You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапаровдун алдындагы орчундуу маселе - чек ара көйгөйү
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Кыргыз өкмөтүнүн расмий сайты премьер-министр Улукбек Марипов Алматыда өтүп жактан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Өзбекстан премьери Абдулла Арипов менен жолугушканы тууралуу маалымат таратты.
Өкмөттүн сайтында "кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин юридикалык жактан тариздөөнү жыйынтыктоо боюнча ишти активдештирүү жана күчтөндүрүүнүн зарылдыгын белгиленгени" айтылат. Ошондой эле өзбек тарап президент Садыр Жапаровду иш сапары менен келүүгө чакырган.
Кыргызстандын жаңы келген бийлигинин алдындагы орчундуу маселелердин бири - чек арадагы талаш жерлерди тактоо жөнүндө болмокчу. Жапаровдун бийлиги Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит коюп, тактоо иштерин аягына чыгара алабы?
"Жалпы динамика жакшы, кошуналык мамилелер жакшы өнүгүп жатат. Бирок чек ара маселесинин өзгөчөлүгү бар. Башка маселелер ага таасирин тийгизе албайт Маданий, экономикалык жана башка мамилелер өнүгө бериши мүмкүн. Бирок чек аранын чечилиши кылдаттыкты, ички жана эл аралык мыйзамдарды, сактоону талап кылат. Ошондуктан мынчада бүтөт деп баа берүү кыйын. Бардык бийлик эле келгенде чечем деп убада берип келет. Бул сүйлөшүү жүргүзүп жаткан адистердин билими, далил, аргументтерди коюшуна байланыштуу. Экинчиси, ушул маселеге чекит коюп, чечим кабыл ала турган жогорку инстанция саясий чечимге барууга даярбы? Ошого дагы байланыштуу болот",-деди чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов.
Эгемендик жылдардан бери чыңалуу жаратып келе жаткан чек ара маселеси төрт жылдан бери ачык талкуулана баштады. 2017-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Ошол убакта чек аранын 85 пайызында тактоо иштери бүткөнүн эки тарап тең жарыя кылган. Акыркы жолу өткөн жыл соңунда Бишкекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен отуруму өттү.
Анда "мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды" деп айтылган.
Бирок оор маселе али алдыда болчудай. Маалыматтарга караганда, чек ара тилкесин тактоодо тараптар Кемпир-Абад суу сактагычы жана Гавасай аймагы боюнча орток пикир таба албай турат. Ала-Букадагы Гавасай аймагында 1950-жылдары 20 миң гектардын айланасындагы жер атайын чечим менен Кыргызстандан Өзбекстанга өткөрүлгөн экен. Бирок кыргыз тарап ал канчалык мыйзамдуу болгон деген суроону коюп келүүдө. Экинчи тилке негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча.
"Коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзгөн адистердин, комиссия жетекчисинин иш билгилиги, билими өтө маанилүү. Айрым жерлерде саясий эрк дагы талап кылынат. Бардык варианттар каралышы керек. Мына, "теңме-тең алмашуу" деген термин бар. 2018-жылы бекен, Кажамжай, Сох анклавынын тегергиндеги талаштуу жерлерди ушундай жол менен чечкен фактылар бар",-дейт чек ара маселелери боюнча адис, Баткен районунун мурдагы акими Хаит Айкынов.
Талаштуу тилкелердин көбү мурдатан эле Сох, Шахимардан анклавынын айланасында жүрүп келгени маалым. Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын төрт анклавы бар: Сох, Чоң-Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө.
"Бул жерде эки тараптын тең аргументтери бар. Ошондуктан чечилбей келе жатат. Эгерде бир тараптын аргументи чын эле орчундуу болсо маселе чечилмек. Бири-бирине далилдеп бүтө албай жатат. Бул жерде саясий чечим деген функция бар да, ошондой саясий чечим керек. Талаштуу жерлерде тең бөлүш керек же алмашуу зарыл. Ал ошол жердеги элдин чарбалык ишине байланышытырылып каралышы керек",-деди Саламат Аламанов.
Эки өлкө ортосундагы чек ара 1378 чакырым. Расмий маалыматтарда чек аранын 1170 чакырымы такталганы айтылып жүрөт. Мындай саясий чечимге Жапаровдун өкмөтү барбы же жокпу аны убакыт көрсөтөт.
Экинчи маселе - Тажикстан чек арасы. Жыл сайын жаз келери Тажикстан менен чектеш Баткен облусунда чек ара чатагы чыгат. Соңку жылдары Тажикстан менен чек ара чатагын жөнгө салуу улам оорлошуп барууда. Өткөн жылдын башында эле Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Андан кийин дагы ок атышуу менен коштолгон жаңжалдар болду.
Алсак, 2019-жылы Баткендеги кыргыз-тажик чек ара аймагында ок атышуу менен 14 чыр-чатак катталып, анын жыйынтыгында эки тараптан жалпы жети киши каза таап, алтымышка жакын киши жаракат алды.
"Акыркы он-он беш жыл ичинде чек ара маселеси өзүнүн ички мазмуну, тышкы көрүнүшү боюнча мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Анан аны жергиликтүү чыр-чатак, талаш-тартышка айлантып алып, коомдук пикирди алаксыткан, негизги түпкү маңызын бурмалаган учурлар көп болуп калды. Биз баарыдан мурда мамлекеттик позициябызды тактап алышыбыз керек. Чек ара маселеси чечилбеген сайын улам курчуп отуруп, витринада көрүнгөн жагы - чек ара маселеси, ал эми көрүнбөгөн жагы - ар кандай структуралардын, топтордун кызыкчылыктарынын чиеленишкен түйүнүнө айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселеге мындан 20-30 жыл мурунку көз караш менен мамиле кылуу канчалык туура же натуура экенин так билгенибиз дурус. Азыркы абал, айрыкча курал колдонуу, бейпил жашап жаткан элдин үйүн өрттөп салуу, кишинин жеке коопсуздугуна коркунуч келтирүү жана башка ушул сыяктуу терс көрүнүштөр өтө чоң көйгөйгө айланып калды. Мына ушундай шартта мамлекеттин салабаты, күчү, бекем позициясы, биримдиги сезилип турууга тийиш",-деген эле Би-Би-Сиге маегинде Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова.
Өткөн жыл соңунда Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда Баткенге барып: "Элдин жашоосу, чоңдордун бул аймакка дээрлик аз келиши, бүтпөгөн чек ара чырлары менин көңүл чордонумда дайыма турат",-деп айтканы бар.
"Мен билгенден Тажикстан менен бир метр дагы чек ара такталган учур боло элек. Эки тарап эки башка карта менен иштеп, кызыкчылыктар дал келбей улам сүйлөшүүлөр артка жылдырылып келе жатат. Албетте, бул жерде дагы Өзбекстан менен болгон мамиледей эле бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек, алмаштыруу жолу, дипломатиялык сүйлөшүүлөр менен чечүүгө жол табыш керек. Биз кандай болгондо дагы жаңы бийликти чоң үмүт менен карап турабыз. Айрыкча көйгөйлүү болгон Баткен, Лейлек районундагы чек ара маселесин чечип берсе деген үмүт менен турабыз",-деди Чек ара маселелери боюнча адис, Баткен районунун мурдагы акими Хаит Айкынов.
Садыр Жапаров ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө чек ара маселесин козгогон жок. Бирок коңшу өлкөлөр тууралуу: "Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да кыргыз калкына ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз менен тарыхыбыз да жалпы, тагдырыбыз да жалпы",-деп айтты. Эми ушул жалпылык чек ара маселесинен табылар бекен.