Бишкек-Ош унаа жолуна чектөө киргизилди

Суусамырдагы жүк тарткан унаалар

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-26-февралда күтүлүп жаткан катаал аба-ырайына байланыштуу негизги унаа жолдорго чектөө киргизилгенин кабарлады.

"Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Ошого байланыштуу Чүй облусунун Жайыл районунун "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун "Арал" өткөрмө бекеттеринде саат 22:00дөн тартып таңкы саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилет. Сиздерге алыскы сапарга чыгуудан баш тартууңуздарды сунуштайбыз",-деп айтылат министрлик тараткан билдирүүдө.

жеңил унаа

Сүрөттүн булагы, Айгерим Акылбекова

Акыркы күндөрү унаа жолундагы тайгак жана кардан улам оорчулуктар жаралды. Коомдук сайттарда жолдун татаал тилкелеринде унаалар жыйылып калганы тартылган тасма тараган. Бирок узакка туруп калган жүргүнчүлөр жок. Өлкөнүн түштүк облустарын борбор менен байланыштырган жападан жалгыз жол - Бишкек-Ош унаа жолу. Кыргызстан соңку жылдары Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары жаңы жол куруп баштаган бирок анын бүтүшү дагы үч-төрт жылга созулчудай.