You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Чек арадагы уруш-талаштар балдарды кызуу кандуулукка тарбиялап койду"
- Author, Аскар Баймуратов & Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си
Чек ара чатагында ок тийип жаракат алган эки кишинин абалы жакшы, аларга операция жасалды деп билдирди Баткен облустук ооруканасынан. Учурда аймакта кырдаал турукташып, жаңжалга себеп болгон тосмо алып салынган.
"Бизге алты киши келип түшкөн. Экөөнүн жарааты октон болгондуктан, аларга операция жасалды. Абалдары жакшы. Ал эми калгандарына таш тийип келген. Жеңил жаракат алгандары бүгүн-эртең ооруканадан чыгып кетет",-деди травматология бөлүмүнүн башчысы Кудайберди Жаныкулов.
Чек арадагы жаңжалда жергиликтүү кеңештин депутаты Аманбай уулу Абдилакимдин колуна ок тийген. Ал элди жайгаруу үчүн барган.
"Колумдун сөөктөрү аман экен. Булчуң этине тийип тешип өтүп кетиптир. Эми чек аранын аныктап тактоонун өзүндө чоң суроолору бар. Эл менен бийликтин ортосунда дагы бул жерде түшүнбөстүктөр көп. 28 жылдан бери чыр менен эле келе жатабыз. Ошондо төрөлгөн бала эр жетти. Биз аларды абдан кызуу кандуу кылып тарбиялап койдук. Чек араны зым менен тоскондо деле чатакташа бериши мүмкүн. Ошондуктан биз түтүмдүү мамиле кылганды үйрөтүшүбүз керек окшойт. Эки тажиктин башы бириксе, кыргыз жаман. Эки кыргыздын башы бириксе, тажик жаман деген мамилеге өтүп алдык. Тажиктер дагы улам талаштуу делген аймактарды өз алдынча эле ээлеп алууга кызыкдар болуп жатышпайбы. Чек аранын эки тарабында тең жаштар бири-бирин жакшы көрбөйт. Мурдакыдай аласа-бересе дагы токтоп калды. Элге дагы туура маалымат жетпей калып жатат",-деди Аманбай уулу Абдилаким.
Чек ара чатагына тургундарды аралаштырбоо аракети
Кечээги жаңжалдан кийин бийлик өкүлдөрү чек ара маселесине жергиликтүү тургундарды аралаштырбай, тиешелүү органдардын гана иш алып баруусу тууралуу сүйлөштү.
"Кечээ кечинде Баткендеги өкмөттүн өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода Көк-Ташта жолугушту. Такталбаган чек ара тилкелеринде курулуштарды токтотуу боюнча маселе козголду. Эки тараптан тең эч кандай өз алдынча аракеттер жасалбай турган болуп макулдашты. Тажикстандын облустук милициясынын жетекчиси эгерде ушундай маселе чыкчу болсо, элди, чек арачыларды аралаштырбай эле милиция чечсин деген маселени айтты",-деди Баткендеги өкмөт өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов.
Баткен аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында апта башынан бери үчүнчү ирет чыр-чатак чыгып, соңку жаңжалда алты киши жаракат алды.
Баткендин Көк-Таш айлындагы чек ара жакын аймактан өткөн жолдон кыргыз жаранын тажикстандыктар сабап кетишкен. Андан кийин эки тараптан кишилер топтолгондо бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын жетекчилери окуяга болгон жерге барышкан.
"18-декабрда саат 11:30да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана күч органдары сүйлөшүп жаткан маалда тажик тараптан белгисиз адамдар Кыргызстандын жарандары турган тарапка таш ыргыта баштаган. Буга жооп кылып ыргытылган таштардан тажик жарандарынын эки унаасынын алдыңкы терезелери сынган. Жыйырма мүнөттөй убакыт өткөн соң тажик тараптан ок атылып, ИИМдин бир аскер кызматкери жараат алды",-деп билдирди Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева.
Sputnik Тажикистан сайтына чек арадагы тажик конуштарынын тургундары "чагымчыл аракеттер кыргыз тараптан болуп жатканын" айтып беришкен.
Мындан эки күн мурун эле чек арадагы тактала элек тилкеге тажик тарап тосмо тургуза баштаганда чыр чыккан экен.
Быйылкы жылы ок атышууга жеткен бир нече чатакташуу катталды. Сентябрь ортосунда чатактан кыргызстандык аскер каза таап, жетөө жарадар болгон. Андан тышкары жайкын тургундар арасында жетөө октон жаракат алды.
Бул окуядан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нааразылык нотасын жөнөткөн эле. Тажик тарап үч чек арачысы каза тапканын айтып, Кыргызстанга жооп кылып, нааразылык нотасын жолдогон.
Июль айында катталган жаңжалдан кийин президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушкан эле. Алар чек ара тилкелеринде коопсуздукту камсыздоо, чатакташууларды болтурбоо убадаларын берген. Бирок андан бери деле ондон ашуун ар кандай мүнөздөгү чек ара чатагы болду. Акыркы учурларда мындай чатакташуу учурунда курал колдонулган учурлар көп болуп жатат.