You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүйнөдөгү эрип жок болуп бараткан мөңгүлөр
Климаттын өзгөрүүсүнөн улам Европанын эң чоң саналган Скафтафедл мөңгүсү тез эрип, 400 чарчы километрге азайганы айтылууда.
Фотограф Колин Бакстер Исландияда жайгашкан мөңгүгө 1989-жылы үй-бүлөсү менен саякат учурунда барган. Анын уулу, окумуштуу Киран Бакстер отуз жылдан кийин дал ошол жерге барып, сүрөттөрдү тартты.
"Ата-энем менен Скафтафедл мөңгүсү сыяктуу көз жоосун алган жерлерге бардык. Алар биздин мурас эле, жаратылыштын кооздугун көрүп таң каласың",-дейт Данди университетинин окумуштуусу Киран Бакстер.
Ал климаттын өзгөрүүсүнүн кесепети көп учурда билинбей же көрүнбөй, көптөр ага маани бербей жатканын айтат. Бирок алыскы тоолорго барганда, адам баласынын кадамы жаратылышка канчалык таасир этип жатканын так көрсө болот, дейт Бакстер.
Окумуштуулар глобалдык жылуулануудан мөңгүлөр катуу жабыркап жатканын белгилеп келишет. АКШНын изилдөөчүлөрүнүн маалыматында 1980-жылдан бери дүйнө мөңгүлөрүнүн калыңдыгы болжолу менен 24 метрге эриген.
Мөңгүлөрдүн жоголуп бара жатканын глобалдык деңгээлде изилдөө абдан татаал. Мөңгүлөрдү изилдеп жатканда асканын бийиктиги, канча кар жааганын, мөңгүгө шамалдын жана күндүн таасири каралышы керек. Окумуштуулар мөңгүлөрдү изилдеп бир нече кылым мурун кандай климат болгонун жана келечекте кандай климат болорун аныкташат.
Ошондуктан мөңгүлөрдүн тез эригени бир гана суу таңкыстыгына алып барбастан, планетанын тарыхын изилдөөгө бөгөт коет.
Кыргызстанда деле абал жакшы эмес
Мөңгү аянттары Кыргызстанда дагы кыскарууда дейт окумуштуулар. Айрым изилдөөлөр боюнча Кыргызстанда соңку элүү жыл ичинде мөңгү аянттары орточо эсеп менен 16 пайызга кыскарган. Чоң мөңгүлөр майдаланып кеткен учурлар бар.
"Мөңгүлөр кандай кыскарат деп алсак, өрөөн мөңгүлөрү деп коёбуз, булар бир жылда орточо алганда 8 метрге чейин кыскарууда. Ал эми чоң мөңгүлөрдөгү кыскаруулар мындан бир топ эле көп, 50-60 метрге чейин жеткендери бар. Анан эң аз кыскарганы тоо капталында асылып турган кичинекей мөңгүлөр - 2 метрге чейин азайып жатат",-деди изилдөөчү Рыскул Усубалиев.
"Орточо эсеп менен алганда мөңгү бир градус жылыганда 4 см эрийт. Кээ бир мөңгүлөрдүн калыңдыгы бир жылда 1,5 метрге жукарды. Анан узундугу 5 метрден 10 метрге чейин кыскарды. Чоң мөңгүлөр эрип, майдаланып кетти, майда мөңгүлөр болсо жок болуп кеткен мисалдар бар",-дейт окумуштуу Көчкүнбек Бакиров.
Мөңгүлөрдүн кыскарышына глобалдык жылууланууну таасири бар. Ошол эле маалда адам баласынын аракети дагы таасирин тийгизип жатканын четке кагууга болбойт. Окумуштуу баш калаа Бишкектеги эле аба ырайында соңку жылдары бир топ өзгөрүүлөр байкалганын айтууда.
"Бишкектин орточо температурасы көп жылдык норма деп коёт, ошол 1,5 -2 градус жогорулады. Мисалы, январь температурасы -5 градус болсо, азыркы норма -3 градус, ошондо 2 градуска жылды. Февралдыкы болсо -3 эле, азыр эми 1 градуска жылыды",-деди окумуштуу.
Окумуштуулардын ырастоосунда, мөңгүлөрдүн эриши Тянь-Шань тоо-кыркаларында 10 метрге чейин жетет. Ал эми өндүрүш аймагына айланган Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн абалын окумуштуулар мындан да оор деп белгилеп жүрүшөт.
"Мөңгүлөрдүн эрүү темпи абдан бат болуп жаткан - Ашуу-Төр, Чоң-Котур мөңгүсү. Бул жерде табигый жүрүп жатат. Анткени күнгөй бетте жайгашкан. Ал эми Кумтөр кенине жакын жердеги Лысый мөңгүсүнө өндүрүштүн таасири бар. Кумтөрдөн чыккан чаң ушул мөңгүгө түшүп, үстү карайып турат. Давыдовдун үстүңкү бөлүгү гана калган. Ортоңку жана ылдыйкы бөлүгүндө карьер бар. Бул жердеги мөңгүнү көчүрүп, консервация кылышкан. Кумтөрдүн эң негизги таасири Лысый жана Сары-Төргө тийип жатат",-деген эле Би-Би-Сиге маегинде Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов.
Өткөн жыл соңунда британ элчилиги климаттык өзгөрүүлөр Кыргызстанда мөңгүлөргө, ошол эле маалда гидроэлектр станциялардын иштөөсүнө жана айыл чарбасы үчүн кыйынчылык жарата баштаганын билдирген. 2020-жылдын соңундагы бул билдирүү Бишкекте Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган Борбор Азиядагы климаттык дипломатия жана коопсуздук боюнча долбоору талкууланган жыйында айтылган эле.
Мөңгүлөр бат эрип жаткандыктан, суулардын деңгээли көбөйгөн. Бирок, бул белгилүү бир чекке барганда тескерисинче натыйжа берет дейт изилдөөчүлөр.
"Мөңгүлөр катуу эрип, аянты азайып жатат. Ошол эле учурда суунун деңгээли көтөрүлүүдө. Эгерде 1970-жылдары Кыргызстандагы жалпы суулардын көлөмү 47 км3 түзсө, бүгүнкү күндө 52 км3 чейин жетти. Суулар дагы көбөйүшү мүмкүн. Бирок, мөңгүлөр эрип олтуруп, белгилүү бир чекке келгенде суу азайып баштайт. Биздин максат - ошол качан болоорун болжолдоп эсептеп чыгуу. Мунун кесепети кандай болот? Кандай кырдаал түзүлөт? Ошолорго алдын ала болжолдуу маалымат берүү. Суунун көбөйүп, азайышы боюнча биз туура маалымат берсек, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дагы өтө маанилүү. Суу азайса, чөлкөмдө кооптуу кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн",-дейт Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов.