңешме президенттик башкаруу формасына ылайыкталган Баш мыйзамдын долбоорун даярдады. Эми долбоор элдин тандоосуна коюлду.

Кыргызстандын эгемендүү тарыхында Конституцияны өзгөртүүдө дайыма бийлик ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү маселеси ортого коюлат. Жаңы Конституцияны колдогондор президенттик башкаруу формасын артка кайтарууну - бийликке жоопкерчиликти берүүнүн жалгыз айласы катары көрөт. Алар "жоопкерчиликти бир эле кишиге жүктөп, акыйкат башкаруу камсыздалат" деп ишендирүүдө. Ошондой эле парламентаризм өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздай алган жок деп эсептешет.

Конституциялык реформага каршы чыккандар болсо, парламентаризмдин мындан аркы өнүгүшүн жактап келишти. Алар ушул жол аркылуу гана реалдуу демократиялык өнүгүүгө алып барып, бийликти бир колго топтоого, узурпацияга жол берилбейт деген пикирде. Алардын пикиринде маселе бир эле жоопкерчиликте эмес. Маселе - борборлоштурулган президенттик бийликте жана ишке ашпай калган парламентаризм институтунда. Соңку саясий кризис парламент институтунун жана демократиялык институттардын өнүкпөгөндүгүнөн келип чыкты.

Кыргызстанда иш жүзүндө парламенттик башкаруу эч качан болгон эмес. Башкаруунун аралаш түрү ишке ашырылып келген. Күч түзүмдөрү, прокуратура жана сот тутуму толугу менен же жарым-жартылай президенттин көзөмөлүндө болуп келген дейт эксперттер.

Кыргызстанда Конституциялык реформаны өткөрүүгө тогуз жолу аракет болгон. Жарандар президенттик, супер-президенттик, парламенттик-президенттик башкарууга күбө болду. Жаңы Баш мыйзамдагы бийликтин ыйгарым укуктары тууралуу бул жерден кеңири таанышыңыз: Бийлик алмашкан сайын жаңыланган Конституция: азыркысы жана мурункулары

БШК шайлоого жана референдум өткөрүүгө 425 млн сом чыгым кетерин айткан. Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум башынан бери катуу талаш-тартыш менен коштолууда. Каршы тарап баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу башынан эле одоно мыйзам бузуу менен өтүп жатат деп сындап, анын шайлоо менен бир учурда өтүп жатканы референдумга элди алып келүү максаты деп айтууда.

Шайлоо өнөктүгү пандемия жакадан алып турган убакта жана экономикалык кризис шартында өтүп жатат. Ага кошумча негизги азык-түлүктүн жана мунайдын баасы кымбаттап турган учурга туш келди. (AbA)