You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолукту
Кыргыз-тажик өкмөт башчылары "Кызыл-Бел" өткөрмө-көзөмөл бекетинде өттү.
"Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары курал колдонулган окуя аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келгендигине байланыштуу өкүнүч билдиришип, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтышты. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен көп пландуу иштерди активдештирүү жана топтолуп калган чек ара маселелерин жоюу тууралуу ойлорун айтышты. Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода буга чейин жетишилген макулдашуулар боюнча эки жактуу колдоону жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгын ырасташты",-деп кабарлады өкмөттүк булак.
Тараптар чек ара тилкесиндеги тургундар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, чыңалуу жана кырдаалды курчутууга жол бербөө жагын талкуулаган.
Чек ара чатагы болгон аймакка барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү күчөтүп, чек араны чечүү өкмөттүн алдындагы биринчи жумуш болорун убада кылды. Бирок жергиликтүү тургундар өкмөт убададан ишке өтүүсүн талап кылууда.
Ал ортодо окуя убагында жаракат алган он киши Бишкекке жеткирилди. Үч чек арачы Лейлектеги ооруканда экени, алардын абалы оор бойдон калганы айтылууда.
"Кечээ күнү он үч киши Лейлек аймактык ооруканасына түшкөн. Алардын ону Бишкекке алып келинди. Бешөө аскер кызматкерлери, бешөө жайкын тургундар. Алардын ичинен экөө аял киши, бирөө өспүрүм бала. Булар учурда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунда дарыгерлерди кароосунда. Көпчүлүгү октон жарадар болгон. Ал эми калган үч чек арачынын абалы оор болуп, алып келүүгө мүмкүн болбогондуктан Лейлектеги ооруканда калды. Алардын бирөөсүнө операция жасалды, азыркы учурда экинчисине операция жасап жатышат",-деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.
Мунун алдында эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Баткен аймагындагы чек ара чатагына байланыштуу Тажикстанга нааразылык нотасын жөнөттү.
Министрликтин нотасы Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзодага тапшырылды. Анда "Максат" жана "Сай" бекеттеринде болгон чек ара чатагында Тажикстандын чек арачылары мыйзамсыз аракетке барганы сынга алынган.
Ошондой эле, тажик тарап биринчи болуп ок атып, анын кесепетинен кыргызстандык аскер каза таап, жетөө жарадар болгону айтылат. Андан тышкары жайкын тургундар арасында жетөө октон жаракат алып, бирөөсү өспүрүм бала болгону көрсөтүлгөн.
Тажик тарап өз кезегинде чатакты ырбатты деп Кыргызстанды айыптады. Исфара шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Икбол Тешаев Sputnik агенттигине Кыргызстан тактала элек чек ара тилкесине курулуш иштерин жүргүзбөө тууралуу 2014-жылдагы макулдашууну бузду деп айткан. Тажик тарап үч чек арачысы каза тапканын айтууда. Кечке маал Тажикстан Кыргызстанга жооп кылып, нааразылык нотасын жолдоду.
Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек ара тилкесинде бир нече чыр-чатак катталды. Июль айында катталган жаңжалдан кийин президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушкан эле. Алар чек ара тилкелериндеги айылдардагы коопсуздукту камсыздоо, чатакташууларды болтурбоо убадаларын берген.